ЖӨН ЭЛЕ «КРАСАВЧИК» – ЖАСТИН ТИМБЕРЛЕЙК

Бул каарманыбыз дүйнөлүк шоу-бизнесте башкалардан көп кырдуу таланты менен айырмаланып турат. Аны Майкл Жексондун орун басары катары көргөндөр да жок эмес. Бүгүн "Дүйнө жылдыздарынын" төрүндө Бритни Спирс, Ферги, Кэмерон Диас сыяктуу айымдарды торго илген тармал чач "красавчик" Жастин Тимберлейк.

АЛГАЧКЫ ЖЕҢИШТЕРИ. "N`SYNC"
Жастин ырчы катары "N`Sync" тобунун солисти болуп тааныла баштаган. Топтун 1998-жылы жарык көргөн “N’Sync” деген аталыштагы дебюттук альбому популярдуулуктун туу чокусун багындырган. Ал кезде Жастин улуу муун үчүн чыныгы популярдуу музыка жараткысы келчү. Бирок топто чектөөлөр болгондуктан жеке карьерасын баштоону чечип, өз алдынча бөлүнүп кетет.


ЖЕКЕ ЫРЧЫ
2002-жылдары ал жеке ырчы катары таанылып, дүйнөлүк аренада миллиондогон күйөрман чогултууга жетишкен. “Justified” деген аталыштагы дебюттук альбому Жастинге эки "Грэмми" сыйлыгын алып келген. Таланттуулугунун артынан ал “Эмми”жана алты ирет “Грэмми” сыйлыгына татыган. Ошондой эле рэпер Нелли, Снуп Догг, Тимбалэнд, Мадонна өңдүү белгилүү инсандар менен иштешип келет.

АКТЁР
Жастин алгач чакан ролдорду ойноп тажрыйба топтоп, кийинчерээк 10 чакты тасмада негизги каармандын ролун жаратты. “Эдисон”, “Альфа Дог”, “Социалдык тармак”, “Убакыт”, “Секске айланган достук”, “Үлгүсүз мугалим” тасмалары – анын эсебиндеги ийгиликтүү ролдору. Андан сырткары "Шрек-3", “Шрек түбөлүккө” мультфильмдеринде ханзаада Артиге үн кошкон. Жакында Жастин Бен Аффлек менен чогуу режиссёр Бред Фурмандын “Чуркагыч, чуркагыч” деген тасмасында башкы каармандын ролун жаратып, күйөрмандарын сүйүнтмөкчү.


МАЧО
Миллиондо­гон кыз­дардын жүрөгүн ээлеген Жастиндин жеке жашоосунда дүйнөлүк шоу-бизнестин белгилүү ырчылары, актрисалары болгон жана болуп келет. Алгач Бритни Спирс менен мамиле куруп, үч жылдан соң экөө эки тарапка кетишкен.
Хит ырларынын бири “Көз жашка толгон дарыя” (“Cry me a river”) Бритниге арналганы тууралуу кептер тараган учурунда. Андан кийин эле Жастинди актриса Женна Деван жана ырчы айым Стейси Фергюсон (Ферги) менен байланыштыра башташты. Көп узабай 2003-жылы каарманыбыз белгилүү актриса Кэмерон Диас менен мамиле куруп, төрт жыл өтпөй кайра эки ажырым жолго түшүштү. Ошол эле жылы Жастиндин актриса Жессика Бил менен түшкөн романтикалуу сүрөттөрү интернет булактарына жайылып кетти. 31 жаштагы Жастин учурда ага турмушка чыгуу сунушун киргизгени белгилүү.

ЖЕКЕ ИШКЕР
Жастин кошумча бизнес менен да алек. Учурда “William Rast” деген аталышта өзүнүн жеке кийимдер коллекциясы бар. Андан тышкары АКШда бир нече ресторан ачкан.
Миңдеген футбол күйөрмандары сыяктуу 19-майда өтүүчү "Бавария"-"Челси" финалын күтүп жатат. Анткени ал лондондуктардын күйөрманы.


БИЙЧИ
Ритми­калык ырлар, кызыктуу дуэттер, сапаттуу клиптер...Булардын баары Жастиндин популяр­дуулугун арттырып келет. Анын ар бир ыры сөзсүз түрдө өзгөчө бийдин коштоосунда аткарылат. Концерттик кечелери укмуштуудай бийлеген бий чеберлеринин жана жеке өзүнүн аткарган бий номерлери менен коштолот. Майкл Жексондон кийин калган боштукту Жастин өзүнүн таң каларлык кооз бийлери менен ишенимдүү ээлеп, хип-хоп багытындагы бийге жаңы стиль киргизет деген үмүт бар, миллиондогон күйөрмандарында.

Назгүл Исакова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жөн эле "красавчик" - Жастин Тимберлейк
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Mika_91
2012-05-07 16:26:56
Проста люлю его :)
0
TROYA
2012-05-08 20:00:07
yy sen any suiup ne kylat ekensin emi
0
Nona
2012-05-09 04:39:52
He is really the best
0
nargiz_nargiz
2012-05-09 10:20:44
Talanti tawkindai bersin!
0
ADILET1890
2012-05-09 18:22:59
ваауу
0
AFRODITA-89
2012-05-12 19:08:32
Аябай жакшы бийлейт, талантуу ырчы.
0
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан