EURO 2012: ХОРВАТИЯ

ХОРВАТИЯ

Ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1912.
Лакап аты – “Шахмат түстүүлөр”.
Башкы машыктыруучусу – Славен Билич.
Капитаны – Дарио Срна (“Шахтёр”, Украина).
Мыкты бомбардир – Рекордчу: Давор Шукер (45), учурдагылардан Эдуардо (22).
Эң көп оюн өткөргөн оюнчусу – Рекордчу: Дарио Шимич (100), учурдагылардан Йосип Шимунич (92).
Эң ири жеңиши – 7:0 эсебинде Андорраны (2006-жыл, 7-октябрь).
Эң ири жеңилүүсү – 5:1 эсебинде Англиядан (2009-жыл, 9-сентябрь).
Жетишкендиктери – 1998-жылкы мундиалдын коло медалчысы.
ФИФАнын рейтингинде 9-орунда.

ӨЖӨР ХОРВАТТАР
5 миллионго жетпеген калкы бар Хорватияны футболдук держава дегенге болбойт. Азыркы күнгө чейин анын эл аралык аренада 1998-жылдагы мундиалдын коло медалынан башка жеңиши жок. Ошентсе да 19-кылымдын соңунда Футболдук союзун түзгөн Хорватия тарыхынын үчүнчү доорун жашоодо. 1945-жылга чейин футболдук клубдар өнүккөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин хорваттар 45 жыл Югославиянын желеги астында күн көрүшсө, 1990-жылы өз алдынча болушкан. "ЕВРОдо" 1994-жылы тушоосун кесип, алгачкы жеңишине 1998-жылкы мундиалда ээ болгон (3-орун).
Хорватия курама командасы өз арбайын өзү сого баштагандан тарта тез убакытта өнүккөн. Атүгүл ФИФА аны 1994, 1998-жылдары “Жылдын ачылышы” деп тапкан. Бирок анын оюнун так мүнөздөп болбойт. Командалык оюнду мыкты өздөштүргөнү менен, өзүнө тиешелүү оюн стилин калыптандыра элек.
Хорватия дегенде 1990-жылдан бери командага эмгек сиңирген Роберт Ярни, Давор Шукер, Звонимир Бобандын ысымдары эске келет.

"ЕВРОГО" ЧЫКПАЙ ЭЛЕ КОЙСО БОЛМОК
Хорватия тандап алуу оюндарында тайпасынан Грециядан артта калып, бет келмей оюндарында Түркияны утуп чыкты. Азыр “С” тайпасынын эң алсыз командасы деп бааланууда. Акыркы кездеги деңгээлине карап балкандыктардан эч ким күчтүү атаандаштык күткөн жок. Серепчилер да хорваттар ийгилик жаралчу тайпага түшпөгөнүн айтышып, "ЕВРО-2012ге" Украина менен Польшаны көрүп кайтышат дешүүдө. Ал эми команданы 2006-жылдан бери машыктырып келген Словен Билич команда фантастикалык оюн тартуулай турганын айтат. Ага кошумча: “Биз башка 15 командадай эле саякаттап эмес, жеңиш үчүн күрөшкө баратабыз”,- дейт. Албетте, Биличтин колунда ишенимдүү оюнчулар болбосо, минтип үн чыгарат беле?
Мелдеште анын негизги ишеними чабуулдук сызыкта болот. Чабуулду ал ишенип келген Ивица Олич менен буга чейин жаракатынан улам көп ойной албай келген Эдуарду да Сильва колго алса, жарым коргонуу Дарио Срна, Нико Кранчар, Лука Модричке ишенимдүү тапшырылат. Ушундай, окурман, "Шахмат түстүүлөр" күйөрмандарын азырынча шахмат оюнундагыдай баш катырарлык абалга калтырышууда.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан