КУРТИЗАНКА – ТӨШӨК ХАНЫШАСЫ

«Аны менен өткөргөн күн бардык күндөрдөн баалуу, а түндөр... Ах, ал түндөр...» деген саптар менен башталат Оноре де Бальзактын «Куртизанканын жардылыгы жана байлыгы» китеби. Мындай айымдар тууралуу ушул кезге чейин уламыштар айтылып, чыгармалар жазылып, тасмалар тартылууда. Эркектерди мынча тамшанткан куртизанкалардын сыры эмнеде?

СОЙКУЛАРДЫН «АТАСЫ» – СОЛОН
Куртизанкалардын «атасы» катары тарыхта байыркы Грециянын императору Cолондун аты калган. Эң биринчи жолу кыздардын денесин сатуудан киреше түшөрү дал ошол адамдын башында пайда болуптур. Ал сойкукана ачып, андан түшкөн акчанын бир нече пайызын мамлекеттин казынасына салык катары төлөп баштаган. Мындай аялдарды "гетер" деп атаса, кийин аларга "куртизанкалар" деген ат беришкен («куртизанка» – француз тилинен которгондо «ак сарайда кызмат кылуучу аял»).

АЗГЫРЫКТУУ, АКЫЛДУУ, СЕКСУАЛДУУ
Жалпак тил менен айтканда, куртизанкалар – элиталык сойкулар, расмий тил менен айтсак, жогору кызматтагы адамдар менен мамилелеш болгон аял. Бирок куртизанкаларды кадимки сойку деп кабыл алуу да туура эмес. Алардын коомдогу орду алда канча орчундуу болгон. Алар гейшалар сыяктуу эле денесин гана эмес, жогорку интеллектисин сатышкан жана аны кесип катары тутунушкан. Куртизанкаларды сулуу, акылдуу, келбеттүү жана сезимтал кылып тарбиялоо үчүн атайы мектептерге беришчү. Анткени алардын кардарлары коомчулуктун «каймактары» болгондуктан, алар менен саясат, искусство тууралуу аңгемелеше алууну, бийлегенди, ырдаганды, өзгөчө чечендик менен сүйлөөнү үйрөтүшкөн. Бул өнөрлөрдү өздөштүрө алгандарга «мындан чыгат экен» деп төшөк оюнун, эркектерге жагууну, кумар тартуулоону үйрөтө башташкан. Куртизанкалардын көбү саясий жактан сабаттуу болушкандыктан, кээде мамлекет үчүн чоң роль ойногон (Венецияны куртизанка Веронико Франко түрктөрдүн басып алуусунан сактап калганы тууралуу тарыхта калган).
Куртизанкалар эки түргө бөлүнүшкөн: чынчыл куртизанкалар ак сарайларда жашап, бийлик бутагындагы эркектер үчүн кызмат кылышса, жөнөкөй куртизанкалар алардан бир тепкич ылдый турушкан. Кызыгы, куртизанкаларды сатып алууга мүмкүн эмес эле. Анткени алар өз баасын өздөрү бычып, жакпаган эркек менен мамилелеш болбой койгонго укугу бар болчу. Көп аялдар алардын ордунда болууну каалашчу.

КУРТИЗАНКАЛАР КООМДО
Куртизанкалар өз өнөрүн кимдир бирөөгө үйрөтүү менен карылыктын камын көрүшкөн. Кесибинин дооронун сүрүп жаткан учурунда акча топтоп, кийин мектеп ачып жаш кыздарды үйрөтүшкөн. Жаш куртизанканын кирешесинин канча бир пайызын үйрөткөн адамы алып турган. Бийлик эл алдында «мындай аялдарды жоготуу керек!» деп жар салганы менен, бул өнөрдүн жашыруун гүлдөп өнүгүшүнө шарт түзгөн. Эркектер куртизанкаларга муктаж экенин эл көзүнчө жашырышканы менен, ар бири алардын кызматын жогорку деңгээлде баалашчу. Мамлекетке да алардын эсебинен бир топ пайда түшчү.

ДИНДЕ
Алар чиркөөгө башкалар менен бара алышкан эмес. Куртизанкалар үчүн өзүнчө жай камдалып, ошол жайда сыйынышчу. Кийинчерээк алар үчүн атайын чиркөө ачылган. Сыйынуу үчүн гана барып, кесиби менен кош айтышып, биротоло Кудайга кызмат кылуу үчүн калып калгандар да жок эмес эле. 1556-жылы Венецияда 82 куртизанка такыба болуп кетишкен.

ТӨШӨКТӨ
«Идеалдуу аял конокто – ханыша, үйдө – кожойке, төшөктө – сойку болушу керек» деген сөз эркектер арасында дайым актуалдуу. Куртизанкалардын эң негизги куралы – алардын денеси болгон. Денесин жыпар жыттуу гүлдөр кошулган сууга жууп, жаштыгын сакташ үчүн бал сүйкөшкөн. Эч качан ашыкча салмак кошпой, жеңил тамактар менен тамактанышкан. «Куртизанка аялыңдан эмнеси менен айырмаланат?» деп ак сарайда кызмат кылган кадыр-барктуу адамдан сураганда ал «алар төшөктө уялып, кысынууну билишпейт. Аялдын сага ыраазы болуп кумарга батканын көргөндөн артык эркектер үчүн эмне бар?!» деген экен.
Дагы бир сыры – алар эркек менен болгон бөлмөсүн, төшөгүн, ички кийимдерин идеалдуу тазалыкта сакташкан. Куртизанканын бөлмөсүндө жаткан эркек өзүн ханышанын керебетинде жаткандай сезген. Эркектердин кумарын кандыруу менен эле тим болбостон, алар ички дүйнөсүн, эмнеге кайгырып, эмнеден жабыр тартып жатканын билип, кеңеш айта алышкан. Бекеринен алар менен болгон кумарлуу түндү эркектер «ханышанын койнундагы түн» деп аташпаса керек.
Макаланы жазууда куртизанкаларды популярдуу кылууну максат кылбадык. Болгону, алардагы сапаттын жардамы менен аял күйөөсүнүн гана куртизанкасы болсо, үй-бүлөлүк бир топ маселелер чечилмек беле?..

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Janyla
2012-04-02 18:51:00
1556-жылы Венецияда 82 куртизанка такыба болуп кетишкен.
такыба эмне деген соз?)
0
Prince
2012-04-02 21:14:49
Janyla, такыба - ибадат жолунда жургон пенде.
0
Tokmok
2012-04-02 22:44:47
mmm Men bir kitep okudum elem, al jakda "kytaidyn eki jash uulu abdan okurman,izderman bolushup. Jashyruun kop kitep okushkan,oshondo bir balasy Balzaktyn kitebin okup andan kiyin bir kyzdy katuu suiyup kalat ele..."
0
mek-81kg
2012-04-03 09:25:59
жакшы экен биздегидей болуп кочого чыгып озун озу саткандан коро. оз абиирин сактап жургон экен.
0
artik
2012-04-05 20:00:07
куртизанка болбой олсун акмактар эртен акыретте корот ахвалын зынаакерлер. Биз учун уят иш ал. Шариятта жок!
+1
Almazbekki
2012-04-08 08:59:41
турмуштун женилин ойлобо
0
Love_kg
2012-04-15 13:45:31
атактуу куртизанкасы полнаяго, живот еще торчит )) а там написано что куртизанки ели легкие блюда чтобы всегда быть миниатюрной )))
0
kyrgyzajym
2012-04-15 22:08:43
Love_kg :D hahaha,kishini jardany gooo,oj kulkum aj.
0
2012-05-12 02:08:09
Сойкудан эч айырмасы жок,аларделе колдон-колго отуп уйпаланып жатышпайбы,тфуу
0
eliz-an86
2012-08-18 15:05:18
миниатюрная десе эле не обязательно бели ичке ал кезде толук аялдарды сулуу деп эсептешчу
+1
mahabat.
2012-11-26 04:44:34
крутизанка болбой эле койолу кыздар.андан коро жоп жонокой кыргыздын кыздарыбыз деп журо берели
+2
zara__
2013-01-11 14:00:10
биздикилер да калышпайт ошолордон
0
zara__
2013-01-11 14:12:15
о! ошондо норм. жить будеть
0
aizish
2013-01-25 06:02:50
Толук эмес ал деген фигура. негизинде аялдын фигурасы живот жопа и грудь
+1
nur_kg94
2013-08-09 00:26:19
ээ жашо жашо
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан