31-март күнү Баткенде болуп өткөн экинчи митинг опурулуп жаткан оппозициянын бир айдын ичинде эле солгундап калганын көрсөтүп койду. 1-мартта Оштун аянтына 10 миңдей киши топтогон бийликтин оппоненттери сөз бергендей Баткендеги митингге 20 миң кишини чогулта алышкан жок. Болбосо оппозиция өкүлүнүн бири Адахан Мадумаров өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолордо дал ушул Баткенде талапкерлердин ичинен эң көп добуш топтогон эле.
Эми эстафетаны Жалал-Абадга бермей болушту. Жалал-Абаддагы митинг 10-апрелге пландалууда. Талаптар мурункудай эле, болгону, "Өкмөт отставкага кетсин!" деген сөзү көбүрөөк кайталанып жатат. Үчүнчү митингдин таасири көбүнесе Камчы мырзанын кадыр-баркына такалса керек, антпесе "Оштогу митинг Мырзакматовдун аброю менен өтүптүр" деген сөз ого бетер күчөп чыгат.