EURO 2012: ДАНИЯ

ДАНИЯ

Ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1889-жыл.
Башкы машыктыруучусу – М.Ольсен.
Капитаны – Даниэль Аггер (“Ливерпуль”, Англия).
Мыкты бомбардир – Рекордчу: Поуль Нильсен, Йон-Даль Томассон (52), азыркылардан Деннис Роммедаль (21).
Эң көп оюн өткөргөн оюнчусу – Рекордчу: Петер Шмейхель (129), азыркылардан Деннис Роммедаль (113).
Эң ири жеңиши – 17:1 эсебинде Францияны (1908-жыл, 22-октябрь).
Эң ири жеңилүүсү – 1:11 эсебинде Баскония курама командасынан (1937-жыл, 29-август).
Жетишкендиктери – "ЕВРО-1992нин" чемпиону.
ФИФАнын рейтингинде 11-орунда.

КОКУСТАН ЧЕМПИОН
Дания дегенде эле анын "ЕВРО-1992деги" сенсациялуу жеңиши эске түшөт. Ошол Швецияда өткөн мелдештин алдынан баары чемпиондукту Германия же Голландия утат деп жаткан. Бирок "ЕВРО" башталарына 10 күн калганда 5 мамлекеттин башын бириктирген Югославия тарап кетип, анын ордуна тайпада 2-орунду алган Дания катышмай болот. Мелдеште даниялыктар күтүлбөгөн жерден финалга жетип, 2:1 эсебинде Германиянын эсебин таап, чемпион аталат.
Дания Европада футболдук союзу эң биринчи түзүлгөн өлкөлөрдүн катарына киргени менен, сөз кыларлык жеңиши жок. Себеби катары 1971-жылга чейин өлкөнүн улуттук курама командасы профессионалдардан эмес, футбол сүйүүчүлөрүнөн куралганын айтышат. Анткени ал кезде чет өлкөлүк беделдүү клубдарда ойногон даниялык профессионал футболчуларга улуттук курама командада ойноого тыюу салынган эле. Кийин гана бул маселе жолго коюлганда мыкты таланттар чыга баштаган. Ошол агым менен мыкты футболчулардан бир тууган Бриан жана Микаэль Лаудруптар, Петер Шмейхель, Эббе Санн сыяктуу мыкты футболчулар пайда болгон.

ДАНИЯГА КИМ КӨП ГОЛ КИРГИЗЕТ?
Команданын артыкчылыгы – башкы машыктыруучу Мортен Ольсендин тажрыйбалуу экенинде. Ал мелдештеги машыктыруучулардын эң карты жана 12 жылдан бери команданы туруктуу машыктырып келет. Ошентсе да Даниянын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жок деп, аны эстен чыгарып, негизги кармаш калган үч команданын (жогоруну караңыз) ортосунда жүрөт дешүүдө. Ошондуктан калган үч команда Даниядан 3 упай алып, анын дарбазасына ким көп гол киргизерин карап жатышат. Буга жооп иретинде 62 жаштагы Ольсен: “Оюнчулар дени сак болсо, тайпадан чыгуу үчүн күрөшүүгө неге болбосун?”- дейт. Машыктыруучу да, күйөрмандар да ишенимди бир "көзүргө" эмес (курамда жаркын жылдыз жок), 11 футболчуга, командалык оюнга артмакчы. Эмне дейбиз, “Ольсендин 11 досу” жайында Украина менен Польшанын футболдук казинолорун ийгиликтүү “тоной” алабы же жокпу, баарын убакыт өзү көргөзсүн.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Бродяга
2012-05-17 12:39:48
неге жылдыз жок, Аггер жылдыз эмеспи? ))
0
№ 492, 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан