Даамдуу тамакты баарыбыз жакшы көрөт эмеспизби. Кайталанма даамдардан тажаган болсоңуз, жөнөкөй азыктардан өзгөчө даамдуу тамак сунуштайбыз.
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Үч даана рулеттин ичине бирдей же түрдүү азыктарды салып бышырса да болот.
1. Алгач жумуртканы кызыган көмөчтанга кууруп алабыз (кааласаңыз жумуртканын ордуна калемпирди же жандоону кууруп пайдалансаңыз болот).
2. Андан соң болгар калемпирин бир аз кууруп, кабыгын сыйрып салуу керек.
3. Этти сөөгүнөн шылып алып, жанчып, жалпайтабыз.
4. Эттин үстүнө мурч, туз, майдалагычтан өткөрүлгөн сарымсак жана сыр себилет.
5. Эми эттин бетине куурулган жумуртканы салып, тыгыз ороо кажет (кааласаңыз этти 3 бөлүккө бөлүп, бир бөлүгүнүн ичине калемпирди, экинчи бөлүгүнө жандоону, үчүнчү бөлүгүнө жумуртканы оросоңуз болот).
6. Оролгон эттин сыртынан целлофан менен бир нече кат кылып ороп, эки четин бекем байлап коюңуз.
7. Сууга салып 30 мүнөт кайнаткан соң тоок этинен рулет даяр (же электр мешине 30 мүнөт коёсуз).
Мындай даамдуу тамак дасторконуңузду көркүнө чыгарып, жеген адамдын таңдайында даамы калары анык.