Талас
Талас облусунда “Фермерлер үчүн жеңил кредиттер-2” долбоорунун алкагында дыйкандарга 60 миллион сомго жакын кредит берилди. Баш-аягы 643 адам кредит алышып, анын 305и мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө 32 миллион сом тегерегиндеги каражатты жумшай турганын, калганы талаа иштерине сарптаарын айтышкан. Негизи, дыйкандар менен фермерлер 400 миллион сомго чукул кредит сурап кайрылышкан болчу. Бирок облус боюнча кредит берүүгө 90 миллион сом каралган. Андыктан үстөк акчасы аз болгон кредитти алуу үчүн арыз кабыл алуу улантылууда.