БЫЙЫЛ СӨЗСҮЗ КҮЙӨӨГӨ ТИЕМ–2

Режиссёру – Динара Эсенгулова.
Продюсери – Ырыс Жоомартова.
Оператору – Тынчтык Акималиев.
Сүрөтчүсү – Орозбай Абсатаров.
Башкы ролдордо – Назира Айтбекова (тасмадагы аты – Рахат), Даниель (Адил), «Non-Stop» дуэтиндеги Максат (Самат) менен Чолпон (Акыл), Бакыт Байсариев (Эрмек), Бегимай Эсенгулова (Жамиля) жана башкалар.
Сценарийин жазгандар – Динара Эсенгулова, Нурзат Мамбеталиева.
Узактыгы – 1 саат 40 мүнөт.

КАЙРАДАН «БЫЙЫЛ СӨЗСҮЗ КҮЙӨӨГӨ ТИЕМ»
Кыргызстан эгемендүүлүк алган соң сахнада ырчылар көбөйсө, азыр кино жааты өнүгүп, жаш актриса-актёрлор, таланттуу режиссёрлор пайда болгон учур. Албетте, бул тасма тармагы үчүн жакшы көрүнүш, өсүү-өнүгүү эмей эмне?!
Былтыркы жылы кинотеатрдын эшигин тыткан кино сүйүүчүлөрү үчүн дагы бир жакшы жаңылык болчудай. Анткени 26-28-мартта Каракол шаарында, 1-18-апрелде Бишкекте, апрелдин ортосунан баштап Ош, Жалал-Абад шаарларындагы кинотеатрларда «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием» тасмасы кайрадан коюла баштайт.
Баса, бул фильмдин уландысы да тартылуу алдында турат. «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-2нин» негизги бөлүгү Бишкекте, калгандары Кыргызстандын эң кооз жерлеринде жана чет жакта тартылмакчы.

КИНО – КЫЙНООБУ?
Заман агымы бирде ылдый, бирде өйдө болуп, турмуш өтө берет экен. Совет доорундагы сапаттуу фильмдерге көнгөн кыргыз көрүүчүлөрү кыргыздын жакынкы жылдардагы тасмаларынын сапатына ичи чыкпай жүрдү. Көч бара-бара түзөлөт эмеспи, эми сапаттуу, кызыктуу тасмалар да тартыла баштады. Азыр бизде кыргыз-орус тилдеринде алгылыктуу фильмдер тартылып жатат. Көбүн сынга алганга туура келсе, кээ бири мактоого арзыйт. Ал эми «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием» жаштарга жаккан кино экенин билебиз. Бул фильм – шоу дүйнөсүндө продюсер катары таанылган Динара Эсенгулованын кино талаасындагы биринчи эмгеги. «Кылым жаша, кылым оку» деп орус туугандар айтмакчы, Ырыс Жоомартова менен Динара Эсенгулова жакында режиссёр Эрнест Абдыжапаровдон мастер-класс алышарын айтышат.
Ырыс Жоомартова дегенде, албетте, көпчүлүк көрөрмандын көз алдына «Министрдин кызынын махабаты» аттуу тасма тартылары анык.
Тасманын продюсери Ырыс айым:
– Ал фильмге тартылган соң көчөдө көргөндөр мени колу менен көрсөтүп калышкан эле. Негизи, жаш кезде эле актриса болуу, кино тартуу кыялымда бар эле. Өзүм Кыргыз улуттук университетинде психологиядан сабак берем. Кесибим башка болгону менен, кинону хобби катары көрөм. Ошондуктан киностудия ачтым. Тасма айдыңындагы режиссёрлор менен «Дудук кыз», «Жараланган турналар» фильмдерин тартканга жетиштик.
«Жараланган турналарда» Динара менен жакындан таанышып, экөөбүз «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием» фильминин үстүндө иштедик. Ошол эле учурда «Токолдор тополоңу» деген кинону жарыкка чыгардым. Бүткөн ишти отуруп алып сындап коюш оңой. Бирок анын артында канча эмгек жатканын баары биле бербейт. Асылбек Өзүбеков ырдагандай, кинонун кыйноо экени чындык. Биздин тасмаларга карата айтылган сын-пикирлерди түшүнүү менен кабыл алам. Кинонун 1- бөлүгүн тарткан соң бизде тажрыйба пайда болду, эми заманбап жаңы технологияларды колдонуп тасманын 2-бөлүгүн жакшы деңгээлде тарталы деп турабыз,- дейт.

БЕГИМАЙ ТУРМУШКА ЧЫКТЫ, МАКСАТ ЭМИ КИМДИ СҮЙӨТ?
Эсиңизде болсо, фильм сүйүшкөн үч жуп: Самат+Жамиля, Рахат+Эрмек, Адил+Акыл «быйыл күздө үйлөнөбүз» деп кол кармашкан жеринен бүтөт. Көпчүлүк тасманын уландысын күткөн эле. Кызыгы Жамилянын ролундагы Бегимай Эсенгулова тасмадан кийин турмушка чыгып кеткенинде болду. Андыктан 2-бөлүгүн тартууда режиссёр сценарийин өзгөртүүгө мажбур.
Динара Эсенгулова кинонун 2-бөлүгү тууралуу буларга токтолду:
– Ырыс Жоомартова менен тасма талаасында тааныштык. Экөөбүздүн мүнөзүбүз эки башка болгону менен, чыгармачылыктагы көз карашыбыз туура келди белем, биргеликте кино тартып, эми 2-бөлүгүн жаратууга бел байладык.
Фильмдин 1-бөлүгү «баарыбыз үйлөнөбүз» деп кол алышкан жеринен бүтөт. 2-бөлүгүндө үйлөнүү маселесине чоң чекит коюуну туура көрдүк. Бегимай турмушка чыккандыгына байланыштуу сценарий өзгөрүп кетти. Эми ал жолдошу менен тартылат. Тасмада Жамиля турмушка чыгып кеткени көрсөтүлөт.
«Саматтын (Максат) тагдыры эмне болот?» деген суроо жаралышы мүмкүн. Албетте, кинодо бардыгы дос болгондуктан, Саматтын маселесин чогуу чечүүгө аракеттенишет. Сүйгөн адамы менен бирге боло албагандыгына байланыштуу Самат депрессияга түшкөнүнөн достору жардам берүү, башка кыз менен тааныштыруу чараларын көрүшөт. Ошондуктан бул киного негизги жаңы каарман кошулат. Азырынча башкы ролго ким тартылары белгисиз. Кыскасы, окуя чиелене берет. Ал эми кинонун аягы жуптардын үй-бүлө куруусу менен аяктайбы же дос боюнча калабы, аны тасмадан гана көрө аласыздар.

«ЭРКЕКТЕР АЗ, КЫЗДАР КӨП, ОШОН ҮЧҮН...»
Бул фильмди көбүнчө кыздар кызыгып көрүштү окшойт. Кинотеатрдан чыккан мырзалардын кыздарды тамашалай «баскан жолубузга шекер сээп, бүбү-бакшыларга барып ысытма-суутма кылат экенсиңер да, ээ?» деген сөздөрүн угуп калган жайыбыз бар. Ошондуктан кинонун идеясы, максаты тууралуу билгибиз келди.
Режиссёр бизге мындайча түшүндүрүп берди:
– Адам баласынын бул дүйнөгө келген максаттарынын эң негизгиси, менин оюмча, үй-бүлө куруп, артына из калтыруу. Азыр чет мамлекеттерде «үй-бүлө күтпөй деле койсо болот» деген түшүнүк бар. Ошондой пикирден биздин жаштар алыс болуп, жашоодо достукту, сүйүүнү, ынтымакты даңазалап, үй-бүлө күтүшсүн деген эле ой. Статистикага таянсак, эркектерге караганда айымдар көп. Мына ошондой маселелерди кандай чечсе болот, негизи эле бул жашоодо үй-бүлө курууда болобу же башка жааттабы, айтор, адам бир нерсеге жетүү үчүн эмгек, аракет кылуу керек экенин көрсөткүбүз келген. Ар бир адамдын жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктар болот. Ошол өйдө-төмөн учурду сынып калбай, мүңкүрөбөй жеңип жаша деген ойду берели дедик. Ошондуктан тасмада жашоодо болуп жаткан кадимки көрүнүштөрдү, маселелерди, аны менен катар күлкүлүү, романтикалуу окуяларды камтыйбыз.

Бурул Исмаилова
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Asus84
2012-03-26 10:27:01
мм бир жолу коруш керек экен
0
jazz007
2012-03-26 10:59:05
Биринчиси мага аябай жаккан.Экинчисин кутолу.
0
kyrgyz007
2012-04-01 01:48:19
jazz007, birinchisin kaysil sayttan korso bolot???
0
egemberdievagulbara
2012-03-26 18:43:25
Азаматтар кыргыздын киносудо онуксун!
0
altyshka1992
2012-03-27 01:08:03
1 kaidan korso bolot.? kaisy saittan?
0
gunsNroses
2012-03-27 15:37:58
Даниель красавчик,менин баламдын аты да Даниель
0
akiykat
2012-03-27 17:34:09
Бул фильмдин жузу Назира Айтбекова болуптур. Негизи бул кыздан жакшы кино актриса чыкчудай... Бали, бали аракетине берекет берсин!
0
240989
2012-03-27 19:14:00
кино чыныгы жашоодон алынган ДАНИЕЛ чыныгы жашоодо врач болсо болгудай!
0
AiTuShKa
2012-03-28 21:12:47
Чопага балдардын атын коюп койгонбу? мен бир да Акыл деген кыздын атын уга элекмин...:)
0
zur
2012-03-29 02:22:55
бул кинону кайдан таап корсо болот
0
bekjangold
2012-03-29 17:03:34
Озбектердей болуп ырчыларды киного тартуу оорусу бизге эми аран келди окшойт
0
isana
2012-03-29 23:21:13
Кыргызымдын кинолору онуго берсин! 'Супер Инфо' ушундай жанылыктарды гезит аркылуу элге жеткирип журо бериниздер рахмат сиздерге!!!
0
ZarinaSM
2012-03-31 22:06:14
мана бегимайдын кйоосу жакты))))))
0
alimka
2012-04-01 19:13:29
zur тура айтат кайдан таап корсок болот яяя мааниси кандай болду экен.
0
maryam
2012-04-02 08:16:21
maga birinchisi jakkan. inshallah ekinchisi da jakshy bolottur. ishterinize iygilik. Akyrky kundoru chininda ele kyrgyz kinoloru koboyup jana sapaty da jakwyryp kelet.
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан