Сахна босогосун аттаганына көп боло элек ырчы Нурмат Садыров бала кезинен берки комузда кол ойнотуу кыялын ишке ашырганы турат. Бир ишкер анын ырларын угуп, клиптерин көрүп, Нурматка колдоо көрсөтүү убадасын бериптир. Бирок бир талап менен: Нурмат жалаң комузда ырдаш керек. Азырынча шоу-бизнесте өз ордун таба электигин, жаштарга сиңимдүү болуш үчүн эстрада жаатындагы ырларды да, комузда да ырдай берерин айтат ырчы. “Аячы мени, жүрөгүм” деп сыздаган Нурмат комуздун кылдарын элдин жүрөгүнө жеткире черте алабы же жокпу, күтө туралы.