– Бактыбек мырза, келинчегиңиз менен кандайча табышып калгансыз?
Бактыбек: – 2007-жылы Ошто банкта иштеген Шертбек деген досум үйлөнүп, тоюна чакырып калды. Анан достору, жоролору болуп тойго барганбыз. Чогуу иштеген жамаатын да чакырган экен. Кесиптештеринин арасында буту жерге тийбей эле бир кыз жүрөт так секире бийлеп. Жигитпиз да, сырттан көз салып койдук, «ким бул, кайдан болот?» деп сураштырып дегендей. Ошол тойдон таанышып, 3 жылдан кийин, 2010-жылы 23-январда баш коштук.
– Биринчи көргөндө эмнесин жактырдыңыз?
Б.: – Шайыр, өзүнө ашыкча чектөөлөрдү койбогон, жашоодо алдына максат коюп, ошого жете алчу кыздай көрүндү. Адамдардын көзүнөн, кылык-жоруктарынан эле байкалат да, өзүнө канчалык ишенери жана жашоодо канчалык ийгиликтерди багынта алары. Мага ушундай сапаттары жаккан.
Айсалкын: – Бакыт деле мага башка жигиттерден өзгөчө көрүндү. Эрки күчтүүлүгү менен чечкиндүүлүгү жакты. Эркек адамга мындай сапаттар керек деп ойлочумун. Дал ушундай жигитке жолуксам деп кыялданар элем.
– Демек, кыз-жигит болуп 3 жыл сүйлөшүп жүрдүңүздөр...
Б.: – Ал кезде оппозицияда жүргөндүктөн, өз башымдагы оор күндөрдөн улам өзүмдү Айсалкындан оолак кармап турчумун. Анткени сүйлөшкөн кызымдын жашоосуна да кооптонуу жаралбасын дейт элем. Курбу кыздары «Бакыт жакшы бала го, ошону менен эле жүрүп албайсыңбы?» десе, бул айтчу экен «ал туруктуу эмес, бир-эки келип, анан дайынын таптырбай жоголуп кетет» деп. Чын эле жумуштарга алаксып жок болуп кетмейим бар эле. Экинчиден, жигиттер кыздарга барарда куру намыска чиренип чыга келебиз. Акча керек дегендей. Ал эми кыздардын бир жаман жери, кафеге чакырсаң, сөзсүз 2-3 курбусун ээрчите келет. Мындай учурда акчаң сөзсүз эки эсе көп болушу керек. Өзүм бир айда бир жолу акча тапсам, аны бир отурганда эле мунун курбулары менен жок кылып коюп, кийинки айга камдана баштамай. Ушинтип отуруп кээде жолугушууларыбыз 1-2 айга созулуп кетчү.
– Сиздей олуттуу адамга сүйүүнү билдирүү кыйынчылык жараткан жокпу?
Б.: – Сүйүүнү билдирүү саясатчылар үчүн ашыкча эмгек талап кылбаган нерсе. Сөзүң дайыма оозуңда, сөзмөр болосуң дегендей. Анын үстүнө 25 жашыбызда баш коштук, бул курак – жашоодо көп нерсени көрүп, оюңду каалагандай шыр эле айтып салганга мүмкүнчүлүк берген жаш да. «Мага турмушка чыгасыңбы?» деген кесе-кесе айтылган сөздөр менен эле сунуш киргизип, чечишип алганбыз. Бул да ушуну эле күтүп жүргөндөй дароо эле «ооба» деген (каткырып алды).
– Сиз кандай кабыл алдыңыз?
А.: – «Ооба» деген эмесмин, кандай десем?.. Кыздардын назы болот эмеспи. Башында «айта берет да» деп жy]акшы маани деле берген жокмун. Кыздарга айтылган көп сунуштун бири катары эле кабыл алгам. Анан да бат эле жок болуп кетип, кайра пайда болуп жатса... Ооба, курбу кыздарым көп айтышчу «жакшы бала, ушуга эле турмушка чыкпайсыңбы?» деп. А бул кайра эле дайынын таптырбай кетчү.
Б.: – Кээде жеке жашоодо да саясий ыкмалар колдонулуп кетет. Айсалкын менен жаңы таанышканда мунун көңүлүн алыш мен үчүн биринчи орунда турган эмес. Алгач тегерегинде жүргөндөрдүн көңүлүн алыш керек болчу, мисалы, сиңдилеринин дегендей. Буга гүл алпарып берчү эмесмин, бирок болочок балдыздарга торт, шире сыяктууларды көтөрө барчумун. Анан алар «ии, ошол байке жакшы, сүйлөшүңүз, ошого турмушка чыгыңыз» дешип күндө мунун кулагын жешет. Менимче, ошолор эле көндүрүп койду окшойт.
– Үйдө тажабай сүйлөшкөн тема кайсы сиздерде?
Б.: – Тажабайбы?.. Келинчегимдин тажабай айткан сөзү «меш алалы, идиш-аяк алсак кантет? Килем алыш керек». 6-7 ай болсо да айта берет. Меш 20 миң сом, айлыгым да 20 миң сом болсо, анан кантип алабыз, туурабы? А мен түрдүү шылтоолорду айтып кутулам. «Эмне албай жатабыз?» деп уруш ушуга окшогон нерселерден чыгат да. Бирок ачууланбай, тамак ичип жатканда эле шашпай акырын түшүндүрүп берсең түшүнөт.
А.: – Азыр эми уулубуз Селимдин жаңы пайда болгон кылык-жоруктарын сүйлөшөбүз.
– Эркелетүү жагы кандай?
Б.: – Ош шаарындагы Жапалак деген айылга жаңы эле көчүп барган болчубуз. Бир күнү карындашым сурайт «сиз эмне, жеңемди маршруткага салганы узатып чыкканда бетинен өөп коёсузбу?» деп. «Ооба, муну баары эле жасайт го» десем, «экинчи антпей эле коюңузчу, бардык коңшулар сөз кылып жатыптыр» дейт. Айыл жеринде бул нерсе өөн учурайт да. Азыр деле жумушка баратканда, үйгө келгенде бетинен сүйүп коём. Бул жөнөкөй эле үй-бүлөлүк мамиленин бир белгиси. Ал эми «жаным, күчүгүм, мышыгым» деген сөздөр маанайга жараша айтылып калат.
А.: – Уулдуу болгондон кийин, чынында, көп эркелетпей калдым. Бакыт айтмакчы, маанайга жараша болот.
– Кимди ким көбүрөөк кызганат?
Б.: – Кызганбаган адам жок болсо керек жашоодо. Бир гана ойношуңду кызганбашың мүмкүн, өз келинчегиңди кантип кызганбайсың? Сөзсүз кызганыч болот.
А.: – Кызганыш үчүн, орусча айтканда, «повод» болушу керек да. Бизде «сен неге тигинттиң, минттиң?» деген суроо көтөрүлбөйт. Башкысы, бири-бирибизге ишенебиз. Кээде «бул жакка бара берейинчи» десем, «бара бер», «тиги жакка барайынчы» десем «бара бер» дейт, ошондо ойлоп калчумун «буга баары бир окшойт, неге унчукпайт?» деп.
– Жолдошуңуздун кайсы сапаты өзгөчө жагат жана жакпайт?
А.: – Такыр кийимин жыйнабайт. Башында курбуларымдан сурачумун, «силерде кандай?» депчи. Алар айтышчу «балалуу болгондон кийин ал адаты калат. Өзү эле бут кийимин тазалап, буюмдардын ордун издеп калат» деп. Жок, биздики калбай жатат. Ал эми чечкиндүүлүгү жагат. Бир ишти баштаса, аягына чейин чыгарат же бир пикирди карманса эч качан өзгөртпөйт. Анан ак көңүл, колу ачыктыгын баалайм.
– Сизгечи?
Б.: – Саясатчынын мүнөзү, күнүмдүк жашоо тартиби татаал болгондуктан, анча-мынча кыз-келиндер туруштук бере албайт. Кээде таңкы 4тө үйдөн чыгып кетип, анан эртеси күнкү 4тө келген учурлар болот. Ушундайда көпчүлүк айымдар «кайда кетти, туура эмес бастыбы, ойношу мененби?» деп шекшийт. Анан өзү айтып өткөндөй, мен үйгө келгенде өзүмдү ушунчалык эркин сезем. Себеби билем, батинкемди эптеп бутумдан чыгарып эле койсом, ал өз ордуна барып туруп каларын. Үстүмдөгү кийимимди эптеп жерге түшүрүп койсом, ал дагы кийим илгичке илинет. Саясатчы үчүн келинчегиңдин жакшы сапаты – сенин оюңду түшүнүп, сени менен кошо жарышып күйүнүүсү жана сүйүнүүсү.
– Уулдуу болгон мүнөттөгү сезимдер кандай болду?
Б.: – Айсалкын төрөтканада. Мен, Жоомарт Сапарбаев, Ширин Айтматова болуп азыр эле төрөп көтөрүп чыга кала тургандай сезип машинада жыргап отурабыз. Бир маалда иним «сизди врач бат кире калсын деди» деп калды. Кирсем, «өзү төрөй албайт, бала аябай чоң, салмагы 4,7 килограмм. Кесарево менен төрөтөбүз, бул кагазга кол кой» деди врач. «Экөө тең эч нерсе болбойбу?» десем, «ооба» деди. Мага ошол жетиштүү эле, кол коё салып эшикке чыгып баратсам «эй, токто, чечин бат-баттан» дейт. Анан бир мээрман айым көйнөгүмдү чечип кирди. Өзүңдү ыңгайсыз сезет экенсиң, бирөө чечинтип жатса. Анан жаткырды... Көрсө, операция жолу менен төрөткөндө баланын энеси наркоздон эсине келгенче ымыркайды атасынын көкүрөгүнө жаткырып, жанагы «метод кенгуру» дегенди жасайт экен. Баламды алып келди, 45 мүнөт көкүрөгүмө басып жаттым, эми сөз жок. Ошол 45 мүнөттөгү ойлор, тилектер, ошол маалдагы жан дүйнөңдөгү ар нерселердин күрөшүн сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Аны башынан өткөргөн адам гана билет.
– Биринчи наристеңиздин уул болушун күттүңүз беле?
Б.: – Ымыркай күтүп жатканда кызбы же уулбу, ким болсо да үйдө наристе болсо дейт экенсиң. Мурда мен тилимди тиштеп отуруп албасам дагы «абайлап жүрөйүн, жыландын куйругун тепсеп албайын» деп этияттанчумун. Азыр менде ишеним эки барабар чоңойду, өмүрүңдү тобокелге салгандан коркпой калат экенсиң. Эркекке ишеним бере турган – артындагы туягы экен.
– Ысымын ким койду?
Б.: – Ысымын чоң атасы койду. Бирок ал киши «сен өзүң депутатсың, анан өзүңө теңеп бир чоңдун атын койгондой кылбайлы» деди. Анан интернеттен издешип, Селим деген ысымды тандашты. Селим – түрктөрдүн Султан Селим деген падышасынын атынан коюлган.
Автандил Добулбеков
koom@super.kg