Студенттик кезде биз менен бир бөлмөдө Айзада аттуу сулуу жашап калды. Өң десе өңү, бой десе бою келишкен жан болгондуктан, жанына эч кимди теңечү эмес. Күндөрдүн биринде аны, элге көрүнүктүү эле агайыбыз кафеге чакырып кетти. Сулуунун кеч келээри белгилүү да, ошондуктан бөлмөдө калган Нази экөөбүз эшикти илбей, уктабастан күтүп жатып калдык. Бекер жатпай сулуубуз келсе тамашалайлы деп прикол да ойлоп таап койдук. Бир кезде анын баскан дабышынан таанып, экөөбүз эки жерде уктаган болуп коңурук тартып калдык. Бирок, тигил сулуу биз күткөндөгүдөй жалгыз эмес, агайыбыз менен кошо кирип келбеспи. Экөө шыбырашып сүйлөшүп, биз болсо коңурукту кош тартып дегеле болбойбуз. Экөө жарыкты жандырбастан жерге төшөк салып жата кетишти. Агай сулууга асылып жатып, бир учурда теңселе туруп келип менин мурдума бир нерсе таштап койду. Тигил тарапта жаткан Назинин мурдуна да бир нерсе таштады. Сыягы аны биздин жасалма коңуругубуз жадата баштаган өңдөнөт. Эми биздин абалыбызды көрүп ал! Ойгоо жатканыбызды билип калбасын деп же мурдубузга ташталган нерсени алып сала албайбыз же оодарыла албайбыз. Экөө болсо күшүлдөп-бышылдап төшөк ырахаты менен алек. Бир убакта экөө иштерин бүтүрүштү окшойт, дымып калышты. Анан агай коңурукту момундай тартат дегендей бизден ашып коңурук тартып уйкуга кирди. Ошентип, экөө катуу уйкуга киргенде, баягы мурдумдагыны алсам, кудай бетин салбасын, сулуунун көкүрөк тарткычы экен. Меники да жакшы, Назинин мурдуна трусасын таштаптыр. Ошентип, сулууга прикол көргөзөбүз деп, анын ич кийимин жыттап калганыбызды кантели. Эртеси сулууга ар нерсени айтып, чычалаталы десек, аныбыз: «Билсеңер ал тарыхта калчу агай да” дебеспи. Атаң көрү, тарыхта кала турган агайынын бизге жыттатканы сулуусунун ич кийими