Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ГҮЛШАЙЫР САДЫБАКАСОВА, КРнын Эл артисти: «КЫЗ-БУРАК» ҮЧҮН БАКТЫМДЫ САДАГА ЧАПТЫМ»

№495 27-апрель- 3-май, 2012-ж.


КИРИШ СӨЗ ОРДУНА

Өз бактымды өгөйлөдүм ыр үчүн!
"...Күрөш менен өнүп-өстүм, такшалдым,
Жеңилбедим, жерге башты салбадым.
Жолун ачтым таланты бар кыздардын,
Өнөрүнө өмүр бердим уздардын.
Жаманы бар, жакшысы бар жылдардын,
Жыргалына, кууралына чыдадым.
Өз бактымды өгөйлөдүм ыр үчүн,
Ошол менин элге кошкон үлүшүм..."
деген саптар КРнын Эл артисти, “Кыз-Бурак” эстрадалык тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын калемине таандык. Эже бизге өткөн өмүрү тууралуу баян этип, сырларын төктү.

«ЭРКЕК МҮНӨЗ ЭСЕЛЕК КЕЗ...»
–Мен мугалимдин үй- бүлөсүндө төрөлгөн карапайым кыргыздын кызымын. Өмүрүм, жашоом Ноокат районундагы Кулатов (мурдагы Жал, Кожо-Арык) айылында өттү. Атам менен апам ар дайым жумушта болгондуктан, чоң энемдин колунда тарбияландым. Кичинемден өтө шок чоңойдум. Бир жолку тентектигим эсимде.
Беш жаштамын, корообуздагы кочкорду жыгач менен сайгылай бериптирмин. Акыры кочкордун да жаны чыкты окшойт, мени дубалга жабыштыра сүзүп салды. Кочкордон коркуп сөрүнүн (тапчан) алдына кире качтым. Мурду-башым канап, өкүрүп-бакырып апам келгенге чейин ыйлап отура бергем. Апам келип “күнөө кочкордо эмес, сенде” деп мени урушкан эле. Мектепте окуп калганда деле эркек балдарга кошулуп футбол, чүкө ойночумун. Кыздар менен отурганда жүрөгүм сыгылып кетчү.

«АЙДООЧУ БОЛОМ ДЕГЕМ»
–Балалыгым өттү, 8-классты бүткөндө атам менден сурап калды, "сени окууга жөнөтөбүз, кайсы кесипти тандайсың?" деп. Биринчи эле "айдоочу болом" дептирмин го. Атам "качан аял киши машина айдачу эле?" деп чалкасынан кетти. Ойлонуп туруп "анда дүкөнчү болом" дедим. Аны да "акчага жакын болбо" деп жаратпады. Мен да эч ойлонбостон “бул эки кесип жарабаса, анда артист болом” дептирмин. “Жети атабызда артист болгон эмес, оозуңа алба артист болууну” деп атамдын жинденгенин айтпа. Ошентип кесип тандай албай отуруп, орто окууга барбай калдым.

«АТАМ МАГА ЭКИ ЖЫЛ ТААРЫНДЫ»
–Эмнегедир атам тыйган нерселердин баарын жасай берчүмүн, велосипед теппе десе тээп, эшек минбе десе минип. Атам мени кыз бала болуп чоңойсун десе, мен эркектей болуп жинине тийчүмүн. Окууну бүткөн соң атамдын катуу колу алдында кыргыз тили мугалими болууга даярдык көрүп, Фрунзеге жөнөп кеттим. Эки жыл катары менен тапшырып, сынактан өтпөй калдым. Атам “болду эми, сен окубайсың, күйөөгө берем” деп калды. Ошол убакта колумду сурагандар чыкты. Дагы бир жолу барайын десем, "жок дедимби, жок" деп кетип калды талаага. Анан апама ыйлактасам, эне да түтпөдү көрүнөт, атама чыккынчылык кылып мени окууга жиберди. Билеттен сырткары 40 сом менен борбор калаага кеттим. Ата-энеме айтпай музыкалык факультетке тапшырдым. Окууга өткөнүмдү апама айтып, атама айтпадым. Атам принципиалдуу киши. Жолунан өтүш оор эле да.
6-7 айдан кийин атам менен телефондон сүйлөшүп, музфакта окуп жатканымды айттым. Атам шарт телефонду коюп койду, ошол боюнча 2 жыл таарынды мага. Акчаны апам берет.
2-курста айылга келдим, ал убакта шалбыраган, багалегинин кенендиги 40 сантиметрге жеткен шымдар мода болчу. Ошондой кийинип айылга барып алыпмын. Бир убакта атам келе жатат, кабагын карыш түйүп алып. Келип эле “эл-журтка мени уят кылдың, каяктагы батыштын шымын кийип” деп урушуп, тилдеп, какыс-кукус да кылып жиберди. Ошентип, алгачкы жолу айылга кыздардын шым кийгенин мен алып келдим.

«ШООЛА» 7 ЖЫЛ ГАНА ЖАШАДЫ»
–Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамыбыз 1972-жылы башталды. Ыр жазып, обон чыгара баштадым. 1973-жылы алгачкы жолу кыздардан ансамбль түзүү аракети башталды. Чоро Кожомжаров, Эркин Курманов аттуу агайларыбыз топ түзүүгө аракет кылышты. Кастинг башталды, тандалып отуруп алгачкы урма аспапта ойногон кыз мен болдум. “Шоола” деген топ түзүлдү. Латвия, Литва, Москвага чейин барып келдик. “Шоола” 7 жыл жашап туруп эле өмүрүн токтотту. Окууну бүткөн соң бизди Оштогу педучилищеге мугалим кылып жөнөтүштү. Ошко келсек, кыздар ансамблин түзүү толкуну бул жакка жеткен экен. Рахман Салмаматов деген агай бизге топ түзүлүп жатканын айтты. Драмтеатрдын 3-кабатында 4-5 кыз эми ойноп үйрөнүп жатышкан экен, биз даярбыз да, дароо эле кошулуп кеттик. Ошентип, ансамблдин атын коюу аракети башталды. “Кыз-Бурак” деген ат көңүлгө жагып, тандап алдык. Өмүрүмдү ансамблге арнадым, жаштыгымды сарптадым. Керек болсо үй-бүлөмдү, бактымды да ушул “Кыз-Бурак” үчүн садага чаптым.

«ЖОЛДОШУМ «КЫЗ-БУРАГЫҢДЫ» ТАШТА ДЕДИ»
–Жолдошум Мамырасул (Абдрасул дечүбүз) деген жигит менен студенттик кезде таанышканбыз. Ал кезде жердештер чогулуп кече уюштурмай деген мода эле. Окууга өткөн жылы жердештер отурушуна баргам. Бир кафе толо адамдар. Биздин столдо Абдрасул да отурган. Анда ал жигит эт комбинатында жумушчу болуп иштечү. Ошол жерден таанышып калдык, Ноокаттан болот экен. Мен эми бала кыялмын да, сүйүү-пүйүү эмне экенин билбейм. Ал 1973-жылдан 1978-жылга чейин 5 жыл артымдан жүрдү. Урушсам, сөксөм деле, кыздардын көзүнчө жерге чапсам деле баарына көтөрүмдүү болуп жүрүп, акыры 1978-жылы экөөбүз баш коштук. Көпкө жашадык. Ал бир гана талап коюп туруп алды. “Кыз-Бурагыңды” таштачы, жөнөкөй эле өмүр сүрөлү” деди. Чынында, “Кыз-Бурак” деп аты сонун угулганы менен, мунун ичинде канча деген ый-күлкү, канча көз жаш, канча кайгы, жыргал, куурал бар. Айрыкча кыздар менен иштеген азап менен тозоктун өзү. Ар кандай үй-бүлөдө тарбияланып келген кыздардын башын кошуп, бир максатка көңүлүн, дитин буруш эркти, күчтү, энергияны талап кылат. Ошон үчүн мына таштайм деп кээде таштап коюп, карабай салып жүрүп деле ансамблден кол үзүп кете албай койдум.
1990-жылы бизнеске өтүп кеттим. Бирок негедир кыздар жетимсиреп калгансып, кимдир бирөө мага нааразы болгонсуп, кайра топко тартыла бердим. Айтор, чыгармачылык деп жүрүп жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы жарака чоңойду. Күйөөң деле айта берип чарчайт экен да, муздады. Акыркы 7-8 жыл үзүл-кесил жашап калдык. Ал Орусияга кетти, арабыз алыстады. Акыры 2002-жылы “кой эми, дос, экөөбүз башка эле жашайлы” деп ажыраштык. Самарада экинчи бүлөсү менен жашады.
Кайненем Абдрасул төрөлгөндө каза болуптур. Кайнатам башка бүлөсү менен жашачу. Ошондуктан Абдрасулдун тага журтуна келин болуп бардым. Бүгүнкү күндө да таякелеринин балдары менен жакшы мамиледебиз, алар "жеңе" деп келип турушат.

«БӨТӨЛКӨ САТЫП БИЗНЕС БАШТАГАМ»
–1992-жылдан бери бизнесим бар. Эң биринчи аукциондордо Ноокат, Кызыл-Кыя, Оштон бирден дүкөн сатып алгам. Ошол дүкөндөрдүн пайдасын көп көрдүм. Анын ичинен Кызыл-Кыядагысы бөтөлкө кабыл алчу дүкөн эле. Ошого элдин баары күлгөн. "Шашпагыла, силерге көрсөтөм" дедим да, дүкөнүмө "бөтөлкөгө самын алмаштырам" деп жазып койдум. Анан көрө бер, элден чогулган бөтөлкөлөргө бир КамАЗ кир самын алмаштырдым. Бөтөлкөлөрдү Оштогу арак заводуна өткөрдүм. Ошондогу арак заводдун директору бетимден өпкөн, "бизде бөтөлкө жокто ырас кылбадыңбы" деп. Бөтөлкөгө арак алмаштырып, арак бизнесин баштадым. Аракты ушул жердеги эле кампабыздан талап кетишчү. Экинчиси ошол эле чакан ишканамдын базасында болду. Жибек комбинатындагы костюмдардын ичине тигилчү саржаларды чаң басып жаткан жеринен сатып алып, түрктөргө саттым. Андан кийин насос заводунун товарын эч ким албай, калып кетти. Аны Өзбекстанга саткан да мен болдум. Ошентип тобумдун тымтыракайы чыкканда бизнес баштап, сактап калдым.

«ДУШМАНЫМ КӨП БОЛСО, ЧЫЙРАЛАМ»
–Чыгармачылык болгондон кийин жакшысы, жаманы, бут тосуулар, интригалар болот. Ачуу, таттуу сөздөр... Мунун баарын бүгүнкү күнгө чейин башымдан өткөрүп келатам. Бир кызга гитара үйрөтүү үчүн бир жыл убакыт сарпталчу. Кылдап үйрөтүп койгон соң койду ала качкандай эле ала качып кетишет. Ошентип отуруп өмүрүм өттү. "Кыз-Буракты" эч таштай албадым, одоно айтканда, "Кыз-Буракка" никеленип, "Кыз-Бурак" мага никеленип калган экен. Мына, буюрса, 25-28-апрелде Ошто, 9-10-майда Бишкекте 35 жылдык маараке-концертибизди бергени турабыз. Буюрса, "Кыз-Бурактын" 40 кызы жандуу үн менен ырдашат. Маараке-концерттин эң жаш ырчысы мен болом...

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(17)
30.04.2012. 14:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
24-10-2011
Соӊку аракети:
15-03-2014 23:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozbekstanga satkany jakshy eken. Karylykta kalkyp omur surunuz ejeke
kyz buraktan nan taap jashagandan kiin but omurunuzdu arnashynyz kerek
30.04.2012. 19:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
18-07-2010
Соӊку аракети:
28-02-2018 09:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий Кыргызстанда болсом бармак экенмин да.
30.04.2012. 21:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-03-2012
Соӊку аракети:
21-12-2014 00:51
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кенже м-н урушуп топтун баркы кетти
01.05.2012. 03:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
306
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
16-08-2017 19:15
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озу да ушунча кыйынчылыкты башынан откоруптур, Кенже турмушка чыгып жатканда жакшына эле коштошбойт беле. Алда жаштыгын Кыз бурака арнаган го. Азыр укум деле келбейт кыз буракты Сайкалда батышты туурап современный деп алып бир нерселерди кыйкыра берет
02.05.2012. 09:42 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
24-02-2012
Соӊку аракети:
31-01-2013 10:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура туура айтасын, Кызбуракты Кенже эже гана которчу, азыр чыгып алып оздорун гана сыйпалашат го сахнада, 30-40-15 жыл деп эптеп-септеп концерт коюп, акча топтомой.
01.05.2012. 09:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
02-01-2012
Соӊку аракети:
24-08-2015 09:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Azir barkida kalbady kiz buraktin,murda jakwi chigiwkan bolchu
01.05.2012. 20:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
239
Катталган:
03-04-2012
Соӊку аракети:
12-09-2018 21:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
еч качан конулунуз чокпосун бар болунуз аман болунуз
02.05.2012. 18:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
340
Катталган:
04-10-2008
Соӊку аракети:
22-10-2013 14:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле кыздар менен иштоо кыйын. Айрыкча интригага толгон топто. Гулшайыр эже бул жагынан алганда катуу тартипти талап кылып туура кылат. бир жолу концертте кошогонун артына ото калып, кыздардын кырылганын коруп дагы бир жолу Глушайыр эжеге рахмат дедим, чыдаган, туткон.
02.05.2012. 20:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
367
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:31
Жынысы:
Белгисиз
0
мурдагы кыз-буракка жетпйт....
02.05.2012. 23:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
203
Катталган:
22-05-2007
Соӊку аракети:
14-09-2015 15:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Менин билгеним боюнча Кыз-бурактын жаркыраган жылдыздары Гульнара Калдаров, Кенже Дуйшоева, Айжамал Кабылова болду. Ошол убакта ырдаган ырларын азырга чейин угуп журом. Алдыда дагы таланттуу кыздар чыгат деп ишенем. Ийгилик Кыз-Буракка !
03.05.2012. 00:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
24-04-2012
Соӊку аракети:
25-10-2012 00:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Murunku Kyz Buraktyn danazasy kaira kayrylyp keliwine tilektewmin!
03.05.2012. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
226
Катталган:
11-04-2012
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
тынчтык
0
Эмнеси болсо да эжебиздин эмгеги ото чон.Баалаш керек.
03.05.2012. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
14-12-2011
Соӊку аракети:
14-03-2018 02:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
0
ийгилллик бирок баркы кеткендей
03.05.2012. 17:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
30-01-2012
Соӊку аракети:
25-09-2018 19:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз-Бурактын чолпон жылдыздары Кенже, Айжамал эле, айрыкча Гулнара эле. Ушундай таланттарды дагы таап, Кыз-Бурактын зоболосун которуу керек..
05.05.2012. 03:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
213
Катталган:
04-06-2009
Соӊку аракети:
13-05-2018 12:25
Жынысы:
Белгисиз
0
ГУльшаир эже 35 жылдык маарекениздер менен куттуктайбыз!КУштаркан абжем да сиздер менен биринчилерден болуп чыккан!БИШКЕКте болгондо келмек элек,оркундоп осо бериниздер!!!
06.05.2012. 11:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
151
Катталган:
31-03-2012
Соӊку аракети:
24-06-2018 01:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшйыр эже,мааракениздер кут болсун!Сиздерге эн биринчи ден-соолук каалайм! Озбектер "ЯЛЛА" менен сыймыктанса, биз"Кыз-Бурак" менен сыймыктанабыз!Анан да ырчы кызыныз Аида Макамбаева жердешибиз,кудаачылк жайыбыз да бар, мектепте музыкадан сабак бергем ага, кичнекейинде эле "Кыз-Бурактын" ырларын ырдай берчу, ырчы кызыныз Канымгул Акрамова менин эжекем болгон учурунда, бул жагынан да абдан сыймыктанабыз, эже соз башындагы ыр саптарыныз абдан таасирдуу экен, Сизге таазим, коп жашаныз, очпонуз ЭЖЕ
24.06.2012. 00:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
03-10-2010
Соӊку аракети:
10-10-2015 06:52
Жынысы:
Белгисиз
0
"ошн" дейт ко маштнанын номери:))) Kozumo jyluu uchurap ketti. Batkendin "jigulileri" da "ошx" boloturgan:))) Bul eje ozuncho ele Kurmanjan datka. Myndai ayaldar az ele da negizi kyrgyzda:(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21232;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: