Жалал-Абад
ЖУМА КҮНҮ КЫРГЫЗЧА КИЙИНЕБИЗБИ?
Жалал-Абад шаарынын мэриясы "жума күнү кызматкерлер жумушка улуттук кийим менен келиши керек" деп жазылган катты бардык мамлекеттик уюм жана мекемелерге жөнөткөн. Жакынкы күндөрдө жаңы киргизилген милдеттеменин аткарылышын мэрия текшерип чыгууга жетишти. Шаардык статистика башкармалыгынын кызматкерлери берилген тапшырманы кынтыксыз аткарып жатышыптыр. Ал эми шаардык "Кыргыз почтасы" бөлүмүнүн кээ бир өкүлдөрү эскертүү алышты.