Бир кезде Бек Борбиев “Түн чүрөгүм” деп созолонткон ыр кандайча, ким тарабынан жаралып калганына кызыгып жаткан болсоңуз, тээ 90-жылдарга кайрылабыз.
АЯЛДЫН ГҮЛГӨ БОЛГОН СҮЙҮҮСҮАталган ыр мырзалардын арзуусун чагылдырат. Бирок ырдын автору – ОшМУнун окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Гүлзара Абдимиталипова. Гүлзара айым менен байланышып, ырдын жаралуу тарыхы туурасында кеп салдык.
– Бул ырды уксам эле студент кезим эсиме түшөт. 1990-жыл, мен 2-3-курста окуган убагым. Бектин оргуштап ырдап, эл алдына чыгып жаткан кези. Ошондо Бек “Гүлзара, обон жаратканга жакшы текст керек, аракет кылып көрбөйсүңбү?” деп айтып калды. Анан мен ушул “Түн чүрөгүм” деген ырды жаздым. Түн чүрөгү – Кыргызстандын көп жерлеринде өскөн гүл. Түнү ачылат да, таң эрте жабылып калат. Бирөөнү сүйүп калып же башка романтикалуу учурлар болуп, ошонун негизинде жаралган эмес. Аялзаты гүлгө жакын келет эмеспи. Биздин гүлгө болгон сүйүүбүз менен мырзалардын аялга болгон сүйүүсү окшош. Мисалы, “Жамынып ай шооласын каректериң,/ Үлбүрөп жаз гүлүнөн элестериң./ Тартылып коюу түндүн кучагына,/ Татынам, тамшандырып кайда кеттиң?” деген саптарда мен гүлдү издегем. Түн чүрөгүн бир карасаң ачылат да, кайра эле таппай каласың дебедимби. Жигиттер ушул сөздөр менен сүйгөн кызын издешет. Ал эми “Өмүрдү караңгыга чулгап коюп,/ Кай жерди жарык кылып жүрдүң экен?” деген саптар гүлдүн өзүнө гана таандык. Гүл өзүнүн өмүрүн караңгыга байлап, анын жарыкта эч кимге көрүнбөгөн абалы ыр аркылуу сүрөттөлөт. Бек ыр керек деп суранганынан жазып жатып, өзүмдүн сезимимди эркек адамдын сезимине алмаштырып жазган болсом керек.
“Ырдын автору” деп мени көрсөтсө, таңыркаган адамдар көп болгон. Себеби ырды уккан ар бир адам автору аял киши деп ойлобосо керек. Алгач ырды 10 куплеттей жазып, Бишкекке барганда Бектин колуна бергем. Ошолордун ичинен азыр ырдалып жүргөн саптарды тандап алып, Бек музыкасын жазган.
“БИРӨӨНҮН ҮЙҮНӨН ЫРЫМДЫ УГУП КАЛЫП...”
– Кийин мен Жалал-Абаддын Барпы деген жерине тажрыйба алууга барып, ошол жерде аялдамада турсам, арт жактагы үйдүн радиосунан Бек “Түн чүрөгүм” деп ырдап жатат. Бардым да, эшигин каккыласам, үй ээлери тамактанып отурушуптур. “Мүмкүн болсо ушул ырды угуп алайынчы” деп сурандым. Ырымды ошентип эң биринчи бирөөнүн короосунан уккам.
Учурунда Бек бул ырды аккордеон менен жеткиликтүү ырдаса, эми Дайыр кайрадан жаңылап ырдап чыгыптыр. Ыр дагы эле популярдуулугун жогото элек экен. Таалайбек деген таланттуу жигит бар, бир кечеде чогуу отуруп калып, “Бек экөөңөрдүн бул эмгегиңердин артынан мен далай нан таап жегем” деп күлдүргөн. Сахнага алып чыкпаганы менен, эл алдында көптөгөн талант ышкыбоздору ырдап жүрөт турбайбы.
“БЕК МЕНИ ЭЛ АЛДЫНА ТУРГУЗА БЕРЧҮ”
- Мен ал кезде ОшМУнун жатаканасында жашачумун. Бек Ошко келген сайын жатаканага барып, мага концертине чакыруу бергени келет эле. Ал келатканда кыздар балкондорго чабалекейдей тизилип алышчу. Мен 10-15 кызды ээрчитип алып, концерттерине барам. Бек “Түн чүрөгүмдүн” автору” деп мени эл алдына тургуза берер эле.
Ошол ырдан кийин менин атым да “Түн чүрөккө” айланган. Бектин жанындагы музыкант балдарынын баары мени өз атымдан аташчу эмес. Көчөдөн көрүп калышса, Түн чүрөк деп чакырышчу. Студент кезимде бул ыр менен бир топ абройлуу болгом.
Уулбү Каныбекова
star@super.kg