Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Райкан Төлөгөнов, Жогорку Кеңештин депутаты: «СЫНГАН КЫЛЫЧТЫН» ТАГДЫРЫН МЕЗГИЛ ГАНА ЧЕЧТИ»

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.


Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романын ким гана билбейт. Кыргыздын катаал күндөрүн, улуу тарыхын баяндаган роман бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой келет. Андыктан окурман журтчулугу үчүн бул романды баяндап берүүнү чечтик. Алгач биз ошол чыгарманын жаралуу тарыхын, кандай жыргал-азап менен коштолгонун билүү үчүн жазуучунун уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Райкан мырзага кайрылдык.

«АТАМ ТАҢ АТКЫЧА ИШТЕЧҮ»
– Атам «Сынган кылыч» романын жазып баштаган маалда 8 жашар бала болчумун. Студент кезинде эле атамдын повесть, аңгемелери жарык көрүп калган. Китептерин колубузга алып «муну атам жазган» деп мактанып калчубуз. Кийин билдим, 1960-жылы баштаган «Сынган кылычтын» биринчи китеби 1966-жылы жарык көрүптүр.
Күндүз жумушта болуп колу тийбей, көбүнчө түндө иштечү жарыктык киши. Кечинде келип тамактанып алып, анан жазуу столуна жөнөйт. Түнкү саат 3-4кө чейин, кээде таң атканча иштечү. Баламын да, түн бир убакта заара кылгым келип тура калсам, атам уктабай иштеп отурган болор эле.

«МАШИНКАСЫ БУЗУЛГАНЧА ИШТЕП...»
– Ал мезгилде компьютер жок, кол менен жазчу. Кээде жазып-жазып келатып эле ондогон барактарды кайра чийип-чийип салчу жарабайт деп. Эсимде, «Сынган кылычтын» биринчи китебин жалаң 44 барактуу калың дептерлерге жазды. Дептерлер жыйылып-жыйылып калчу үйдө. Эч кимдин жардамысыз баштан-аяк өзү жазып бүтүрдү. Колдо жазып бүткөн соң машинкага түшүрүп каталарын оңдочу. Машинканын бурамасын бурап баракты бир аз өйдө көтөрөт да, резина өчүргүч менен сүргүлөп жатып өчүрөт. Ошентип отуруп жанагы өчүргүч менен кагаздын калдыктары машинканын ичине толуп калат. Анан колуна алып туруп кагып-силкип тазалап алып кайра отурчу. Кээде таптакыр иштебей бузулуп калганда көтөрүп барып усталарга оңдотуп келер эле.

«МИСТИКАНЫН ЭЛЕМЕНТТЕРИ БАР»
– Архивдерден ар кандай маалыматтарды, сүрөттөрдү же алардын көчүрмөсүн алдырганын билем. Көбүнчө Ленинграддын архивдерин пайдаланды.
«Сынган кылычта» Иса олуя деген каарман бар эмеспи, бир жолу Ленинграддан ошонун сүрөтү келген. Бир күнү Жусупбек деген агам экөө ошону талкуулап отурганы эсимде. Иса олуя ошол сүрөттө стулда башын жерге салып, эки колун тизесине коюп, манжаларын жеңине катып алып отурган. Атам аны «Сынган кылычта» сүрөттөгөндө мадыл мышыкка окшоп тырмагын катып, керектүү учурда шарт чыга калып кишини апчый турган каарман катары сүрөттөйт эмеспи. Атам ал сүрөттү көрө электе эле дал ошондой кылып мүнөздөп койгон экен. Демек, кандайдыр бир мистиканын элементтери бар.

«КОКОНДО КӨП ЖҮРДҮ»
– Атам архив казып көбүнчө Кокон шаарында жүрдү. Себеби кан ордо ошол шаарда болгондуктан, маалымат көп болчу. Андагы көтөрүлүштөр, ханды тактыдан оодаргандагы тарыхый инсандардын аттарын да ошол жерден тапкан.
Албетте, романдагы Теңир­бердиге окшогон каармандар ойдон чыгарылган образ. Ал эми Абил бий, Бекназар баатыр, Нүзүп аталык өңдүү каармандар кадимки тарыхый инсандар. Бекназар менен Ибраим бир тууган болгон. Ибраимден Касымбек төрөлсө, Бекназардан бала калган эмес. Касымбектен Төлөгөн, Төлөгөндөн биз.
Романдагы адамды карышкыр жеп кеткени, өз бүркүтү өзүнүн көзүн оюп алганы бул – биздин Аксы аймагында айтылып жүргөн окуялар. Ал эми жанагы хан көтөрүп ак кийизге салуудагы сурап алары жок кул, кедейлерди курмандыкка чалган окуя турмушта бар нерсе. Тоолуктарда ошондой жөрөлгө болорун угуп туруп, анан Шералыны хан көтөргөндө ошол салтты пайдаланып, романга психологиялык кырдаал түзгөн.

«СЫНГАН КЫЛЫЧТЫ» АЯБАЙ СЫНДАШТЫ»
– Атам «Сынган кылычты» баш-аягы 11 жыл жазды. 6 жылдай биринчи китебин, 1970-жылдары оңдодум, толуктадым демиш болуп экинчи китепти чыгарды.
Биринчи китеп чыккандан кийин эле катуу сындарга кабылып, «туура эмес, кыргыздарды өтө эле мактап койгон, бул – натурализм, кишилерди кантип эле ошентип мууздап таштасын?..» деген сөздөр жааган. Себеби идеология ошондой эле. Советтик идеология кыргыздын андай бай тарыхынын, тагдыр чечүүчү журт башыларынын болушун каалабайт эле. Ошондон тарта «Сынган кылычты» сындай баштады, демек, сындасак болот экен» деп атам менен жеке мамилеси начар кишилер чыгып романды өйдө-ылдыйдан тепкилеп, алдары жетишинче жамандай башташты.
Жазуучулар союзунан атайын буйрук берилет. Берилгенде да жөн эле «сен жазып койчу же сен жазчы» дебейт. Сындаганы ишенимдүү угулушу үчүн сөзсүз түрдө ал сынчы оозго алынып калган, авторитеттүү сынчы болушу керек эле.

«ЖАҢЫЛ ТҮМӨНБАЕВА БОЛБОСО КАМАЛЫП КЕТМЕК»
– 1970-1980-жылдар аралыгы.
Атамды бир гана нерсе кыйнап койду. «Сынган кылычты» чыгарбай койгондо атам Жазуучулар союзунун жетекчилиги менен кер-мур айтышып, «кимиңер ушундай китепти жаза аласыңар? Жаза алсаңар жазып, менин китебимди чыгарбасаңар өзүңөр чыгаргыла!» деп кеп ортодон кеп өтүшүп кетип, атама болгон куугунтук катуу башталган. Анан жумуштан бошотуп салышты. Ишсиз калат, китептерин чыгарбайт. Ошол маалда бизди ээрчитип алып жайында айылга кетип калчу да, көпкө жүрчү. Бул убакта партиялык взнос төлөнбөй калат. Ошондо «бул партиядан алыстап кетти, аны-муну...» деп каралап, партиянын катарынан чыгарып салууга аракет кылышкан.
Ал кезде Жаңыл Түмөнбаева райкомдун партиялык катчысы болчу. Жогорку жактагылардын чыгар деп айтканына көнбөй, көшөрүп отуруп атамды партияда алып калган ошол киши. Эгер партиядан чыкса эле «Сынган кылычтагы» саясий катачылык, тигиндей-мындай...» деп отуруп атамды каматып жиберүүлөрү мүмкүн болчу. Кийинки кадам ошондой болчу да. Алгач жумуштан бошотчу, анан партиядан чыгарчу да, кийин каматып жиберчү. Атам ошондо бир катуу чочуган, кыйналганын ошондо көрдүм. Бир тыйын акчасы жок, адегенде достордон, андан-мындан акча сурап жашап жүрдүк. Кийинчерээк «Төлөгөн, бүттү эми» деп эч ким акча дагы бербей калган.

«РОМАНДЫН ТАГДЫРЫН МЕЗГИЛ ГАНА ЧЕЧТИ»
– 1970-жылдары романдын экинчи китеби жарык көрүп, Касымбеков деген фамилия элдин оозуна алынып, эл «Сынган кылычты» тытып издеп окуй баштады. Жазуучулар союзу ого бетер туталанып «бул китепти жок кылыш керек» деп болгон күчүн жумшады. Ал тургай атамдын жанына жалган досторду кошуп, аз-аздан арак ичирип отуруп «Төлөгөндү аракеч кылып салабыз» деген да аракеттер болуптур. Муну биз чоңойгондо атам айтып жүрдү. Бирок атам таптакыр арак иче алчу эмес. 100 грамм ичсе өңү кыпкызыл тартып, мас болуп жатып калчу.
70-жылдын этегинде иним экөөбүз окууну бүтүп жумушка орноштук. Менин фамилиям Төлөгөнов болчу. Касымбеков деп эч ким күмөн санаган жокпу, билбейм, мага эч кандай кысым болгон жок. Эл катары академияда иштеп калдым. Кийин кайра куруу мезгили башталды. Акырындык менен «Сынган кылычка», атама болгон мамиле өзгөрдү. Чынында, «Сынган кылычтын» тагдырын мезгил гана чечип берди. Атам чыдамкайлык менен гана ушул мезгилди күтүп, арак ичип кетпей, чөгүп, чүнчүп кетпей ошол күнгө жетти, кыргыз калкынан, кыргыз тарыхынан татыктуу баасын алды. Ошого ичтен тымызын кубанам, сыймыктанам.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
02.04.2012. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
14-03-2012
Соӊку аракети:
27-03-2018 05:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
0
эн сонун чыгарма бул чыгарманы мен жатка билем ошентсе да кайталап окуштан тажабайм
02.04.2012. 16:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
02-03-2012
Соӊку аракети:
04-04-2012 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Биз бул киши менен бирге отуруп чай ичкенбиз.Ушундай ыйык адам менен чай ичкениме сыймыктанам.Жаткан жериниз жайлуу болсун,топурагыныз торко болсун Тологон ата.
02.04.2012. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
17-03-2008
Соӊку аракети:
29-05-2017 09:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
"Сынган кылыч" менин эн көп кайталап окуган чыгармам. Чыгарма деген мүнөздөмө да тардык кылат. Ал биздин өтмүшүбүз.
02.04.2012. 23:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
26-04-2007
Соӊку аракети:
13-03-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+1
"Сынган кылыч"ты окубаган кыргыз кыргыз эмес ко
03.04.2012. 14:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
31-10-2011
Соӊку аракети:
13-11-2018 11:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сынган кылычты кыргыз эле эмес ,орустар да окуп журушот.Мен кыргызча болугун мындан 30 жыл мурда окудум эле,орусчасын 10 жыл мурун окудум.Окунучтуусу Нузуп бийди,Юсуф деп которуп койгон.
05.04.2012. 16:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
09-01-2012
Соӊку аракети:
05-05-2012 12:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
awsfcds
0
Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт...
09.04.2012. 00:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
03-10-2010
Соӊку аракети:
10-10-2015 06:52
Жынысы:
Белгисиз
0
chanda kezdeshchuu emgekchil kirgiz!!!
13.04.2012. 02:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
23-03-2012
Соӊку аракети:
10-11-2018 22:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Романдагы окуялар азыр кайталанып жатат.
09.12.2012. 05:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
26-02-2007
Соӊку аракети:
23-02-2013 15:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
+1
Мен бүт калган кыргызча китепти бир тарапка, "Сынган кылычты" бир тарапка койом (таразаны тең кылып)...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: