Кубат Оторбаев, КТРКнын баш директору: «КЫЗДУУ БОЛУП КУБАНЫП ЖҮРӨМ»

Коомдук телерадио корпорациясын же эски “КыТыРы” каналын ким көрбөйт? Айыл-кыштактарды, бүтүндөй өлкөнү камтыган телеканал дайыма кызуу талкуунун чордонунда. Андыктан КТРКнын баш директору Кубат Оторбаевдин кабинетине баш багып, бул кишинин өмүр таржымалы, журналисттик карьерасы жана жакынкы пландары тууралуу баарлаштык...

– Быйылкы кыш башкача суук болуп, жазга кезек бергиси келбей, көпкө созулуп турган чагы. Айрымдар азил-чыны аралаш “весна не будет” деп да жатышат. Жазды сагындыңызбы?
– Бул кыш өзгөчө суук, өзгөчө узак, өзгөчө суз сезилди. Элдин баары чарчады окшойт. Баарыбыз жазды сагынып, аны менен жакшылыкты, жан дүйнөдөгү гармонияны, элдин тынччылыгын, өлкөнүн аман-эсен бутуна турушун каалап жатсак керек. Жаз – табияттын туундусу, ал ар бир адамга өз таасирин берет. Мага да жаз жагат.

– Туунду демекчи, сиздин биринчи жазган макалаңыз эсиңизде калганбы?
– Мектепте окуп жүргөндө эле райондук гезиттерге жаза баштагам. Анын биринде “Кыргызстан пионери” басылмасына “Жазында ар бирибиз бирден көчөт тигели” деген макаламды биринчи бетке жарыялашкан болчу. Алгачкы макалалар көбүнчө репортаж же чакан этюддар эле. “Ленинчил жаш”, кийинки “Асабага” Алыкул Осмонов тууралуу жазганымды да алгачкы макалалардын катарына кошсом болот.

– Кимден улам таасирленип, чыгармачылык дүйнөсүнө баш багып калдыңыз эле?
– Ата-энем өмүрүн мектепке арнап, балдарды тарбиялоо менен алек болушту. Атам Табылды физика жана астрономия сабагынан окутчу. Азыр пенсияда. Апам Турсунай мектепте математика, алгебра сабактарынын мугалими болгон.
Атам физик болгону менен, ыр жазып жүрчү экен, аны кийин билдим. Апам жактан таятам сөзмөр киши эле. Бирок эң чоң таасирди чоң энемден алдым. Ал киши былтыр каза болуп калды. Чоң энем өзү уз болгондуктан, анын жасаган шырдак, кийиз, тебетей, тон, ичиктерин карап эле отурчумун. Жүндү түркүн түскө боёп, андан жакшынакай шырдак чыгып калганы мени таң калтырчу.

– Кандайча журналистика факультетине тапшырып калдыңыз?
– Атам экөөбүз менин кесибиме байланыштуу көпкө ойлондук. Ал мени айыл чарба жагына жакын болсун деди. Шаарга келип Айыл чарба институтуна тапшырдым, бирок сынактан өтпөй калдым. Кийинки жылы атама “сиздин вариантыңыз болбой калды, эми мен өзүмдүн вариантым менен тапшырып көрөйүн” дедим. Ошентип, Улуттук университеттин журналистика факультетине өтүп кеттим.

– Келинчегиңиз кайсы кесиптин ээси?
– Мен окуган кезде журналистика факультети кыргыз филологиясы факультетинин курамында болчу. Окуудан таанышып калдым. Келинчегимдин аты Нурипа, мен Нури деп чакырам. Эми студенттик күндөр өзүнчө романтика да. Нуриге назарым түшүп калып, кийин үйлөнүп алдык.
Окууну бүткөндөн кийин мугалим болуп, кийин гезиттердин биринде иштеди. Азыр үйдө, балдарды тарбиялап, өстүрүү менен алек.

– Балдарыңыз студент болууга жарап калдыбы?
– Жок. Эң улуу кызым быйыл мектепти аяктап жатат. Азыр каякка тапшырсак деп катуу ойлонуп жаткан учур. Өзү да зирек кыз. Кыргызстандагы эле жогорку окуу жайлардын бирине тапшырат. Чет мамлекетте окутканга деле шартыбыз жок.
Кийинки эки уулумдун бири мектепте, экинчиси бала бакчага барат. Жакында эле дагы бир кыздуу болгонбуз. Азыр наристенин тегерегинен чыкпай, баарыбыз сүйүнүп отурабыз.

– Айлык акыга көз карандысызбы? Балким, “Азаттыкка” салыштырмалуу КТРКнын директорунун маянасы аздыр же кошумча киреше булагыңыз барбы?
– Менде бизнес жок. Мурун чакан дүкөнүбүз бар эле, аны үй курарда сатып жибергем. Ошондуктан айлык менен гана жашайм.
Жумушка келсек, бүгүнкү ишимдин масштабы жана жоопкерчилиги чоң. Жакшы бир максатыбыз бар. Каналды оңдоп, ошонун шооласы элге тийсе, маалыматыбыз калктын билиминин жогорулашына, аң-сезиминин кеңейишине жардам берсе деген тилек. Кандайдыр бир деңгээлде ушул ишим аркылуу мамлекетти түзүүчүлүк, куруучулук иш менен алекмин десем болот.

– «Устатым ушул киши» деп кимди айта аласыз?
– Бир топ жерде иштедим. “Асабада”, Британиялык согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунда (IWPR) Чынара Жакыпова менен, “Кыргыз рухунда” Султан Раев менен иштедим. “Азаттык” өзүнчө чоң мектеп болуп берди. Азыр деле КТРКда окуп-үйрөнүп жаткан агай-эжейлер, ини-карындаштар бар. Билим алууга эч качан кеч эмес жана анын эч намысы жок.

– Быйыл 40 жашка чыгат экенсиз. Психологияда “кризисный возраст” деп да коюшат. Артка кылчайганда, кайсы аткарылган жана аткарылбаган пландарыңыз көрүнөт?
– Бала чакта таанымал адам болсом деп кыялданчумун. Ал орундалгандай болду, мени көп кишилер тааныйт.
Курак боюнча, ушул 40 жашка келгенде адам жасай турган иштердин 90 пайызын жасадым деп ойлойм. Дагы бир-эки иштерим бар эле, аларга үлгүрбөй калдым. Менин жакындарым берген баага таянсак, кайсы ишти жасабайын, менин абийирим таза сакталды. Аткарылбаган пландарды ачыкка чыгарбай турайын, анткени ишке ашпай калуу коркунучу туулат.

– Эс алууга өзүнчө убакыт бөлөсүзбү же жумуш деп аны да курмандыкка чалып коёсузбу?
– Дем алыш күндөрү эс алганга анча-мынча убакыт табылат. Бирок спорт менен алектенүү үчүн жуманын аягында катуу чарчап калам. Үйдө тынч, бир бөлмөдө жалгыз отуруп эс алганды жактырам. Телевизор менен радиодон алысыраак болуп... Бирок болбой эле башталат, баары бир экөөнү тең карап-тыңдап туруу керек болот. Телефонду да эч качан өчүрбөйм.

– Президент Алмазбек Атамбаевди жакындан билген адамсыз. Премьердин өкмөт жыйындарында министрлерге катуу талап коюп, зекип урушканын көрүп калабыз. Президент да талапты катуу коёбу?
– Ооба, өзү да эрки күчтүү адам. Муну эмнеге айтып калдым? Алмаз Шаршенович эки чоң ыңкылаптын башында туруп, аларды уюштурган.
Аны менен 1996-жылы таанышкам. Мен анда “Асаба” гезитинде иштеп, парламенттин жаңылыктарын жазчумун. 2000-жылы президенттик шайлоодо анын командасында иштеп калдым. 2010-жылы 6-апрелде оппозициянын бардык өкүлдөрүн камай башташпады беле. Түнкү саат 11де барып калсам, Алмаз Жолдошалиев деген жигит баштаган спецназ бөлүгү Алмазбек Атамбаевдин үйүн курчап, аны камаганга аракет кылып жатыптыр. Жолдошалиевге УКМКдан улам чалып, “тез алып келгиле” деп жатышты. Анткени камалбагандан бирөө гана – Атамбаев калган. Атамбаев “балдарым менен жубайым үйдөн чыгып кетсин, анан мен барам” деп туруп алды. Буга көнбөгөн спецназ эшигин темир араа менен араалап, жан сакчы жигиттерин дубалга такап, 1937-жылдагыдай окуялар элестеп кетти. УКМКнын түрмөсүнө бара жатып: “Кубат, бекем тургула, буюрса, бул бийликтин күнү бүтөт”,- деди.
Мына, президент иштеп турган 100 күндүн ичинде эле багыттар аныкталып, айрыкча тышкы саясатта жылыштар болду. Орусия менен тең ата мамиле жасай аларын, жакын арада көптөгөн тармактарды жакшыртса болорун көргөзө баштады.

– Азыр президенттин демилгеси менен коррупцияга каршы күрөш башталды. Күрөш айрым депутаттардын коррупциялык иштерине чейин жетти. Жазында митингдердин доору башталарын, оппоненттеринин биригип жатканын билип туруп, президенттин ушундай кадамга барышын өлкө кызыкчылыгы үчүн өзүн отко салып берүү катары баалоого болобу?
– Ооба, бул иштер оор. Бирок бул киши ишти баштаса, аягына чыгарат. Биздин Баш мыйзамдын арты менен чогуу бир иштерге тез аранын ичинде жетүү мүмкүнбү, ушуну карап көрүш керек. Анткени анда адам укуктарына, анын эркиндигине, оппозициянын мүмкүнчүлүктөрүнө чоң маани берилген. Мунун баары президенттин иштерине салым кошобу же зыянын алып келеби, азыр текшерүүдөн өтүп жатат.

– КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчөлөр кайрадан дайындалып жатат. Каналга таасир этүүнү каалаган күчтөр Байкоочу кеңешке өз адамын киргизүүгө жан талашып жатышабы?
– Байкоочу кеңеш президент, парламент, коомчулук сунуштаган, ар биринин атынан чыккан он беш адамдан турат. Коомчулуктан 58 адам талапкерлигин коюптур. Бул өзүнчө бир ажиотаждан кабар берет. Байкоочу кеңешке максатын жакшы түшүнбөй документ тапшыргандар көп. Жумуштун кызмат эместигин, айлык, катчы, машина, кабинет жоктугун билбегендер да бар экен. Экинчиден, мыйзам боюнча, алардын укуктары, милдеттери так белгиленген. Жаңы курамга кандай адамдардын келери табышмак.

– Сиз да өзүңүздү колдой турган адамдардын Байкоочу кеңешке келишине аракет кылып жатасызбы?
– Мен, ачыгын айтканда, бир ишти экинчиге өткөрүп берүүдө азыр иштеп жаткан кеңештин курамындагы 3-4 адамдын калышын каалайм. Жаңы Байкоочу кеңешке аларды шайлап беришсе, эч ким зыян тартпайт эле. Чогуу иштешип калдык. Күйсөм ошолорго күйүп жатам.

– Жакынкы пландарыңыз кандай?
– Алдыда Нооруз, 24-март, 7-апрель сыяктуу чоң иш-ча­ра­лар турат. Биз аларды жетки­ликтүү деңгээлде чагылдырып беришибиз шарт. Андан тышкары 8-апрелде КТРКнын баш директору болуп иштеп жатканыма эки жыл толот. Байкоочу кеңештин эски-жаңы курамдарына ишимдин жыйынтыгын тааныштырып, чоң отчёт берсем деген оюм бар.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
apa
2012-03-19 14:00:51
Азаматсыз Кубат мырза!Эгерде сиз КТРде дагы көпкө иштейин десеңиз Мырзакулга окшогон КТРны чириткендердин тилине кирбей,өз позицияңызды бербей,бир аз чечкиндүү болуп,анан дагы кээ бир редакциялардагы продюсер болуп алган бухгал-терлерди кызматтан албасаңыз,алар чыгармачылыкты дагы чыгармачыл чөйрөнү дагы түшүнбөйт жана сизди уят, КТРди бонкрот гана кылат.Бир жегенде 20миң долларлап жегендер ошолор.Тойгончо
0
ussofa
2012-03-20 22:15:08
уй-булоонуз менен аман болунуз...
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан