«Күндүзгү Чабыт» киносундагы «Останусь» саундтрегинин жана «Вне зоны доступа» ырынын хитке айланышы менен «Город 312» тобу өзгөчө популярдуулукка жетише алды. Кыргызстандан чыгып учурда Москвада эмгектенип жатышкан бул топтун балдары мынчалык бийик деңгээлге жетиш үчүн жылдап эмгектенишип, көп кырларды ашып өтүшкөндүгүнөн көпчүлүк маалымдар эмес. Орус шоу-бизнесин багынтыш үчүн топтогу балдар өздөрү туулуп өскөн жерин, Бишкекти таштап кетүүгө аргасыз болушкан.
– Алгач топтун курамы менен тааныштырып өтсөңөр?
Ая: – Биздин топ беш кишиден турат. Эки кыз, үч бала. Алардын атын атап өтсөм, Маша, Дима, Леон, Сергей, анан мен Ая.
– Тобуңар кандайча түзүлгөн, ушул тууралуу сөз баштасаң?
Леон: – Биздин чыгармачылык жолубуз Кыргызстандан башталган. Ал жакта агам Дима экөөбүз «Аян» деген популярдуу топто ырдачубуз. Ал эми азыр гитарада ойногон кызыбыз Маша жана солисткабыз Ая биздин дос кыздарыбыз болчу. Ая менен реклама жаатында да иштешип жүрдүк. Андан тышкары Ая консерваториянын вокал бөлүмүн бүтүргөндүктөн, ырдачу. Бир күнү күтүлбөгөн эле жерден Дима экөөбүз Москвага кетүүнү чечтик. Ал эми топтогу балдар эмнегедир биз менен бирге кетүүдөн баш тартышкан. Эң кызыгы, биз менен Россияга балдар эмес, дос кыздарыбыздын кеткени болду.– Кыздар, силер балдар менен кеткенден корккон жоксуңарбы?
Ая: – Негизи, биз көп нерсеге Кыргызстандан жетиштик десем болот. Бирок, ал жактан чоң аренага чыгуу кыйынга тураарын билсек да, балдар менен Москвага кетүүнү туура көрдүк. Маша биздин топко кошулганга чейин профессионалдык бий менен алектенчү. Ошол учурда тобубуздагы гитарист жигит кетип калган. Аз убакыттын ичинде Маша гитарада ойногонду үйрөнүп, топтун гитаристи болуп калды. Машанын музыкалык билими жок болсо да, учурда өз ишин жогорку деңгээлде аткарат.
– Ая, сен Кыргызстанда сахнада Светлана Назаренко деген өз ысымың менен чыгып жүрчү элең. Ал эми Москвада эмне үчүн Ая болуп алдың?
– Ооба, кыргызстандыктар мени Светлана Назаренко деген өз ысымым менен таанышат. Ал эми Москвага келгенимде сахнага оригиналдуу псевдоним менен чыгууну чечтим. Ошентип, Ая деген псевдонимди тандап алдым.
– Дегеле кыргыз шоу-бизнеси менен орус шоу-бизнесинин айырмасын байкасаңар керек?
Ая: – Айырмачылык бар. Кыргызстанда шоу-бизнес дээрлик жок. Анан дагы концертке барганга көпчүлүктүн акчасы жок. Ал эми орус шоу-бизнесинде өнүгүү бар. Бирок, учурда өзүбүз иштешип жаткан компаниянын ишине нааразы болуп жатабыз. Иштешип жатканыбызга бир-эки ай болсо да, эч кандай жыйынтык көргөн жокпуз.
– Азыркы продюсериңер менен кандайча таанышып калгансыңар?
Дима: – Бизди фортуна колдоду десем болот. Топтун биринчи дискинин бет ачары болуп жатканда болочок продюсерибиз кокусунан ал жерге барып калыптыр. Ырларыбызды уккандан кийин биздин үн режиссёрубузга барып, биз жөнүндө сураштырган экен. Сыягы, ырыбыз жаккан окшойт, өз жанынан 200 рублга биздин ырларыбыз жазылган дискти сатып алыптыр. Ал учурда Москвада күнүмдүк тапкан акчабыз менен жашачубуз. Концерттерден, белгилүү топтордун ыр жаздыруучу студияларына барып аранжировка жасай коюп же вокалдан сабак бере коюп акча таап дегендей. Кыскасы, музыкалык жөндөмдүүлүгүбүздүн аркасы менен жашап жүрдүк. Канчалык кыйналсак да биз музыкага тиешеси жок иштерде иштеген жокпуз. Анткени, музыкадан алыстап кетсек, карьерабызга чекит коюлмак.– Тобуңардын атына да көптөр таң берип келишет. «Город 312» деп атап алганыңардын себеби?
Леон: – Алгач биз топко «Добры Молодцы», «Эминем», «Город 312», «Роллинг Стоунз» деген аттарды тандаганбыз. Бирок, интернеттен «Город 312ден» башка биз тандаган аттар колдонулуп жүргөнүн билдик. Анан атыбызды «Город 312» деп коюуну чечтик. Анткени, биз баарыбыз Бишкектен таанышканбыз. Анын үстүнө Бишкектин коду – 312. Андан тышкары биздин Москвадагы биринчи квартирабыздын номери да 312 болчу. Ошентип, тобубузга оригиналдуу ат коюп алганбыз.
– Негизи, ар бир топтун иштөө келишиминде өзгөчө талаптар коюлат. Силердеги талап кандай?
Ая: – Биздин келишимдеги эң катуу коюлган талап болуп сахнага чыгаарда, дегеле жумуш учурунда спирт ичимдигин, баңги заттарды колдонбоо саналат. Баарыбыз муну колдойбуз.
– Өзүңөрдүн популярдуулугуңарды сезесиңерби?
Дима: – Бизди Россиянын ар бир атуулу тааныйт дегенден алыспыз. Жакында эле бизди алып кеткени келген айдоочу: «Мага «Город 312» деген заявканы бергенде бул кайсы шаар болду экен деп картаны карап жүрбөймүнбү. Көрсө, силердин тобуңар ушундай аталат тура» деп жатпайбы.
Ая: – Дагы бир окуяны эстеп кеттим. Бир жолу концертке ырдаганы бардык. Алпаруучу Николай Фоменко бизди тааныштыраардын алдында «Город 312» дебей эле «Город» же болбосо «312» деп эле коюп алышса болмок. Атын айтып тааныштырганча тилиң чарчайт экен» деп тамашалаган. Сахнага чыгууга бизге кезек келгенде «болгула фонограммаңарды даярдагыла» деп шаштырып жүрөт. Бизде фонограмма жок, жандуу үн менен ырдайбыз десек, таңгала карап калганы эсимде. Биз ырдап бүткөндөн кийин ушунчалык ыраазы болгонун айткан.– Фонограммасы жок ырдагандан кыйналбайсыңарбы?
Ая: – Чынын айтсам, «живой» ырдаган абдан оор. Бул жагынан биз Валерия менен окшошпуз, дайыма фонограммасы жок ырдайбыз. Ушундан улам ар бир концерт бүткөндө адистерге көрүнүп турабыз.
– Учурдагы популярдуу «Күндүзгү чабыт» киносуна ырыңар кандайча тандалып калган?
Леон: – Ырыбыз кино тартыла электе жаралган. Үн жаздырган компания «ырыңарды кинону тартып жаткан режиссёрго сунуштап көрбөйсүңөрбү?» деп кеңеш айткан. Бирок, мүмкүнчүлүгүбүз аз экенин да кошумчалаган. Анан дагы ошончо ырдын ичинен биздин ырды тандап алат деп эч ким күткөн эмес. Ырыбыз тартылып жаткан киного ылайык келип, биздин ыр тандалып алынган.
– Орус шоу-бизнесинин жылдыздары силерди кандай кабыл алышты?
Ая: – Бактыбызга бир да жолу жаман сөз уккан жокпуз. Концерттерде болобу, артисттер чогулган кечелерде болобу мактоо сөздөрдү угуп келебиз. Өзгөчө Буйнов, Наталья Подольскаялар келип комплимент айткандары эсимде. Бул дагы биз үчүн ордубузду тапканга түрткү болду.
– Туулган жериңерди эстейсиңерби?
Леон: – Биздин мекенибизде токойлор, тоолор, суулар көп. Анын баарын сөз менен жеткире албайсың. Ал эми чиркей жокко эсе.
Ая: – А козу карындарында сөз жок. Баарын жесең болот. Экологиясынын тазасын сураба. Жаратылышы абдан кооз.
– Ал жактагы жакындарыңар менен байланышып турасыңарбы?
– Албетте. Алар биздин жашообузда эмне болуп жатканы тууралуу кабардар болуп турушат. Биздин эң жакын адамдарыбыз ошол жакта да.
– Жеке жашооңор жөнүндө айта кетсеңер?
Дима: – Менин сүйүктүү түгөйүм бар. Ал журналист, жазуучу. Ал биринчи жолку интервьюсун бизден алган. Ошентип, таанышып калганбыз. Экөөбүздүн жылдыздарыбыз келишип, төрт ай мурун үйлөнгөнбүз.
– Ая, кыялыңдагы адамга жолуккансыңбы?
– Менин кыялымдагы адамым кол жеткис деп айтпайм. Мага сөзүнө бек турган, эрктүү, акылдуу мырзалар жагат.
– Маша, а сиз ханзаадаңызга жолуккансызбы?
– Менин сүйүктүү адамым бар. Ал мени бардык жактан канааттандырат. Кыскасы, ал менин идеалым.– Концерт алдында толкундануу болобу?
Маша: – Болот. Мен көбүнчө техникалык маселелерден корком. Андан тышкары эл канча келет болду экен деп эле бушайман боло берем.
Ая: – Мен өзүмчө эле толкундана берем. Анан да концерт алдында топтогу балдар болуп бири-бирибиздин көңүлүбүздү түшүрбөйбүз деп убадалашып алабыз.
– Сергей, адис музыкант катары топтун музыкалык деңгээлине кандай баа берет элең?
– Топтогу ар бир солисттин үнү өзүнчө оригиналдуу. Анан да балдар бири-бирине катуу талап коюшат. Музыкант катары ушул жагын жогору баалайм.
– Учурда Москвада катталгансыңарбы?
Дима: – Каттоо маселеси толук чечилип бүтө элек. Ушул боюнча метрого түшкөндө милиция кызматкерлери менен келишпестиктер болот. Өзгөчө Аяны таанышып алалы деп кармашат.
«МК»гезитинен алып даярдаган Жаркынай Нусубалиева