БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР

АВТОУНААЛАР АРЗАНДАДЫ...

  • Казакстандан алынып келген уулуу көмүр боюнча Башкы прокуратура «Электр станциялар» ишканасынын жетекчиси АМАН ТЕНТИЕВге кылмыш ишин козгоду.
  • Улуттук статистика комитети Кыргызстанда автоунаалардын баасы былтыркы январь-февраль айларына салыштырмалуу 0,5 ПАЙЫЗга арзандаганын билдирди.
  • Кыргызстанда 2012-жылдын 1-мартына карата мамлекеттен ЖӨЛӨК ПУЛ алган жарандардын саны 444,6 миң болгондугун КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
  • “Мен "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзамга бир катар өзгөртүү гана киргизүүнү сунуштагам. Бир катар орус тилдүү ММКлар менин бул демилгемди аягына чейин түшүнбөй, так эмес маалымат таратышып, мени катуу сынга алышууда”,- дейт ЖКнын депутаты УРМАТ АМАНБАЕВА.
  • КРнын Энергетика жана өнөр жай министри АСКАРБЕК ШАДИЕВге карата өлкөдөн эч жакка кетпөө тууралуу чечим чыкканын КРнын Башкы прокуратурасы билдирди.
  • НАТОнун программасынын негизинде Кыргызстандагы аскер ардагерлери ишкердик иш жана англис тили боюнча курстан өтүшөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
balia
2012-03-30 15:57:15
Шадиев кайда жоноп жатат экен?
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан