Мындан 67 жыл мурун Улуу Ата Мекендик согуш аяктап, Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттерде тынчтык орногон. 1945-жылы 9-майда кызыл аянт чоң майрамга бөлөнсө, 1965-жылы Жеңиш күнү жылнаамада кызыл түскө боёлгон. Учурда мамлекетибизде 2398 согуштун ардагери, 7500 тылда эмгектенгендер гана калды.
«ӨМҮРҮМДҮН АКЫРКЫ ДЕМИНЕ ЧЕЙИН КЫЗМАТ КЫЛАМ ДЕГЕМ» – 1941-жылы окуумду аяктап, Фрунзеге медициналык окуу жайга тапшырганга келгем. Жаман кабар бардыгына тарап, мени мурунку Улуттук Гвардияга алып кетип, окуумду уланта албай калдым. Аскерден бизди Сталинградга жөнөтүштү. Ал жактан дароо эле взводдун командири кылып коюшкан. Биздин милдетибиз Волгага немистерди киргизбөө болчу. Ошондо биз 320 миң немис аскерин жетекчиси менен кошо туткунга алдык.
– Бул деген аябай көп сан. Колго түшүрүү оңой болбосо керек?
– Колго түшүрүү гана эмес, ал кезде бардыгы оор болчу. Тамак жок, кыштын кыраан чилдесинде эптеп кийим болсо да милдетибизди аткардык. Ал эми немистерди кантип түшүргөндүгүбүздү айтсам, анда көптөгөн аскерлер курман болду, катуу жаракаттарды алышты. Менин моюнума жана көзүмө ок тийген. Ошондо 1942-жылы «согушка жарабайсың» деп Сибирге дарыланганга кетирип жиберишкен эле. Согуштун айынан мага окшогон канчалаган замандаштарым кайтпай калды.
– А согуш аяктагыча эмне кылдыңыз?
– Сибирде дарыланган соң «мекен үчүн акыркы демиме чейин кызмат кылам» деп тырышып туруп алдым. Ошондо мени Новосибирск, Омск шаарларында кичи командирлерди даярдагыч кылып жиберишкен. Анда кичине согуш басаңдап калган болчу. Баарыбыз бирге жаныбызда аябай силердей болгон жаштарга Жеңиш менен жаркын келечек алып келдик. Азыр мен бактылуумун. Согуштун гана ардагери болуп калбастан, Кыргыз жеринде да бир нече кендерди ачып, мамлекеттик сыйлыктардын ээси болдум.
«БААРЫБЫЗ КҮН-ТҮН ДЕБЕЙ ЭМГЕКТЕНДИК» Согуш күндөрү 8 жашар секелек кыз экенине карабай, таң эрте туруп талаада эмгек кылган Шааркан Кенжекулова апа азыркы учурда 82 жашка келген, балпайган байбиче. Ал кепти кан күйгөн согуш жылдарына туш келген балалыгы тууралуу баштады. Айылда көпчүлүгү фронтко кеткен маалда өзү курактуу балдар менен 40 чакырым алыстыктагы талаага барып эмгектенишчү. «Эгин тазалагыла» деп берип койгон учурларда бир мүшөктү күнү кечке отуруп алып тазалаган учурлар болгон»,- дейт ардагер. 8 баласы, 39 небереси, 6 чөбөрөсү бар апа Ат-Башыдагы Баш-Кайыңды деген айылда эмгектенген.
– Жумуштун баарын план менен аткарчубуз. Бир күндө 4-5 мүшөк машак тапшыруу биздин милдет эле. Жеңишке жетиш үчүн көп сыноолордон өттүк, эмгектендик. Мунун баары, балким, кийин көптөгөн томдон турган жомок болуп калышы мүмкүн. Бирок ошондогу жокчулук, баштан өткөн кыйынчылыктар бир гана биздей тылда эмгектенгендер же согушта кызмат өтөгөндөргө гана эмес, бардыгына сабак болушу керек. Менин атам да 40 жаш курагында фронтко кетип, кайткан жок. Ошол маалда эсибизде калганы, бир тамак, бир кийим, талаадагы эмгек жана согуш болду. Эч кандай эс алуусуз, согуш аяктагыча таң эрте талаага жөнөйбүз, чөп жыйнайбыз, буудай теребиз дегендей. Жумуш жок калды деген такыр жок эле. Кээде айылдын апаларына байпак, кийим тиккенге жардам берчүбүз. Алар тиккен кийимдерин жоокерлерге жөнөтүп турушчу. Энелердин да күнү жумуш деп жүрүп өттү. Кээде такыр жуунбай калышат. Ал кезде жуунганга убакыт кайдан табылмак эле?! Тамак, кийим деген аябай тартыш болчу. Үйдө тамак бышырганга отун, казан жок, ачка калбоонун амалын таап эмне болсо да курсакты тойгузуп, кечке иштээр элек. Үй суук, келип эле тамтыгы чыккан төшөккө жатып калчубуз.
Шааркан апа маектешип жатканда улам «өлкөдө ынтымак болсо экен» деп айтып жатты. «Ата-эне мээриминен ажыраган жаш балдарга ошол маалда бардык айыл тургундары ата-эне болчу. Сен тигинин баласысың, сен мындайсың дебей баарына тең карап, бир чымчым талканы болсо да бөлүшүшчү» деп эскерет.
Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан тартып Шааркан апа Ат-Башыдагы балдар үйүндө тарбияланат. Спортко кызыккан апа Крымга чейин барып, гимнастика боюнча эч кимди алдына салбай, дайыма 1-орунду алып кайтчу экен. Окууну аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырат. Ал жерден чет тили боюнча мугалимдик кесипке ээ болуп, Жумгал районунун айылдарында 40 жыл бою мугалим болуп эмгектенген.
Айдай Асанбекова
koom@super.kg