Ушундай кесип бар, замандаш. Снайперлер тууралуу жазсам деп кызыгып жүргөнүмө көп болду. Андыктан чыгынып, Токмок шаарында жайгашкан “Скорпион” атайын багыттагы бригадасынын көзгө атарлары даярдык өтүп жаткан жерге жөнөдүк. Максатыбыз – бул кесипти жакындан билүү.
«ШАМАНДЫ» ӨЗДӨРҮ ДАЯРДАШАТ
Биз барганда чалгындоо отрядынын өздүк курамы полигондо ок атуу машыгуусунда жүрүптүр. Атуу, чалгындоо, тоо-талаага чыгуу, спортзалда жана атуучу жайда машыгуу – спецназ жоокеринин кадыресе күнүмдүк жашоосу. Чалгындоо отрядында чалгынчы, пулемётчу, сапёр, радиотелефончу, фельдшер жана гранатамёт аткыч сыяктуу адистери болот. Бир жагында пулемётчулары бутага атып машыгып жатышса, дагы бир жагында гранатамёт менен эски БТРди аткылап жатышты. Карап турган адамдын үрөйү уча тургандай.
Биз кыл мергендер (снайпер) тобуна бет алдык. Снайперлер оптикалык кароолу бар снайпердик мылтык менен куралданышат экен. Маскировка кылуу үчүн кышкысын кардын үстүндө ак халат жамынышса, башка убактарда “шаман” аталган жалбырак халаттарды кийишет. Аны эски-уску камуфляж кийимдерден снайперлер өздөрү даярдашат. Алар менен сүйлөшүп жатып, бул кесип тууралуу төмөнкүлөрдү билдик.
Снайпер үчүн маанилүү нерсе – ата турган жердин орду, абалы, милтени басуу, мээлегичти орнотуу, аба ырайынын факторлорун эсепке алуу. Ар бир снайпер өзү байкалбай тургандай ордун жана билинбей чегинүүнүн жолун таба билиши зарыл. Бул үчүн “Скорпиондун” жоокерлери жайкысын коңшу өлкөлөр менен чектешкен тоолорго барып, бир нече ай машыгып келишет. Айтымдарында, ал жердеги ашуулардын коён жатагына чейин билишет. Кыл мергендер тоодо, талаа-түздө атууну мыкты билүүсү кажет.
«БИЗДИН СНАЙПЕРЛЕР ЧЫДАМДУУ КЕЛИШЕТ» Отряддын командиринин орун басары Нур Курманалиев аттуу жигитти бул арада сөзгө тарттым.
– Снайпер болуу үчүн кандай даярдыктар керек?
– Сөзсүз түрдө аскер кызматын өтөп келген, ден соолугу чың, психологиялык жактан мыкты даярдыкта болушу зарыл. Бир нече жоокер менен мушташтырып, күчүн сынап көрөбүз. Мүнөзүнө карап снайперликке тандап алабыз. Чыдамкай, эр жүрөк, оор басырыктуу болушу шарт. Аларды андан ары өзүбүздүн офицерлер тарбиялап алышат.
– Көзгө атарлардын кесиби оорбу?
– Тапанчаны кобурадан тез алып чыгуу оңой сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул да өзүнчө искусство. Снайпердик мылтыктан атуу да ошондой, ар бир кыймылды иштеп чыгыш керек. Курал менен бир бүтүнгө айлануу зарыл. Снайпер тажрыйбасына карабай дайым таамай атуу курстарынан өтүп туруусу талапка ылайык. Антпесе формасын жоготуп коёт. Бир эле учурда байкоочу жана чалгынчынын кызматын аткарат. Снайпер өзү билип керектүү бутаны таап, бир атуу менен жок кылышы керек. Күтпөгөн жерден пайда болуп, душманды дүрбөлөңгө түшүрүү да анын милдети.
– Апрель окуясында снайперлер элге карай ок атпады беле... Бул окуяда ошол жерде болгонсуңарбы?
– Жок, биз Ак үйдү кайтарган эмеспиз. Биздин бригаданын 50 жоокери Апрель окуясы учурунда борбордук аппаратты жана башкы штабды кайтарган. Негизи, бизди ички тирешүүгө колдонбош керек. Биздики сырттан келүүчү душмандарга каршы даярдала турган жоокерлер.
– Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин снайперлердин даярдыгы, жабдуулары кандай?
– Өнүккөн өлкөлөрдүн жоокерлерине караганда биздин жоокерлердин жабдуулары төмөн болушу мүмкүн. Бирок даярдык, чыдамкайлык жагынан биздин жоокерлер алда канча өйдө. Анткени алар тоолук болгон үчүн кандай жер болбосун, талаа-түзбү, тообу, жашоо-шартына көнө берет.
«КЕСИП ЭМЕС, ЖАШОО ОБРАЗЫ» Кыл мергендердин бири Элдос Сарыбаевге да бир нече суроо менен кайрылдык.
– Кесибиң сен үчүн?..
– Бала кезимден эле снайпер болууну эңсечүмүн. Аскерден кийин ойлонбой туруп бул кызматка келдим. Эң башкысы, мекенге керек экениңди сезесиң. Каалоо күчтүү болсо, баарына үйрөнүп кетүүгө болот. Снайперлик – кесип деп айта албайм, мен үчүн жашоо образы.
– Көзгө атарга эмнелер керек?
+96– Дайыма чеберчилигин өркүндөтүп, денесин жана духун машыктырып турушу шарт. Мен 2 жылдан бери кызмат өтөйм, ошентсе да күнүгө окуп, машыгып турам. Снайперге сабырдуулук, чыдамкайлык өтө керек. Мисалы, үстүңдү курт-кумурска каптап кетсе да кыймылдабай жатышың керек. Кесибимди жеңил деп айта албайм. Моралдык, психологиялык даярдык да сөзсүз керек.
– Кесибиңдин доору канча жыл?
– Снайпер пенсияга чыккандан кийин деле снайпер бойдон калат.
– Канча аралыктан бутага тийгизе аласың?
– Эң башкысы, аба ырайына карап мээлегичти жакшылап орнотушту билүү керек, ошондо бутага 1000 метрден тийгизсе болот.
– Адамдарга карата курал колдонгон учур болду беле? Же өзүң кимдир бирөөнүн бутасына айланып дегендей...
– Бизди сырттан душман келсе гана колдонушу керек. Андыктан согуш болбой эле койсо дейм. Мм... Мени мээлегендерби, билбейм, болсо болгондур, бирок түз аткан эмес. 2010-жылы Ош коогалаңында бизге өзбектер тараптан снайпер ок аткан. Ошондо Азамат Сурантаев аттуу кесиптешибиз жүрөгүнө ок тийип каза болгон.
– Куралга кандай мамиле кыласың?
– Оо, бул сүйүктүүбүз да. Мылтык – снайпердин ишенимдүү досу же аялы деп койсок болот. Дегеним, өзүңдүн куралыңды эч кимге карматпайсың, назик мамиле кыласың. Негизги куралыбыз – СВД (Драгуновдун снайпердик мылтыгы), бирок мындан башка да “Винторез” дегенибиз бар, ал кыска аралыктагы согушууда колдонулат. СВДны 800 метрден мээлеп тийгизүүгө болсо, аны 400 метрден мээлеп тийгизүүгө болот.
– Айлыгыңар канча, үй-бүлөнү бакканга жетеби?
– Кудайга шүгүр, жетип жатат, мындан сырткары ата-энеме да белек жөнөтүп турам.
Минтип биз көргөн бир күндүк атуу, чалгындоо, талаа жүрүштөрү сыяктуу күчөтүлгөн машыгуулар бул – спецназдын күнүмдүк жумушу. Алар дайым даярдыкта. Мекенибизди коргогон ишенимдүү жоокерлер бар экендигин биле жүрүү да адамга бейпилдик берет.
«Снайпер» — англис сөзү, «snipe shooter» – которгондо “бекас аткыч” дегенди түшүндүрөт. Бекас – кичинекей чымчык. Ал ойкуп-кайкып учкандыктан, аны бардык эле мергенчилер ата алган эмес. “Снайпер” деген түшүнүк 18-кылымда пайда болгон. Биринчи дүйнөлүк согушта аскерлердин расмий лексиконуна кирип, азыркыдай мааниге ээ болгон.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg