Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов Бишкектин уңкур-чуңкур жолунан тажап, муниципалдык кызматты күтүп отурбай ишти өз колуна алмакчы. Тактап айтканда, баш калаанын көчөлөрүнүн жолун оңдойм дейт. “Эгерде шаардын администрациясы аракетимди мыйзамсыз деп тапса, айып пул төлөөгө деле даярмын”,- дейт Атай мырза.
Катардагы жаран минтип жол салууга киришсе, моюнунда жоопкерчилиги бар Бишкектин мэри Иса Өмүркулов: “Атайдын демилгесин колдойм. Бирок ал өз коопсуздугун ойлонуп, бул идеясынан баш тартса болмок. Анткени мындай иштерди жүргүзүү үчүн анын лицензиясы да жок. Демилгеси үчүн Атайды айып пулга жыгуу туура эмес”,- деди.
“Көйгөй деген толтура. Ушинтип ар бир жаран өз алдынча ишти колго ала баштаса, анда Иса Өмүркулов эмне үчүн мэр болуп отурат?” деген суроо жаралбай койбойт экен.
Маалымат үчүн: Атай Садыбакасов буга чейин өз чөнтөгүнөн Ысык-Көл жана Чүй облусунда жайгашкан туристтик, маданий мекемелердин көрсөтмө белгилерин көчөлөрдүн четине орноттурган.