"Таланты анын урабаган коргондой, Элеси анын өчпөй турган Чолпондой. Кыргыз элде жашап өткөн бир чыгаан, Бүгүн жатат Чат-Базарда ойгонбой" деген ыр саптары белгилүү обончу, акын, аткаруучу Марат Алыбаевге арналган. Марат агабыз 90-жылдары жылдызы жанган ырчылардын көпчүлүгүн элге тааныткан адам катары да белгилүү. Алардын катарына Алина Жетигенова, Динара Акулова, Батма Качкынова, Мерген Турган жана башкалар кирет. Обончу тирүү болгондо быйыл 9-май күнү 53 жашка толмок.
Акын Алыбаев, иниси: «БАЙКЕМ ШАШЫЛЫП ӨМҮР СҮРДҮ» – Мен байкемди көзү тирүү кезинде Марат эле дечүмүн. Кийин каза болуп калган соң гана "өзүнө неге бир да ирет Марат байке деп кайрылган жокмун?" деп өзүмдү али күнгө жемелеп келем. Экөөбүздүн ортобуз эки жаш. Эң улуубуз – Мурат байкем. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз.
Марат байкем 5 килограмм төрөлүп, бала кезинде томпоюп, толук бала болгон экен. Апамдын айтуусу боюнча, оорукчан болуп калганына бала кезинде ага көз тийгени себеп болуптур. Кичинекей кезинен тарта өмүрү оорукана менен тыгыз байланышта өттү. Үйдө жүргөнүнө караганда ооруканалап жүргөнү көп болчу. Анан да эсимде калганы, биз бала кезде үйдө бир кичинекей кыяк бар эле. Экөөбүз эртеден кечке ошону талашып калчубуз. Ата-энебиз анын талантын байкап, айына 70 сом айлык алгандарына карабай
235 сомго Германиядан келген кыпкызыл аккордеон сатып беришкен. Кыякты кере тартып жүрүп 5-класска келгенде ыр жазып, 7-классында алгачкы обонун жараткан.
Мектептин жылдызы болуп жүрүп 8-классты аяктады. Жайкы эс алуу учурунда борборго окууга тапшырганы кеткен эки классташы менен кошо шаарга кетип калыптыр. Өзү 15 эле жашта экенине карабай келип, ооруканага көрүнүп, өпкөсүнө операция жасатыптыр. Апам аны угары менен кеткен, ал кезде байланыш бир гана телеграмма менен эмес беле. Ошо менен бир айча кабарсыз болуп, бир айдан кийин муңайып, кайгырып келген. Көрсө, дарыгерлер Марат байкеме “аябай кеч келиптирсиң, эртерээк келгениңде жакшы болмок” дешип, апамды “балаңардын өмүрү дагы 20 жылга гана жетет” деп узатышкан экен. Бир өпкөсү жарабай калгандыктан, аны алып салышыптыр. Операциядан айыгып, 1976-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайдын музыкалык-хореографиялык бөлүмүндө билим ала баштады.
Марат байкем өз курагынан беш-он жылга алдыда жүрчү. Чоң балдар менен дос болуп дегендей. Ушул окуу жайда окуп жүргөндө күзүндө үйгө келиптир, Майрам жеңемдин сүрөтүн көтөрүп алып, “ата, апа, мен үйлөнөм” деп. Үйдөгүлөрдүн урушкандарына да макул болгон жок.
17 жашында үйлөнүп алды. Айта кетпесе болбос, Марат байкем жашоосунда дагы бир сүйүүнү башынан кечирди. Ал – ырчы Батма Качкыновага болгон сүйүүсү. Экөөнүн ортосунда бала болбогону менен, үй-бүлө катары жашашканы чын.
Турмушунда эрте үйлөнүп, ийгиликтерди эрте жаратып, эрте бой жетип, агам аябай шашылып жашады.
«ОН КҮНДӨ ӨЛҮП КЕЛЕМ ДЕПТИР»
– Марат байкем апам каза болгону корком деп мүрзөсүнө бир да басып барган эмес. Негедир айылга акыркы барганында "апамдын бейитине барып, куран окуйм" деди. Ошондо кайра кетип жатып менин келинчегиме “мен он күндө өлүп келем. Жакшылап узатып койгула, ээ...” деген экен. Шаарга баргандан кийин дароо Нарынга гастролго жөнөптүр. Жолдо Балыкчыда концерт коюшкан экен. Ошондо ал жакта жашаган менин биринчи келинчегим баламды байкем тарапка түртүп, "бар, чоң атаң келиптир" деп жатканын көрүп калып аябай кейиптир. Анан өзүн чакырып алып, "балам, мен азыр Нарынга баратам, келатып сени алып кетем" деген экен. Нарынга жеткиче өзүн жаман сезип баргандыктан, барары менен сапарлаштары Жаныбек Алыкулов, Алина Жетигеноваларды "силер бара бергиле, мен жатып эс албасам, кыйналып турам" деп узатып коюптур. Алар байкемди тынчыраак жатсын деп номерди сыртынан бекитип кетишип, келгенде агамдын жансыз денесин көрүшүптүр.
Майрам Абдырахманова, жубайы: «КИЧҮҮ ЭКЕНИН КИЙИН БИЛГЕМ»– Марат экөөбүз көчөдө баратып эле таанышып калганбыз. Анын менден эки жашка кичүү экенин үйлөнгөнүбүзгө бир жылдан ашканда гана билип жатпаймынбы. Үй-бүлөдө Марат камкор күйөө, баласаак ата болду. Бизди багам деп бир жылдары көп акча табуунун айласын кылып троллейбус айдап да иштеген. Бирок чыгармачылыгын таштаган жок. Кийин соода кылабыз деп чет жактан товар ташып да көрдүк, андайда балдарга оюнчук менен шоколадды басып келе бергенинен "сен соодагер боло албайт экенсиң" деп ал тармакты мен колго алгам. Экөөбүз 20 жыл чогуу жашадык. Өмүрүнүн көбү чыгармачылык менен алпурушуп жүрүп өттү. Биздин үйдө дайыма ырчылар жүрүшөр эле, үйү жогуна "биздикинде жашай бер" деп койчу. Ким болбосун, колун сунуп жардам көрсөтүп эле жүрчү.
Акыркы жолу апасынын бейитине барганда шумдуктуу окуяга туш болдук. Бейит тоонун боорунда болгондуктан, өйдө чыгып баратсак, кеч күз экенине карабай бир ак жылан алдымдан чыкты. Кадимкидей "мени артка кач" дегендей сүр көрсөттү, жеңем экөөбүз айланып өтүп кеткенбиз. Мүрзөнүн жанында отурганыбызда Марат күтүүсүз эле жерден апасынын бейитинин жанын көрсөтүп, "мына бул жерге мен жатам" деп алдынан эки метр чарчы жерди чийип койсо болобу. Аябай ыйлаган ошондо. Кайра кетип баратканыбызда жанагы жыландан качып башка жагы менен түшүп баратсак, дагы алдымдан чыкты. Бирок бул ирет башын бир аз кыйшайтып, мени жалооруп караган бойдон туруптур. Ошондон көп өтпөй Мараттан айрылып калдык. Тирүү калган адамдын жашоосу улана берет экен, анда эң кичүү балабыз Тилек 2 жашта болсо, азыр эр жетип, 19 жашка чыгып калды. Кыздарымдын экөө тең турмушта. Улуусу Бактыгүлдүн 2, кичүүсү Айжандын 3 баласы бар. Өзүмдүн да турмушка чыкканыма 6 жыл болуп калды. Жолдошумдун аты – Жоробек.
Тынай Алыбаев, ырчы: «МАРАТ АГАНЫН ШАКИРТИМИН»
– Айтылуу “Таазим” тобун түзгөн кыргыздын чыгаан уулу Марат Алыбаевди кимдер гана билишпейт. Марат агайдын акыркы шакирттеринин бири мен болуп калдым. Мага чейин А.Жетигенова, Д.Акулова, Р.Маматкулов, Б.Качкынова, А.Иманалиева, Мерген Турган, деги койчу, азыркы кыргыз эстрадасындагы төбөсү көрүнгөн ырчылардын баарын эле колдоп, чоң жардам көрсөтүп, ырчы болуп чыгышына түрткү берип келген. Азыркы тил менен айтканда, чыныгы продюсер болчу. Адам катары да даанышман, берешен, ак көңүл, боорукер жан эле. Экөөбүздүн фамилиябыз окшош болгондуктан, көптөр агаңбы деп сурап калышат. Менин атамдын аты да Марат, бирок обончу Марат Алыбаев менен тууганчылык жайыбыз жок.
Тилек Алыбаев, уулу: «АТАМДЫН МАГА ЭТ КУУРУП БЕРГЕНИ ЭСИМДЕ»
– Атам каза болгондо мен эки жарым жашта экенмин, көп деле эстей албайм. Эки-үч гана көз ирмемдер эсинде. Бирөөндө атамдын ак Жигулиси менен келатканын көрүп чуркап баратканым, анан мени машинасына салып алганы. Анан да бир ирет атам экөөбүз үйдө жалгыз калып, мага эт кууруп берген. Ошол эсимде калыптыр.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg