EURO 2012: ИРЛАНДИЯ

ИРЛАНДИЯ

Футбол ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1921.
Лакап аты – “Жашыл кийимчен балдар”
Капитаны – Робби Кин (“Астон Вилла”, Англия).
Башкы машыктыруучусу – Жованни Трапаттони.
Мыкты бомбардири – Рекордчу: Робби Кин (53).
Эң көп оюн өткөргөн оюнчусу – Рекордчу: Шей Гивен (120).
Эң ири жеңиши – 8:0 эсебинде Мальтаны (1983-жыл, 16-ноябрь).
Эң ири жеңилүүсү – 7:0 эсебинде Бразилиядан (1982-жыл, 27-май).
ФИФАнын рейтингинде 23-орунда турат

КӨЛӨКӨЛҮҮ ТАРЫХ
Британияда футбол алда качан эле өнүккөнү менен, Британия аралынын жашоочулары Ирландия курама командасы үчүн футболдук тарых 1988-жылы гана башталган. Футболдук ассоциация илгери эле түптөлүп, бирок өлкөдө футбол клубдук деңгээлде өнүккөн. Ирландиянын көптөгөн жаш таланттары аралдын футболдук борбору – Англияга агып, Премьер Лигасына көрк кошот. Улуттук курам түзүлгөн соң 48 жыл бою машыктыруучусуз ойногон. Эл аралык аренада 70 жылдан кийин тушоо кесип, "ЕВРО-1988ге", артынан 1990-жылкы мундиалга катышкан. Андан бери 2 ирет мундиалда чыкканы менен, Европа чемпиондугуна эми гана 2-ирет “зыярат” кылууда. Командага 2008-жылы клубдук деңгээлде бардык мелдештерди уткан, тажрыйбалуу башкы машыктыруучу Жованни Трапаттонинин келиши менен жылыш байкалды. Тажрыйбалуу машыктыруучу 2 жыл мурун команда менен "ЮАР-2010дун" бет келмей оюндарында француздар “ыплас” оюнунун (Анри колу менен токтотуп, натыйжалуу пас берген) курмандыгы болуп, мундиалга барбай калган. 72 жаштагы чал тирүү турса, андан үмүттөр чоң...

ИРЛАНДИЯ-ИТАЛИЯ: ТАЙПАДАН КИМ ЧЫГАТ?
Күйөрмандар Жованни Трапаттонинин тажрыйбасына жана команданын тирүү легендасы Робби Кинге ишенишет. Италиялык Трапаттони курамга Кинди алганын "ЕВРО-2012де" куру кол кайтпоо аракети дешет. Анткени улуттук курама командада 53 гол кийирип, Британия футболунун тарыхындагы мыкты бомбардир болгон 31 жаштагы Киндин да акыркы мелдеши. Башкы машыктыруучу: “Каалабасак да Италия же биз тайпадан чыкпай калабыз”,- дейт. Бул кеп алардын Испанияга теңелбей, Хорватияны теңине албай, Италияны башкы атаандаш тутуп жатканынан кабар берет. Курам тууралуу айтсак, “Жашыл кийимчен балдардын” үчөөнөн башкасы Европадагы футболдун казаны кайнаган Англия Премьер Лигасында ойношот. Алар жогорку сапаттагы футбол көргөзүшүп, командалык оюнга таянышат. Мүнөзүнө токтолсок, Британ аралынын мүчөлөрү өтө тырышчаак. Ийгилик кааламакчыбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан