Жазды утурлай «Лондон-2012» Олимпиадасына жолдомо берилүүчү мелдештер акырындык менен башталды. Алардын алгачкысын балбандарыбыз баштап, 28-мартта күрөш боюнча (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыздар арасындагы күрөш) «Лондон-2012ге» жолдомо ойнотулуучу мелдешине аттанышмакчы. Мелдеш 30-марттан 1-апрелге чейин Астанада өтүп, 21 Азия өлкөсүнүн башын бириктирет. Мелдешке кыздар жана грек-рим күрөшү боюнча курам Кант шаарында, ал эми эркин күрөш боюнча курам Дагестандын Махачкала шаарында даярданып жатканынан кабардар болдук.
Бул жактагы балбандар 28-мартта Бишкек-Астана каттамы менен жөнөп кетишсе, эркин күрөш боюнча курамыбыз Орусиядан түз эле казак жергесине келип түшөт. Эске салсак, бул мелдеш Лондонго жолдомо ойнотулуучу акыркы үч мелдештин бири. Андыктан бул мелдеш тамаша эмес экенин балбандарыбыз жакшы билишет. Ооба, көктөмдү күткөндөй эле биз «Лондон-2012ге» жолдомо күтмөкчүбүз. Ийгилик! Астанага аттанып жаткан курам төмөнкүчө:
Грек-рим күрөшү боюнча:
Арсен Эралиев (55 килограмм салмакта), Руслан Түмөнбаев (60), Канатбек Бегалиев (66), Данияр Көбөнов (74), Жанарбек Кенжеев (84), Азамат Эркинбаев (96), Мурат Рамонов (120).
Эркин күрөш боюнча:
Нурлан Макеналиев, Алтынбек Алымбаев (экөө тең 55), Надырбек уулу Улан (60), Иннокентий Иннокентьев (66), Ильгиз Жакыпбеков (74), Айбек Усупов (84).
Кыздар арасында:
Мехринисо Нурматова (48), Кубатбек кызы Гулина (55), Айсулуу Тыныбекова (63), Яна Панова (72).
Р.S. Балбандарды барктаган кыргыз эли эскертет: Жолдомосуз кайтуу – өлкө казынасына жана балбандардын ден соолугуна зыян! :)