ОШТО АЙМАКТЫК АЖЫЛЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ

Ош

Ош шаарында Ажылык борбордун түштүк бөлүмү ачылды. Аймактык кеңсе башчылыгына Бакыт Нурдинов дайындалды. Ал Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча ажылык сапарга каттоо процессинде коррупциянын алдын алуу менен алек болмокчу.
Жаңы ачылган бөлүмгө жер-жерлерде ажыга баруучуларды каттоо, документтерин кабыл алуу, акча каражаттарынын эсеби сыяктуу тапшырмалар жүктөлгөн. Ошондой эле алар имамдарды тандоо, аларды окутуу, Меккеге зыярат кылуучулардын топторун түзүүнүн үстүндө иш алып барышмакчы.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан