ТОП ЖЫЛДЫЗДАРДЫН КЫРГЫЗЧА АТАЛЫШЫ КАНДАЙ?

АТАЛЫШТАРЫ МИФТЕРДЕН АЛЫНГАН
Баарыбызга белгилүү болгон 12 топ жылдыздын (зодиак белгилери) аталышы бар. Алардын 10уна ат байыркы гректер, ал эми экөөсүнө (Тараза, Суу куяр) башка элдер тарабынан ыйгарылган. Жылдыздардын аталып калуу тарыхы мифтерде кандай берилерин баамдап көрөлү.

Кой. Афаманта менен анын аялы Нефеланын (булуттардын Кудайы) Фрикс деген уулу, Гелла деген кызы болот. Кийин Афамантанын Ино деген аялы эки баланы өлтүрмөк болгондо аларды куткарып келүүгө Нефела алтын жүндүү койду жиберет. Качып баратышканда Гелла сууга кулап кетет. Фрикс койду Кудай Зевске арнап курмандыкка чалат да, Зевс койду асманга алып кетет.
Букачар. Кудай Зевс кардай аппак букачарга айланып, Финикиянын ханбийкеси Европаны уурдап кеткени айтылат. Топ жылдыз Зевс айланган букачардын кейпинен улам аталган экен.
Эгиздер. Кудай Зевстин Леда деген аялынан Кастор жана Полидевк аттуу эгиз баатыр уулдары болот. Салгылашта Кастор курман болот. Полидевк атасына "мени да түбөлүк жашоо мүмкүнчүлүгүнөн айры" деп кайрылат. Зевс аларды асманга жайгаштырат.
Бөйөн. Геракл сазда жашаган 9 баштуу жыланды өлтүргөнү жатканда бутуна бөйөн жабышат. Геракл бөйөндү дароо өлтүрөт. Аны Гера (Зевстин карындашы жана аялы) байкап калып, бөйөнгө ыраазы болуп асманга жайгаштырат.
Арстан. Бул топ жылдыз Гераклдын 12 баатырдыгынын биринин урматына аталат. Баатыр адамдардын үшүн алган зор арстанды колу менен муунтуп өлтүрөт.
Бийкеч. Көпчүлүк мифтерде бул топ жылдыз Кронос менен Реянын кызы, түшүмдүн Кудайы болгон Деметранын (Зевстин карындашы жана жубайы) урматына аталган делет.
Тараза. Бул топ жылдызга атты рим астрономдору ыйгарышкан. Мифтердин көбүндө топ жылдыз колуна тараза кармаган аялдын (акыйкаттын Кудайы Фемида болушу мүмкүн) кебетесин чагылдырат.
Чаян. Алп аңчы Орион Кудай Артемиданын жинине тийип коёт. Артемида чаянга "Орионду чагып өлтүр" деп буйруйт. Анан чаян эмгеги үчүн асманга жайгаштырылат.
Жаачы. Миф боюнча Геракл ууланган жебе менен кентавр (башы адамдыкындай, денеси аттыкындай жаныбар) Хиронду атып өлтүрөт. Кудайлар Хиронду асманга алып кетишет.
Текечер. Малдын пири Пан текеникиндей сакал, мүйүз, туякка ээ адам сымал болот. Ал Тифондон (100 баштуу желмогуз) качып келатып, дарыяга секирип башка жандыкка айланууну көздөйт. Бирок сууга түшкөндө суу үстүндөгү денеси текечердин кейпине, суу астындагы денеси балыктын куйругуна айланып калат. Анан ал асманга барып жайгашат.
Суу куяр. Байыркы шумерлерде бул топ жылдыз жерге суу берүүчү асман Кудайы Андын урматына аталып калган делет. Байыркы гректер болсо, Суу куяр жылдызы бир нече жөө жомоктордун каарманын чагылдырарын айтышкан. Мисалы, Олимптеги шарап куюучу боз улан Ганимедди.
Балык. Тифондон качып, сууга секирип балыкка айланган Афродита менен Эростун урматына аталат экен.


ТОП ЖЫЛДЫЗДАРДЫН КӨРҮНҮШҮ ЖАНА ЭЭЛЕГЕН АЯНТЫ
(сүрөттөрдө топ жылдыздардын негизги жылдыздары белгиленип көрсөтүлдү)


“КЫРГЫЗДАР ДА ТОП ЖЫЛДЫЗДАРДЫ БИЛИШКЕН”
"Топ жылдыздардын кыргызча аталышы барбы? Болсо кандай аталышка жана мифтерге ээ?" деген суроолорго жооп алуу максатында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун ага илимий кызматкери, доцент Рыскул Жолдошовго кайрылдык.
– Зодиак бул – бизче топ жылдыздар. Ар бир эл асмандагы топ жылдыздарды өздөрүнчө ар кандай аташкан жана алар туурасында мифтери бар. Кыргыздарга топ жылдыздардын аталышы европалыктардан 20-кылымда гана илим-билим менен кошо кирген. Негизи эле адамзаты, анын ичинде кыргыздардын ата-теги жылдыздарды өз жашоосунда колдонууну биздин доорго чейинки мезгилде эле билишкен. Алардын жайгашышына карап жер иштетип, көчүп-конуу, жол жүрүү убактысын белгилешкен. Жаздын качан келери, кыштын болору сыяктууларды да аныкташкан.

ТУУРА КОТОРУЛГАНБЫ?
3 топ жылдыздан башкаларынын которулушу, менимче, туура эле.
Водолейди бизде Суу куйду же Суу пери деп жүрүшөт. Көнөк деген да вариант бар. Бирок көнөк бул – тери идиш, жылдыздын аталышы жандууга байланыштуу болгондуктан, Суу куйгуч же Суу куяр деген оң.
Бөйөн менен Чаянды алсак, кыргызда бөйөн-чаян деген уулуу курт-кумурскалардын жалпы аталышы. Андыктан Бөйөн (Рак)дегенди Суу чаян, ал эми Чаянды (Скорпион) Кара курт же Курт чаян десек. Айрым маалыматтарда Бөйөн Саратан деп аталган.

АЙЫРМАЛАР
Топ жылдыздардын аталышы европалыктардан кирген деп айттык. Бирок алардын айрымдарын кыргыздар илгертен билип, өзүнчө ат коюшкан.
Эгиздер топ жылдызын кыргыздар көрүнүшүнө жараша Босого жылдыз деп да аташкан.
Букачар топ жылдызына караштуу майда топ жылдызды кыргыздар Үркөр (Плеяды) деп аташат. Үркөрдүн четиндеги үлпүлдөп өчүп-жанган жылдыз Үлпүлдөк жылдыз деп аталат.
Булар окумуштуу Алиаскар Байбосуновдун "Кыргыздардын жаратылыш жөнүндө элдик түшүнүгү" китебинде да изилдөөгө алынган.

МИФТЕРДЕ, ЧЫГАРМАЛАРДА...
Тараза топ жылдызы. Бул, негизи, Орион чоң топ жылдызындагы бөлүнүп турган 3 жылдыз (кыргыздар 3 жылдыз деп билишкен, илимде 4өө деп белгиленет). Кыргыздар бири дайыма ортодо бир орундан жылбай турса, берки экөө убакыттын жылышы менен өйдө-ылдый жылып турат (тараза табагы сымал) дешкен. Башка жылдыздарга салыштырмалуу эң кеч батат. Кыргыздын оозеки чыгармачылыгында көп колдонулат. Мисалы:

Тараза жылдыз батканча,
Таң агарып атканча...

Үркөр. Илгери Үркөрдүн Үлпүлдөк деген сулуу кызы болот. Аны 7 каракчы уурдап асманга качып кетишет. Үркөр Жетигенди (7 каракчыны) кууйт, Жетиген Алтын казык жылдызына жашынат. Ошондон бери Үркөр Жетигенди кууп жете албай келет экен.

Үркөр тууралуу ыр да бар:
Үркөр, үркөр, үч жылдыз,
Үркүп кайда барасың?
Жөө желимге барамын.
Жөө желимде эмнең бар?
Аштык айдаар уулум бар,
Жибек созор кызым бар.
Аштыгынан айдашам,
Жибегинен созушам...


"КУТ БИЛИМДЕ" КАНДАЙ АЙТЫЛАТ?
XI кылымда жашап кеткен Жусуп Баласагын бабабыздын гениалдуу "Кут билим" чыгармасына кайрылсак, анда топ жылдыздар тууралуу минтип жазганы бар:

Он эки топ жылдыз бар түнкү чакта,
Баарынын оруну бир жана башка.
Кой жылдыз Үркөр менен катар келет,
Эгиздер Саратан менен жакын жүрөт.
Артында Арстан, Буудай, Тараза бар,
Жаа менен Чаян жылдыз кошуналар.
Андан соң Теке, Көнөк, Балык келет,
Чыкканда түнкү асманга жарык берет...
Демек, чыгармада Букачар – Үркөр, Бөйөн – Саратан, Суу пери (Бийкеч) – Буудай, Жаачы – Жаа, Суу куярКөнөк деп берилген.
Демек, окурман, өзүңүз байкагандай, топ жылдыздардын аталышы боюнча ар түрдүү варианттар бар. Андыктан изилдөөлөргө, тактык киргизүүгө муктаж.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aibek-89
2012-03-26 09:53:25
кызык экен
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан