КОЙ (21.03-20.04)
Бир катар иштерге энергияны ашыкча сарптоого туура келип, чарчайсыз. Андыктан убакытты туура пландаңыз. Таарынышып кеткен адамдар менен тил табышасыз. Түгөйлөр ортосунда таарынышуулар келип чыгышы мүмкүн. Эмоцияга алдырбаңыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Болгон аракетиңизди жумшасаңыз, кызматтык ордуңуздан көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү бар дешет жылдыздар. Өз оюңузду гана туура деп эсептебей башкалардын оюн уксаңыз, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз. Апта ортосунда тааныш адамдар менен пикир келишпестик болуп кетиши мүмкүн. Апта соңунда жаңы таанышуулар күтүүдө.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта ичинде иштерди бүтүрүүгө убактыңыз тардык кылат. Андыктан жакындардын жардамына таяныңыз. Шаршембиде ден соолугуңузга зыян келтирип алуудан этият болуңуз. Аптанын экинчи жарымы ишкерлер үчүн ийгиликтүү болуп, макулдашуулар оң тарапка чечилет. Апта соңунда ашыкча чыгым болбоюн десеңиз, көңүл ачуучу жайлардан баш тартканыңыз оң.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын башында иш кылууда тактык керек. Болбосо ашыкча чыгымга кириптер болуу коркунучу бар. Шаршембиде таарынышып кеткен адамыңыз кечирим сурамакчы. Ишиңизде башкалардын жардамынан баш тартпаңыз. Апта соңунда чыр-чатактан алыс болуу үчүн башкалардын да кызыкчылыгын ойлоңуз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө келечек иш планыңыз үчүн эң керектүү маалыматка ээ болосуз. Шейшембиде ишиңизге жетиштүү көңүл бурбасаңыз, катачылыктар кетиши мүмкүн. Апта ортосунда өзүңүз катышпаган ишке күнөөлөнүп, укугуңузду коргоого туура келиши күтүлөт. Жума күнү капчыгыңызга киреше түшүп, апта соңунда керектүү буюм-тайым сатып аласыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бир катар иштер боюнча жолугушуулар күтүлүүдө. Шаршембиде тааныштарыңыздын сунуштарын четке какпай кулак салыңыз. Бул сиздин ийгиликке жетишиңизге өбөлгө болот. Аптанын экинчи жарымында жакын тааныштардын кимиси дос, кимиси душман экендиги аныктала турган окуяга туш болосуз. Апта соңунда алыстагы жакындарыңыздын бири конокко келиши мүмкүн.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын алгачкы күндөрүндө ишиңизде жакшы жетишкендиктериңиз үчүн мактоого арзыйсыз. Дүйшөмбүдө буюмуңузду уурдатып же жоготуп алуудан сак болуңуз. Апта ортосунда күтүүсүз өзгөчө кабар угасыз. Ошондой эле эски досуңузга кокустан кезигип кубанасыз. Аптанын экинчи жарымында жаңы таанышуулар жеке жашооңузга өзгөртүү киргизмекчи. Апта соңунда буга чейинки эмгегиңиздин үзүрүн көрөсүз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада жашоодогу жолуңузду аныктай турган чоң чечимдерди кабыл алууңузга туура келет. Андыктан жети өлчөп, бир кесүү керек. Шейшембиде документ иштеринде так болуңуз. Апта ортосунда иштериңизди бүтүрүү үчүн мамлекеттик мекемелерге баш багасыз. Апта соңунда бүтпөй калган иштериңизди аягына чыгарууга туура келет.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Максатка жетүүдө ашыкча кыялдануу тоскоолдук жаратарын эске алыңыз. Андан көрө иш билгилердин кеңешин угуп аракет кылсаңыз, ийгилик сиз тарапта болмокчу. Апта ортосу баш кошуу тууралуу сүйлөшүүлөргө ыңгайлуу күн. Апта соңунда коомдук эс алуучу жайларга барбай эле коюңуз. Чыр-чатакка аралашып калышыңыз мүмкүн.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Дүйшөмбүдө сабырдуу болсоңуз, сизге жагымсыз чырдын алдын аласыз. Шаршембиде чечим кабыл алууда шашылбаңыз, болбосо жыйынтыгы көңүлүңүздү чөгөрүшү мүмкүн. Жума күнү бир катар маселелер чечилип, жеңилдей түшөсүз. Апта соңунда таң калтырган окуянын күбөсү болосуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын алгачкы күндөрү энергияңыз мол болуп, иште ийгиликтерди жаратып алкоого татыйсыз. Ошондой эле талашып-тартышууда эмоцияны сыртка чыгарбай жеңиңиз дешет жылдыздар. Аптада чыгымдар көп болот. Бейшемби жана жума күндөрү чарба, оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүүдө жаракатка кабылбоого аракет кылыңыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын биринчи жарымында ишиңизде жакшы натыйжага жетишесиз. Шейшембиде материалдык абалыңызды жакшыртууга шарт түзүлөт. Бейшембиде алдамчылардын тузагынан сак болуңуз. Дем алыш күндөрү үй тиричилиги менен алектенип, керектүү буюм сатып аласыз.