ПОЛ ҮЧҮН ТАКТАЙ ТҮРЛӨРҮ

Дүйнө жүзүндө дарактын 35 миңге жакын түрү өссө, алардын ичинен 300гө жакыны гана курулуш иштерине жарамдуу болуп саналат. Алардын катарына эмен, ак чечек (ясень), карагай, кызыл карагай, липа жана башка дарактар кирет. Бүгүнкү күндө пол тактайынын байыртан бери келаткан түрлөрү, технологиянын жетишкендиктери менен пайда болгон жаңы түрлөрү, алардын артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу сөз кылмакчыбыз.

ПОЛ ТАКТАЙЫ
Пол тактайы бул – кадимки эле дарактын сөңгөгүнөн тилинип даярдалган, биз көрүп-билип жүргөн тактай. Калыңдыгы – 18-42 миллиметр, туурасы – 8,5-20 сантиметр, узундугу – 90 сантиметрден 6 метрге чейин.

Артыкчылыктары:

  • Аз дегенде 30 жыл кызмат кылат. Мисалы, 20 миллиметрлик калыңдыкта болсо, анын кызмат кылуучу катмары 8-10 миллиметрди түзөт. Бул тактайды ушунча жукарганча колдонууга жарайт дегенди түшүндүрөт.
  • Оңдоп-түзөөдө кыйынчылык жаратпайт. Өз колуңуз менен оңдоп алууга мүмкүн.
  • Каалагандай түстө сырдап, лактап алсаңыз болот.
  • Экологиялык жактан таза, ден соолукка зыяны жок.
  • Үйдүн ичиндеги жылуулукту жакшы сактайт.

Кемчиликтери:
Сатып алгандан кийин 1-2 ай салкын жайда кургатууга туура келет. Сатыкка коюлган жайга келгенче бир кургатылат. Бирок жолдо жана сатуучу жайда бир калыптагы температурада сакталбагандыгынан нымдашып калат.

  • Кургатылгандан кийин бир аз ийилип, буралып калат, андыктан кайра тактайлардын бетин түздөп, жылмалап чыгуу зарыл.
  • Үй ичиндеги температура бир калыпта сакталбаса, жаракалар пайда болушу мүмкүн.
  • Нымдуулукка туруштук бере албайт. Нымдашып калса, чирий баштайт. Андыктан жуунуучу жай, даараткана сыяктуу бөлмөлөр үчүн колдонбогон оң.
  • Нымдуулуктан сактоо үчүн бир жылда бир ирет лактап, сырдап кам көрүү зарыл.
  • Өрткө туруштук бербейт, тез күйүп кетет.

Баасы: 1 кубу – 13 000-15 000 сом.

ПАРКЕТ
Паркет дарактын таза сөңгөгүнөн, катмар болуп бириктирилген, майда тилинген сөңгөктөрдөн же пресстелген кагаз, таарындылардан жасалып, төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт:

Массивдик паркет (МАССИВНЫЙ ПАРКЕТ)
Дарактын таза сөңгөгүнөн даярдалган кичине көлөмдөгү түрү. Калыңдыгы – 14-22 миллиметр, туурасы – 8-20 сантиметр жана узундугу – 60 сантиметрден 5 метрге чейин.

Артыкчылыктары:

  • 30 жылдан ашык кызмат кылат.
  • Лакталып коюлган. Лагы сыйрылып же бети чийилип калса, атайын пол жылмалоочу кичи машинанын жардамы менен жылмалап, лактап жаңыртууга мүмкүн.
  • Көлөмү кичине болгондуктан, пол салууда кыйынчылык жаратпайт жана көп жумуш күчүн талап кылбайт.
  • Оор эмеректердин буттарынын изи калбайт.
  • Экологиялык жактан таза сөңгөктөн даярдалгандыктан, ден соолукка зыяны жок.
  • Үйдүн ичиндеги жылуулукту жакшы сактайт.

Кемчиликтери:

  • Нымдуулукка туруштук бере албайт. Нымдашып калса, чирий баштайт.
  • Андыктан суулуу эмес, нымдуу чүпүрөк менен жууш керек.
  • Бөлмө ичин бир канча саат суу каптап кетсе, паркет көөп, жарактан чыгып калат.
  • Температуралык режимди сактоо зарыл. Паркет үчүн үй температурасынын оптималдык көрсөткүчү – 18-23 градус. Температура мындан төмөн же жогору болсо, акырындык менен сапатын жогото баштайт.
  • Жытты өзү сиңирип алат. Тамак-аш же май төгүлсө, дароо тазалап туруу зарыл.
  • Ысыкка туруксуз, өрт болсо тез күйүп кетет.

Баасы: 1 чарчы метри – 850-980 сом.

Паркет тактайы (ПАРКЕТНАЯ ДОСКА)

Башка тактайлардан айырмасы – 3 бөлүктөн турат. Үстүңкү бөлүгү кымбат баалуу дарактын сөңгөгүнөн даярдалган жука тактай менен капталат да, негизин арзан баадагы дарактын сөңгөгү, ал эми астыңкы бөлүгүн фанера түзөт. Калыңдыгы – 14-22 миллиметр, туурасы – 13,7-40 сантиметр жана узундугу – 1,2-3 метр.

Артыкчылыктары:

  • Орнотууда убакытты үнөмдөйт жана атайын адистин жардамысыз эле өзүңүз орнотуп, каражатты үнөмдөөгө мүмкүн.
  • Температуралык режимди бир калыпта сактоонун кереги жок.
  • Отко чыдамдуу келип, дароо күйүп кетпейт.

Кемчиликтери:

  • Үстүн жылмалап жаңыртуучу катмары 4 миллиметрди түзүп, жука болгондуктан, 30 жылга чейин гана кызмат кылат.
  • Оор эмеректердин буттарынын изи калып калат. Эмеректерди сүйрөп жылдырууда бети чийилип калат.
  • Айымдардын шиш такасы да бетин чийип, оюп, оңдоп-түзөөнү талап кылат.
  • Атайын жууп-тазалоочу каражаттар менен тазалап туруу зарыл болгондуктан, акча кетет.

Баасы: 1 чарчы метри – 1400-2000 сом.

Ламинатталган паркет тактай

Бул жасалма тактай. Үстүңкү катмары меломин же акрил чайыры менен капталат. Андан кийин жыгачтын, таштын, металлдын түсүн, килемдин сүрөтүн чагылдырган катмардан турат. Негизи (основа) ДВПдан туруп, катуулугуна жооп берет. Ал эми эң астыңкы бөлүгүнө нымдуулуктан сактоо үчүн чайыр сиңирилген кагаз жабыштырылат. Калыңдыгы –7-12 миллиметр, туурасы – 9-19,3 сантиметр жана узундугу – 1-1,4 метр.
Ламинатталган паркет тыгыздыгына жараша коммерциялык жана үй шартына ылайыктуу болуп эки түргө бөлүнөт. Канчалык тыгыз болсо, ошончо көп убакытка кызмат кылат. Тыгыздыгы сандык көрсөткүчтөр менен белгиленет. 21, 22, 23 көрсөткүчү барлар үйгө ылайыкталса, 31, 32, 33 деген көрсөткүчтөгүлөрү имараттарга ылайыкталган. Тактайдагы АС1 ден АС5ке чейинки шарттуу белгилер тактайдын үстүңкү катмарынын чыдамдуулугун көрсөтөт. Мисалы, 21, АС1 – уктоочу бөлмөгө, 22, АС1 – конок бөлмө, ашкана, иш бөлмөгө туураланса, 23, АС1– кире бериш, бал-дар бөлмөсүнө ылайыкталган. Ал эми 31, АС4 жана андан жогоркулары кеңсе, спортзал сыяктуу жайларга жарайт.
Коммерциялык түрү кеңселерге ылайыкталып, 3-15 жылга чыдайт. Үйгө колдонсо, 2-3 эсе узакка кызмат кылат. Кепилдиги 10 жыл деп сатылган ламинатталган паркеттер үйгө салынуучу гана түрү экенин билип алыңыз.

Артыкчылыктары:
Үстүңкү катмары өтө тыгыз меломин чайырынан тургандыктан, чийилбейт жана күн нуруна чыдамдуу.

  • Баасы табигый тактайларга салыштырмалуу арзан.
  • Үстүнө төгүлгөн май, тамак-аш сыяктууларды тазалоо оңой.
  • Отко чыдамдуу. Дароо күйүп кетпейт.

Кемчиликтери:

  • Кыска убакытка кызмат кылат. Үй шартындагы арзандары 2-6 жылга чейин чыдаса, коммерциялык түрү 3-6 жылга чейин жетет. Эң кымбаттары гана 7-15 жылга кызмат кылат.
  • Нымдуулукка туруштук бере албайт.
  • Көөп кетет. Андыктан төгүлгөн суу же суюктукту дароо кургатуу зарыл.
  • Ысык темир буюмдар (казан, чайнек), ысык суу көрүнүшүн жана формасын бузат.
  • Салууда тактыкты талап кылат. 1-2 миллиметр кыйшык орнотулса, колдонууга берилгенден кийин калыбы бузулуп, сапатын жоготот.


Баасы: 1 чарчы метри – 350-800 сом.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Asus84
2012-05-07 10:30:07
мм кымбат экен го паркеттер, негизи озубуздун эле 1 жазылган карагай полго жетпейт ко дейм жылуу каалашынча колдонсон болот
0
Kroxa
2012-05-18 17:18:54
да..озубуздун карагайдан отоору жок арзан жана бышык паркеттер сулуулук учун да 2- этаждын полуна ылайыктуу женил желпи эгер акчан болсо..........
0
sultan-n
2012-05-31 10:18:45
буунун да тууру коп екен биз москвада пол кактык мурда какан емес елем биз наборот кагып алып кийин кайра алып кайра кактык жаман иш коп болдуу бирок акча толоп берди кийин екен пол кагыш анан бул бири бирине орточо олтурбаса кийин кийин болот екен
0
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан