ТӨШӨКТӨ КАЙСЫ ТОПКО КИРЕСИЗ?

Сунуш кылынган тест сиздин сексуалдык жактан кайсы топко кирериңизди аныктайт. Адамдарды сексуалдык жактан төрт топко ажыратууга болот: көркөм, кыялкеч, эмоционалдуу жана сезимтал. Бир адамдын жүз пайыз бир топко кирери чанда кездешет, адатта эки топ аралашып кетет. Тестке так, чын жүрөгүңүз менен жооп берип, өзүңүз кайсы топко кирериңизди билип алыңыз.

1. Сүйүүдө сиз үчүн баарынан эмне маанилүү?
А) Жан дүйнөлөрдүн биригиши, бири-бирин түшүнүүчүлүк.
Б) Өтө берилгендик.
В) Ал адамга толугу менен аралашып, кошулуп кетүү.
Г) Терең сезим.

2. Бир көргөндө сүйүп калуу сиз үчүн...
А) Эч кандай чыныгы сезим эмес, жөн гана кызыгуу.
Б) Чыныгы сүйүүнүн учкуну.
В) Олуттуу сезимге карай биринчи кадам.
Г) Сексуалдык көңүл ачуу.

3. Сүйүүсүз төшөк оюну...
А) Бир эле өнөктөш менен боло бергенге караганда кызыктуу.
Б) Сүйүктүү адамың менен болгондой эмоцияларды жаратпайт.
В) Мамилени бузат.
Г) Анын артынан сүйүү келет.

4. Сүйүү бара-бара өчүп калбаш үчүн эмне кылуу керек?
А) Өнөктөштөрдүн төшөктөгү тажрыйбалары гана бирдей болбой, кызыкчылыктары, ой жүгүртүүлөрү окшош болууга тийиш.
Б) Эркекте чыныгы сезим болуш керек.
В) Эмоционалдуу, бекем байланыш керек.
Г) Түгөйлөрдүн экөө тең сексуалдык жактан канааттануу алышы керек.

5. Сексуалдык жашоону жаңы ыкмалар менен байытып туруу зарылбы?
А) Зарыл, антпесе ал өз касиетин жоготот.
Б) Маал-маалы менен жаңы ыкмаларды кошуп турууга болот.
В) Зарылчылыгы жок, анткени сексуалдык мамиле "аткаруу техникасынан" эмес, түгөйлөрдүн бири-бирине болгон мамилесинен көз каранды.
Г) Түгөйлөр бири-бирине эмне жагып, эмне жакпашын билип туруу үчүн жаңы ыкмаларды кошуп турса болот, бирок бул анчалык маанилүү эмес.

6. Эгер мамилеңиздер муздап баратса, анда сиз...
А) Ыза жана жан дүйнөңүздө боштук пайда болот.
Б) Өзүңүздү эч кимге керексиздей сезесиз.
В) Маани деле бербейсиз.
Г) Муну боло турчу көрүнүш катары кабыл аласыз, эң негизгиси, ортодо кастык пайда болбошуна маани бересиз.

7. Чыныгы жакындык сиз үчүн...
А) Такай пикир алмашып туруу, ойлордун жалпылыгы.
Б) Дайыма сүйүү менен берилгендиктин сезилип турушу.
В) Жасалмалуулуктан сырткаркы сезим.
Г) Физикалык жакындыкты сезүү жана интимдик жашоодо бири-бирин толугу менен канааттандыруу.

ЖЫЙЫНТЫГЫ:
Эгер сиз көбүрөөк А вариантын тандасаңыз, көркөм топко киресиз. Бул топко кирген адамдар төшөк оюнундагы бурулуштарды, ар түрдүүлүктү баалашат. Бирок бул нерсе жашоосунда өтө чоң мааниге ээ эмес. Ал жанындагы адамынын ички дүйнөсүн түшүнгөн, ойлору менен бөлүшүүгө мүмкүн болгон адам болушун каалайт. Мындай топко кирген адамдар жүрөгүнө караганда акылына көбүрөөк ишенишет.
Кыялкеч топтун өкүлдөрү Б вариантын тандашат. Алар түгөйүнүн өзүнө өзгөчө мамиле кылуусун каалашат. Мындай топтогу адамдар бийик романтикалык сезимдерди баалашат. Эгер ал жок болсо, сүйүү да болбойт, төшөк оюнунун кызыгы да болбойт.
Эгер сиз В вариантын көбүрөөк тандаган болсоңуз, эмоционалдуу топко кирген адамдардын катарына кошуласыз. Бул топтогу адамдар үчүн төшөк оюну эң маанилүү роль ойнойт. Алардын терең сезимдери психикасынын бузулушуна чейин жеткириши мүмкүн. Мындай адамдар бардык нерсени акылы менен эмес, эмоциясы менен башкарат.
Ал эми сезимтал топко кирген адамдар Г вариантын көбүрөөк топтошот. Мындай
адамдарга тынчтык, ишенимдүүлүк керек. Ошондуктан алар узакка созулган мамиледен кийин гана төшөк оюнуна жол беришет. Алар үчүн төшөк оюну физикалык байланыш менен гана чектелет. Өнөктөшүнөн өзгөчө кыялкеч мамилени деле күтпөйт жана төшөк оюнуна жаңылык киргизүүгө аракет кылбайт.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
tariel80
2013-02-23 21:23:53
Мен баарына кирет экенмин
0
aiza.kyrgyzkyz
2013-04-20 02:48:35
мен а жана б экенмин)))))))))))
0
vikarus
2013-05-15 23:01:47
мен А жана Б экенмин
0
nazmar
2013-06-15 11:01:06
a
0
Kymar
2013-08-19 23:02:10
Кирсен аны жазып не кажети бар
0
rasan
2013-09-06 20:22:54
менда 4топко тен кирет экем
-1
dama1607
2013-10-23 13:24:40
мен г
0
Ema_nookat
2013-11-08 15:24:38
Ха ха ха, кандай гана...
0
mr.kushtar
2013-11-16 02:43:43
Баарынар д экенсинер
0
jomik_kg9595
2014-02-10 03:23:15
Мен а топко кирет экемин анан г га
0
iliaz-91-91
2014-07-13 11:51:45
А
0
iliaz-91-91
2014-07-13 12:58:22
A
0
Samat21
2015-12-04 21:49:39
мен а менен г кирет экенмин да.
0
Sayragul
2015-12-07 12:47:46
Негизи туура чыккандай болду. Г
0
Barbaristka
2020-04-01 22:36:56
А менен Г га кирет экенмин.
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан