Карысы-жашы дебей, эркеги-кызы дебей жакшы көргөн, эл сүймөнчүгүнө айланган ырчылары болот, ар бир доордун. Ошондой сүймөнчүк ырчылардын катарына Мирбек Атабековду кошо алабыз. Өткөн жылдын аяк ченинде кыргыздын шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн арасында “Мирбек үйлөндү” деген сөз уу-дуу айтылып, калкка кеңири жетпей, басты-басты болуп тынчып калган. Жаңы жылды утурлай редакциябызга келип берген маегинде Мирбек "үйлөнүп алды" деген кептер – жалган. Мен издеген сулууга жолуктум, балким, той деле алыс эместир..." деп сөзүнүн аягын бүдөмүк таштап, табышмактуу жылмайып койгон.
“Мирбек чын эле үйлөнгөн” деген кептер кайрадан айтыла баштады. Ал каңшаарды Мирбектин жакында эле Г.Сатылганова, А.Өзүбековдор менен АКШга болгон сапары дагы бекемдеп койду. Ырчынын АКШга сапары, ал жактагы мекендештер менен жолугушуулары жөнүндө интернет айдыңында маалыматтар жазылып, сүрөттөр жүктөлүүдө. Ал сүрөттөрдөн ырчы жалгыз эмес, Мээрим аттуу сулуу менен чогуу баргандыгын дароо эле түшүнүүгө болот. Эсиңиздерде болсо, бул бийкеч менен ырчынын бири-бирине кыналыша бактылуу жылмайган сүрөттөрүн жарыялаганбыз.
Бул каңшаар кептер Мирбек Иманбековдун жана Семанын окуяларын эске салат экен. Сема үйлөнүп, балалуу болуп калган маалында да суранып, үй-бүлөлүк абалын элге жарыя кылгысы келчү эмес. Ал эми Мирбек Иманбеков тууралуу “үйлөндү, кыздуу болду” деген кептер ачык айтыла баштаганда да ырчы менен продюсери “калп, ушак” деп жокко чыгарып жүрүшкөн эле, аягында маалымат чындык болуп чыккан. Балким, Мирбек Атабеков тууралуу бул кептер да акыры келип чын болуп чыгар. Эгер чындык болсо, эки жашка бактылуу турмуш каалайбыз.