«ЛОНДОН-2012» КЕЛАТАТ. ОЙГОН, БАЛБАН, ОЙЛОН, БАЛБАН!

29-апрелде Тайванда (Кытай) күрөш боюнча "Лондон-2012" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу кезектеги мелдеш соңуна чыкты. Тилекке каршы, балбандарыбызды бул жолу да ийгилик жылоологон жок. Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыздар арасындагы эркин күрөш боюнча аттанган калың топ болгону бир жолдомону бетке жамынып кайтты. Бул жолдомо эркин күрөш боюнча 96 килограмм салмакта Могамед Мусаевге (сүрөттө) таандык. Эске салсак, кийинки мелдеш 2-6-май аралыгында Финляндияда өтөт. Ал мелдеш балбандар үчүн 2012-жылкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуучу эң акыркы мелдеш болгондуктан, аларга ойгонууну сунуштайт элек. Ансыз да “Казакстанда жана Кытайда удаа өткөн мелдештерде жолдомо утпаган кыкеңдер эми утмак беле...” дешүүдө. Эмне дейбиз, күтө туралы. “Тирүүдөн түңүлбө” дейт эмеспи... Азырынча 7 гана жолдомо болгонун кошумчалайбыз :(

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kufa
2012-05-07 16:47:55
Кудай буйруса алабыз!Аллах куч кубат берсин!
0
sambo
2012-05-08 11:15:22
Эралиев Лицензия утту азамат маалыматтарга таянсак Бегалиев менен Туменбаев коло медаль алганы менен Лондондогу олимпиада оюндарына катыша алышат экен!Эми Лондондон кыргыздын желегин желбиретишсин!
0
Mikella
2012-05-08 11:31:32
А Кобонов алды беле?
0
sambo
2012-05-10 12:10:08
Mikella, Оба алган Грек-Рим курошу боюнча 2 лицензия бар!
0
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан