Жантөрө Сатыбалдиев: «КЫЗМАТТАГЫ ДОСТОРДУ «жарма достор» ДЕП КОЁМ»

Кызмат жолу

  • 1979-жылдан 1980-жылга чейин Алай жол курулуш башкармалыгында мастер-прораб;
  • 1980-жылдан 1985-жылга чейин Өзгөн жол курулуш башкармалыгында прораб, башкы инженер, жетекчи;
  • 1985-жылдан 1991-жылга чейин Ош жол курулуш башкармалыгында башкы инженер жана башкаруучу;
  • 1991-жылдан 1996-жылга чейин Транспорт жана байланыш министринин биринчи орун басары;
  • 1996-жылдан 2000-жылдын 31-декабрына чейин Транспорт жана байланыш министри;
  • 2001-жылдан 2003-жылга чейин Ош шаарынын мэри;
  • 2003-жылдан-2005-жылга чейин Вице-премьер-министр, Энергетика коопсуздугу боюнча Президенттин атайын өкүлү;
  • 2005-жылдан 2006-жылга чейин Жогорку Кеңештин 3-чакырымынын депутаты;
  • 2006-жылдан 2007-жылга чейин Ош облусунун губернатору, Президенттин Түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү.

Кыскача маалымат

  • Рыспай Абдыкадыровдун ырларын берилүү менен угат.
  • Азыркы ырчылардан Саламат Садыкованын ырларын баалайт.
  • Жумасына 3 жолу теннис ойнойт.
  • Акыркы окуган чыгармасы Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романы.
  • Өзүнө жаккан белеги - небересинин колго тартып берген куттуктоо баракчасы.
  • 30 жылдан бери биринчи жолу жубайы Канышай 7 куплеттен турган ыр арнаган. Ыр жолдошунун сапаттарын камтып, абдан мазмундуу жазылган.
  • Учурда машинасын өзү айдап, айдоочусуз жүрөт.

«Орусча бир сөз билбей техникумга тапшыргам»

– Жантөрө мырза, сизди эл бизнесмен эмес, көбүнчөсү мамлекеттик кызматкер катары билишет. Ошентсе да алгач кепти бизнес же кызмат эмес, балалыгыңыздан баштагым келип турат. Бала кезиңизден бир элес эске сала кетсеңиз...
– Мен Өзгөн районунун Какыр айылында 1956-жылы 8 бир туугандын экинчиси болуп туулгам. 4-класска чейин өзүмдүн айылымда окуп, анан 8-класска чейин коңшу айылга каттап билим алдым. Анан кыйратып бир да сөздү орусча билбей туруп, техникумга тапшырдым. Анда группадагы балдардын көпчүлүгү орустар, болгону 6 кыргыз бала болчубуз. Окутуучулар атайы “тил үйрөнүшсүн” деп бир бөлмөгө бир кыргыз экиден орус бала кылып бөлүп коюшту. Алгач түшүнбөй бараткан жерибизди жаңсап жүрүп бат эле көнүшүп кеттик. Алар менен аралашып отуруп, 6 ай дегенде толук отличник болуп чыга келгем. Ошентип жүрүп, техникумду аяктаган соң Фрунзедеги Политехникалык институттун курулуш факультетине тапшырып өтүп кеттим. Техникумдагы билимим, орус тилин үйрөнүп алгандыгым жардамга келип, окуудан кыйналган жокмун. Ал түгүл жогорулатылган стипендия алып жүрдүм. Ал кезди эскерүүнүн өзү жагымдуу. Анткени келечекке чоң пландарды коюп, өрөпкүп турган убак эле.
– Ал кезде мындай ийгиликтерге жетем деген ой болчу беле? Дегеле, теңтуштарыңыздан айырмаланчу элем деп ойлойсузбу?
– Өзгөчө бир сапаттарым болгон, болбогонун теңтуштарым эле айтып беришпесе... Бирок бир өзгөчөлүгүмдү айта алам. Мен өзү 6 жашымдан мектепке кирип, класста да, техникумда да, институтта да балдардын эң кичүүсү, кичинекейи болгондуктан “малыш” деген атка конгом. Бир кезде боюм 136 сантиметр, салмагым 36 килограмм, костюмумдун өлчөмү 36, бут кийимимдин өлчөмү да 36 болчу. Ушул 36 деген сан мага анчалык эмне жабышып алганына түшүнбөйм. Ошентсе да башка теңтуштарыма салыштырмалуу тырышчаак болсом керек. Мени “малыш” деп шылдың кылгандарга караганда жакшы окуп, дайыма студенттердин алдында жүрчүмүн. Алдыга койгон максатым так, ачык болчу.
– Ошентсе да ушул кесипти тан­даганыңызга өкүнбөйсүзбү?
– Эч качан өкүнбөйм. Жашоом башынан башталса да, ушул кесипти кайра тандамакмын. Бул өтө татаал жана оор кесип. Ошонусуна карабай ал кездеги көп популярдуу кесиптердин арасынан ушул курулуш тармагын жактыргам. Менимче, ийгиликтин сырына кесипти туура тандоо кирет.
– Кесип жолуңуз алгач кайсы жактан башталган?
– Алгач Өзгөн районунун Мырзаке айылында машина жол оңдоочу станцияга жумушчу болуп киргем. Андан соң Алайда “Жолкурулуш” башкармалыгына прораб болдум. Ошентип, бул тармакта катары менен 21 жыл эмгектендим. Анан дагы баса белгилей кетчү жери бир дагы тепкичтен секирип кетпестен, бардыгын орду-орду менен басып келдим. Жадакалса Транспорт жана байланыш министрлигине алгач министрдин орун басары болуп келип, андан кийин министр болуп дайындалгам.

«Кателге» такыр тиешем жок болчу»

– Жалаң мамлекеттик иштерде жүрүп “Кателге” кандайча келип калдыңыз, же бул компаниянын түптөлүшүнө тиешеңиз бар беле?
– Чынын айтсам, эч кандай деле тиешем жок. Болгону, мен Транспорт жана байланыш министри болуп турган убакта “Кател” жападан жалгыз уюлдук оператор болчу. Анын башкармалыгынын мүчөлөрү менен жакшы тааныш элем. Ошондуктан алар менен тыгыз иштешип калганбыз. Мен бир топ чоң жумуштарда жүрүп, кийин жумуштан бошоп калганымда профессионалдык сапаттарымды, басып өткөн жолумду эске алып, мага генералдык директордун ордун сунушташты. Ойлонуп көрүп, макулдугумду бердим. Анткени табиятыман ишсиз отура албаган эмгекчил кишимин.
– Бир кезде “Кател” Кыргызстандын рыногунда эң биринчи жана жалгыз уюлдук оператор эле. Учурда абалы кандай?
– Абдан жакшы десем да, аша чапкан болбос. Себеби өзүбүзгө тиешелүү кардарларды сапаттуу жана арзан байланыш менен камсыз кылып жатабыз.
– Сиз келгени кандайдыр бир өзгөрүүлөр болдубу?
– Бул жерде өзгөрүү болбойт. Анткени компания 14 жылдан бери бир нукка түшүп калган америкалыктардын компаниясы. Өзгөртүүнү менчик ээси гана киргизиши мүмкүн.
– Алдыда кандай пландары бар?
– “Кател” рынокко киргенде эски страндарт менен кирген. Андай стандарт азыр чыгарылбай калды. Эми алдыдагы пландарда GSM стандартынан да жакшы жаңы стандарттагы аппараттарга өтүү бар. Азырынча алар кагаз жүзүндө гана турат. Буюрса, ушул кризистен чыгып алсак, анан чоң ийгиликтер болот эле.

«Азырынча кызмат боюнча сунуш түшө элек»

– Сизге кайрадан мамлекеттик деңгээлдеги кызматка чакыруу сунушу түшсө кабыл аласызбы?
– Аны убакыт көргөзөт. Азырынча андай сунуштар түшө элек.
– Чоң кызматта иштеп тургандагы досторуңуз менен азыр мамилеңиз кандай?
– Эгер мен “жок, бардыгы мурдагыдай эле жакшы” десем, сизге калп айткан болом. Чындыгында, мен кызматтан бошогону көз көрүнөө өзгөргөнү аз келгенсип, анысын жашырбагандар да жок эмес. Кызмат аркылуу досторду мен “жарма достор” деп коём. Анткени алар жармадай болуп, ичкенден кийин табылбай калат. Алар “кызматың барда дос, бош болсоң дос эмес” дегендей. Бизде бир жакшы сөз бар эмеспи: “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт”,- деген.
– Чыныгы досторуңуз барбы?
– Албетте, тээ жаш кезден бери санаалаш болуп жүргөн чыныгы досторум бар. Мен алар менен сыймыктанам. Майрамдарда, туулган күндөрдө чогулуп, майрамдайбыз. Андан тышкары, доско гана айта турган сырлар көбөйүп кеткенде “мальчишник” кылып, чогулуп сырдашып калабыз. Кимдир-бирөөгө катуу капа болгонуңду, ызырынганыңды жакын досуңа жаап-жашырбай айтып алууга болот.
– Ачууңуз келген учурда кантип таратасыз?
– Андай учурда жагымдуу музыканы коюп алып, жакшы машина менен зымырап алыс сапарга чыкканды жакшы көрөм. Кээде көңүлүм чөккөндө үйгө келип, балдарыма алаксып, жөн гана ата болуп отуруп алуудан ырахат алам.

«Үйлөнгөнүбүзгө быйыл 30 жыл болот»

– Жантөрө ага, айтсаңыз, бир эле убакта аткаминер жана үйбүлөнүн кожоюну болуу оорчулук келтирбейби? Же бүлөнүн тизгинин жубайга берүү оң болобу?
– Тескерисинче, үйбүлөм менин кызматтык иштериме жардам берди десем болот. Жубайым Канышай өзүмдүн айылдашым. Менден 6 жаш кичүү. Мен институтту аяктап, кайра айылга барганда таанышып калып, нике кайып буйруп үйлөнүп калганбыз. Кудайга шүгүр, үйлөнгөнүбүзгө быйыл 30 жыл толгону турат. Тууганчылык, катыштык дегендин баарын сүйүктүү жубайым өзү башкарып, эч кимдин көңүлүн калтырбай, бардыгын орду-орду менен жайгарып келет. Учурда бир кызым, 3 уулум, 3 неберем бар. Бүгүнкү күндө толук кандуу бактылуу үйбүлөнүн кожоюнумун десем болот. Балалуу болгон кезде, балким, иш менен абдан алек болгон чыгарбыз, же жаштыкпы, айтор, кубанчыбыз башкача болчу. Ал эми небере деген өзүнчө эле керемет экен. Улуу кызым Асел үйбүлөлүү, университетте мугалим. Уулдарымдын улуусу Ислам Ош шаарынын салык кызматында эмгектенет. Ортончу уулум Жоомарт 3-курста окуйт. Азыр бир кыз менен сүйлөшүп жүрөт. Жакында буюрса үйлөп, той берели деп даярданып турабыз. Кенже уулум Кубат быйыл 1-курста окуйт.
– Азыркы жаштар менен өзү­ңүз­дүн убакты салыштыра аласызбы?
– Азыркыларда эмне, бардыгы даяр. Керек болсо, мектепке да машина менен барышат. “Мектепке ташыган автобус токтоп калыптыр”, - деп сабакка барбай койгон учурлар да кездешүүдө. Биз болсо коңшу айылга чейин канчалаган чакырымды басып барып окучубуз. Бир жолу иним экөөбүз каникулда иштеп тапкан акчабызга велосипед сатып алганбыз. Ошону минип алып, тим эле космоско учкандай болуп, жыргаганыбыз азыркыга чейин көз алдымда.
– Эгер “Ийгилик сыры” деген китеп жазсаңыз баш сөзүнө эмне деп жазар элеңиз?
– “Окуу, окуу жана окуу, эмгек, эмгек жана эмгек” деп баштаар элем.

Гүлмира Турманбетова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 329, 20-26-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан