ГҮЛАНДА

Жакындан бери «Эх, сүйүү», «Махабат багы», «Менин сүйүүм» аттуу ырлары менен көпчүлүк-түн сүймөнчүлүгүнө арзый баштаган жаш ырчы кыз Гүланда менен тааныштырабыз.

Гүланда 1983-жылы 8-мартта Нарын областынын Акталаа районунда төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары түрдүү тамактарды жасоону жакшы көрөт. Учурда Кыргыз Техникалык университетин бүтүрдү жана «Ай Теңир» тобунун солисткасы.

– Гүланда, «Ай Теңир» тобуна кандайча келип калгансың?
– Негизи, мен 7 жашымдан тарта ырдап келем. Мектепте окуп жүргөнүмдө көп деген кароо-сынактардан алдыңкы орундарды алчумун. Мектепти бүтүп, студент болгонумда университеттер арасындагы конкурстарга, КВНдерге катышып жүрүп, сахнанын ан­ча-мынча сырлары менен тааныш болуп калгам. Андан тышкары шаардагы кафелерде ырдачумун. Кафеде ырдаганым менин чыгармачылыгыма чоң пайдубал болду десем болот. Ошол учурда бир кечеге ырдаганы барып Айбек байке менен таанышып калдым. Айбек байкеге менин ырдаганым жагып калып, бирге иштешүүнү сунуш кылган. Ошентип чогуу иштешип калдык. Чыгармачылыктын түй­шү­гүн чогуу тартып келатканыбызга жарым жыл болду.
– Алты айдын ичинде эмнеге жетише алдың?
– Көп эле нерсеге. Айбек байке экөөбүз жаңы дуэт жаздырдык. Клип тарттырдык. Андан тышкары гастролго чыгып келдик. Жакында болсо борборго Айбек байкенин туулган күнүнө арналган концерт бердик. Аз да болсо элге тааныла алдым. Ошондой эле Айбек байкеден ырларды элге жеткире аткарууну үйрөн­дүм.
– «Ай Теңир» тобунан бөлүнүп, жеке чыгуу план­да­рыңда барбы?
– Жеке ырдап чыгуу жакынкы пландарымда жок. Себеби, жеке ырдап чыкканга мен азырынча даяр эмесмин. Ал эми андан аркысын убакыт өзү көрсөтөөр.
– Гастроль учурунда кызыктуу окуялардан айта кетсең?
– Кызыктуу окуялар көп эле болот экен. Гастролдоп айыл жергесине барып калдык. Залдагы күйөрмандардан каттар түшүп жатты. 1-класстын окуучусу жазган катты алып окусам: «Гүланда эже, сиз мага абдан жагып калдыңыз, эгерде мен сиз менен тең болгонумда ала качып кетмекмин» деп жүрөт. Мен катты окуп бү­төө­рүм менен зал «дуу» эте күлүп калганы эсимде.
– Ата-энең ырчы болушуңа каршы эмеспи?
– Алгач каршы болушкан. Азыр болсо ырдаганымды, ырларымды элдер жакшы кабыл алып жатканын көрүшүп каршы болбой калышты.
– Кыялыңдагы ханзаадага жолуккансыңбы?
– Жолуккам. Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө беш жыл болду.
– Ал ханзаада ырчылык кесибиңе каршы эмеспи?
Өзү чыгармачылык чөй­рөдөн алыс болсо да мени түшүнүп, колдоп турат.
– Турмушка чыккандан кийин ырдаганыңа тыюу салып койсочу?
– Анда баш ийүүгө туура келет да. Анткени, аялзаты үчүн үйбүлөлүк бакыт биринчи орунда эмеспи.
– Өз кесибиң менен энергетик болуп иштөө­­нү каалайсыңбы?
– Мен ырдаганды канчалык жакшы көрсөм да, ырчылык менин хоббим бойдон кала берет. Ал эми өз кесибим менен азыр болбосо да, кийинчерээк иштеп калышым толук мүмкүн.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 196, 4-10-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан