Атайдын улуттук колоритте кийинип, казактын домбрасынын коштоосунда бийлеп жатканы кейишке салат. Ушундан улам Атайдын өзүнөн "казактын домбрасын кыргыздын комузуна качан алмаштырасың?" деп сурап калдык. Бул сурообузга бийчи: “Албетте, башында шашылыш түрдө эле ылайыктуу музыка таппай, казактын домбрасынын коштоосунда бий даярдап калгам. Мыкты музыканттардан комуздун коштоосунда музыка жазып берүүсүн сурангам. Буюрса, мыкты музыка даярдалат”,- дейт.