"Мен кыргыздын кызымын" деп ырдаган Гүлзада продюсерлүү болору менен орчундуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Дегенибиз, ырдоо стилинен тарта тырмагынын учуна чейин өзгөртүүгө киришиптир. Каныкейдин экс-продюсери Мамасадык мырзанын айтымында, Гүлзада Рыскулова эми жөн гана GULZADA болуп чыгып, өзгөчө стилдеги чыгармалары менен элди ыраазы кылмакчы. Канчалык таң калтырат, аны убакыт көрсөтөр. Гүлзаданын “Жаз” аттуу жаңы ырын
www.super.kg сайтынын Медиа-порталынан уга аласыздар.