«Апакай дене, аркар төш» дегендей, аялзатынын денесин сүрөттөөнүн өзү эле жагымдуу. Ал эми көз талдырган сулуу денеге сүрөт тартуучу? Жылаңач денеге сүрөт тартуу бизде жакын арада эле пайда болду. Бул жаатта өзгөчө эмгек кылган сүрөтчүлөрдүн бири Юристанбек мырза аял, кумар, сулуулук тууралуу ой бөлүштү.
– Юристанбек мырза, боди-арт искусствосун өздөштүргөнүңүзгө канча болду?
– 1986-жылы Конго мамлекетинде менин жеке көргөзмөм өткөн. Конгонун Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Мококо Эмиль Конгонун айылдарын кыдырткан эле. Мени таң калтырган нерсе, ал жердеги аялдардын көбү денесине сүрөт тартып жүрүшөт экен. Аны көргөн соң аялдардын денесине кызыгуум күчөдү. Аялдардын денеси абдан сулуу, ошол денеге сүрөтчүнүн табышмактуу боёктору түшсө, бир көркөм чыгарма болуп жанданып кетет. Кыргызстанда эң биринчи болуп аялдардын жылаңач денесине сүрөт тартууну мен баштадым.
– Эң алгачкы мындай сүрөттү тартканыңыз эсиңиздеби?
– «Ленин комсомол» сыйлыгын алгандан кийин тартып баштадым. 30 жаштарда го. Хм, кандай абалда болдум?.. Мисалы, доктурга барганда чечинебиз го, эч кандай эмоция жок. Мен денеге сүрөт тартып жаткан учурда оюмдун баары чыгармада болот, кандай жыйынтыкталат, кандай жасалат?.. Тартылып жаткан кыздардан «силерде тартып жатканда кандай сезим болду?» десем, «кадимкидей эле, биз сизди белгилүү сүрөтчү катары билебиз» дешти. Албетте, акчага түшүп беришет. Алгачкы сүрөт тартканымда көбү орус улутундагы кыздар эле, кыргыз улутунан бирөө болчу. Ал «агай, мени бирдеме кылып таанытпай эле коюңузчу» деп суранды. Анан мен анын жүзүн кара өңгө боёп койдум.
– Кыздарды сүрөткө тартуу үчүн канча акча төлөп бересиз?
– 100 доллардан.
– Аялдын денеси сиз үчүн...
– Аялдын денеси мен үчүн табышмактуу, айтылбаган сыр, ар бири ар башкача сулуу. Аялзатынын денесине сүрөттү көбүрөөк тартыш керек. Алардын денеси сени кандайдыр бир башка дүйнөгө жетелеп, таза, тунук болууга чакырат.
– Биздин атактуу айымдардын кимисинин денесине сүрөт тарткансыз же тарткыңыз келет?
– Атактуу айымдарга мен даап айта алган жокмун, бирок тарткым келгендер бар. Чолпон Баековага тартса болот, Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиевага тартмак элем.
– Боди-арт тартканыңызга аялыңыздын реакциясы кандай, кызганбайбы?
– Аялым Ленинград шаарында академияда окуп жүргөндө (жылаңач аялдарды биз ошондон эле тартып үйрөнөбүз) кызганып жүрдү. Андан кийин өзү менин окуума келип, көрүп таарынбай калды. Кудайга шүгүр, ал менин кесибимди жакшы түшүнөт, ошого ыраазымын. Экөөбүз 30 жылдан бери жашап келе жатабыз, 3 балабыз бар.
– Жашооңузда ала жипти аттаган учурларыңыз болду беле?
– Эмнени? Ала жиптиби? Жо-ок! Андай болгон эмес.
– Сексуалдуу сүрөттөрдү тарткан адам өзүн сексуалдуумун деп эсептейби?
– Абдан. Мен абдан сексуалдуу жигитмин.
– Кыздарды сүрөткө тартып жатып кызыгып кеткен учурларыңыз болгонбу?
– Мен токтотчу жерден өзүмдү токтотуп коём (күлүп). Кыздарды билбейм, кээ бири кисточка тийсе, «өзүнчө эле массаж экен» деп көшүлүп туруп беришет. Эмгегибизден экөөбүз тең ырахат алабыз.
– Сүйүү менен төшөктүн айырмасы эмне сиз үчүн?
– Сүйүү бул – түбөлүктүү, тунук сезим, ал эми секс – ошол адамдын болуп жаткан учурдагы ырахаты, эс алуусу, кумары.
Асхат Субанбеков
erotika@super.kg