УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен Бишкек шаардык прокуратурасы Чүй облусунун Сот башкармалыгы департаментинин сот ишин аткаруучусу Б.А. аттуу адамды тузакка илишти. Ал Аламүдүн райондук сотунун аткаруу баракчасындагы ишти оң тарапка чечип бергендиги үчүн пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда бул далил боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (пара алгандыгы үчүн) жана 304-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган) кылмыш иши козголуп, оңой жол менен капчыкты кампайтып алам деген сот аткаруучу убактылуу камакка алынган. Бирок бул ишти караган Биринчи Май райондук сотунун чечими менен убактылуу камактагы Б.А. үй камагына бошотулгандыгы маалым болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.