АРГЫМАК АКЫЛДУУ ЧЫКСА – КОЖОЮНДУН ЫРЫСЫ

БАШ СӨЗ ОРДУНА
Нооруз майрамына карата Бишкектеги “Аккула” ат майданында ат оюндары, анын ичинде ат чабыш болгон эле. Бул күнү көпчүлүктүн көңүлү жеңүүчүгө эмес, сенсация жараткан Гламур аттуу аргымакка бурулган. Анткени жарыш маалында минип бараткан чабандеси жыгылса да, акылдуу аргымак арышын токтотпой, марага умтулган. Ээси жок күлүктү башкалар камчы менен качырып, өзүлөрүнөн ашуусуна жол бербей коюшкан. Чабармансыз аргымак байгелүү орунга илинбесе да, мара сызыгын кесип өткөн. Акылдуу жандыктын бул жоругун эл тура калып катуу сүрөөнгө алса, мелдештин уюштуруучулары анын ээси Рамазан мырзаны акча менен ыраазы кылышкан. Акылдуу жылкылар эпостордо жана тасмаларда эле эмес, биздин доордо да бар экен деп калдык. Бул кандай акылдуу жаныбар экенин билүү үчүн Рамазан Эрсаны кепке тарттык. Баарлашуу маалында Рамазан мырзанын көптөгөн аргымакка ээлик кылары белгилүү болду.

Гламур
Түсү – Күрөң.
Туулган жылы – 2008-жыл.
Бишкектен 40 чакырым алыс жайгашкан Кеңеш кыштагындагы "Этис" жылкы заводунда багылат.
Биринчи жолу Чолпон-Атадагы мелдеште өтө чоң айырмачылыкта жеңишке жеткен.

Эрса Рамазан Мацунович
Туулган жылы – 1957-жыл, 15-июль.
Туулган жери – Ысык-Ата району, Бирдик кыштагы.
Дунган элинин кулуну.
1998-жылдан бери күлүк таптайт. Үй-бүлөлүү. 3 уул, 5 кызы, 22 небереси бар. Учурда Кантта жашайт.

– Саламатсызбы, Рамазан мырза, ден соолугуңуз кандай?
– Жакшы, рахмат.

– Дароо эле келген жайыбызды айтсак, жакында жарышта чабандеси жок марага келген күлүк жайын билели дедик эле. Бул кандайча болду?
– Мм... жакшы. Чынында, бул мен үчүн күтүүсүз болду. Ал Гламур деген асый жашындагы аргымак. Гламур бул жолу адаттагыдай атаандашын чаңында калтырат деп ойлогом. Бирок чабарман жыгылганда да жарышып таң калтырды. Мындай жорукту тарыхта такыр жолуктурууга болбойт. Көп жылдан бери аргымак менен алпурушуп келсем да, буга өзүм таң калдым.

– Муну көпчүлүк акылына сыйдыра албай жатышат. Чын эле Гламур акылдуулук кылдыбы?
– Жылкы баласын баарына үйрөтсө болот, бирок чабарманы жок чуркоого үйрөтө албасаң керек. Гламур өзүнүн сапатын гана көргөздү. Анткени ал мыкты күлүк тукумунан. Менимче, ал буга чейин биринчи орундарды алып жүргөндүктөн, атаандаштарынан артта калууну же жарыштан чыгып калууну каалаган жок.

– Жылкы менен көптөн бери алектенет окшойсуз. Бул ишти качан, кандайча баштагансыз жана учурда канча күлүгүңүз бар?
– Өзүм адистигим боюнча ветеринармын. Кезинде бир чоң чарбаны көзөмөлгө алчумун. Учурда Кант шаарында турам. 1998-жылы атка болгон кызыгуумдун арты менен чакан жылкы фермасын ачкам. Мезгилдин өтүшү менен ферма жылкы заводго айланып, күлүктөрдүн саны 50дөн ашты. Азыр мага жардамдашкан бир саяпкер жана чабармандар бар. 14 жыл ичинде короодо кан жаңылануу үчүн көп эле аракет кылдык. Ирландия, Германия, Чехия жана Казакстандан жылкы алып келебиз.

– Аргымакты таптоо жана мелдешке даярдоо тартибине токтоло кетсеңиз...
– Күнүмдүк тиричиликке колдонулган ат менен күлүк атты багуунун ортосунда чоң айырма бар. Бир эле мисал, табын бузуп албоо үчүн күлүктү оор жүккө салбоо керек. Анан да жарышка түшчү аттардын ичип-жегенинин баарын ченеп берүү керек. Биздин ферма борбордук трассадан 30 чакырым алыс тоо этегинде жайгашкан. Дал ошол жерде күн сайын чаап машыктырабыз. Күн сайын ар бир аргымак үчүн аралыкты улам алыстатып турабыз. Мелдешке жакын калганда терин алып, күлүктү чыйралтабыз. Бир аргымактын үстүнөн 4-5 ай катуу иштегенден кийин анын келечегин билүүгө болот.

– Айтсаңыз, аларды чабуу үчүн жаш балдарды атайын жалдайсызбы?
– Албетте. Биздин фермада бир топ киши иштейт. Аларга жатчу жайларынан өйдө бардык шарттарды түзүп бергенбиз. Жаш бала чапса, ат жеңил чуркайт да. Негизи, күлүк менен кишинин ортосунда достук күч болот эмеспи. Ал ээсине үйүр алып калганда башкага оңой менен көнө бербейт. Ошон үчүн чабандес балдарга көндүрүүгө да убакыт бөлөбүз.

– Сиздин аттарыңыз КРнын курама командасына кирди беле? Чет жерлерге чыгып, аргымактарыңыздын күчүн текшергенсизби?
– Ооба, кирген. Жыл сайын Казакстанга күлүктөрүмдү алып барып турам. Кыргызстандан чет жерге өтө сейрек барышат. Күчүн эле текшербестен, жеңиштерге да жетишкенбиз. Жанагы биз айтып өткөн Гламурдун “байкеси” Габби Казакстандын элдик баатыры Ноорузбай баатырдын мааракесинде биринчи чыккан. Бул мелдеш Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин күбө болгону менен беделдүү деп эсептелет. Ошол жеңишибизде Назарбаев мелдештен кийин мага унаа белек кылган. Биздин аттардын атагы алыска кетти. Бизге Орусиядан, Казакстандан атайын басылмалардан келип, интервью алып кеткен учурлар болгон. Азыр да бир катар Европа өлкөлөрүнөн кишилер келип, фермабыз менен таанышып кетишет.

– Жылкы этин жебегениңиз айтпаса да түшүнүктүү. Бирок аларды сатып пайда табасызбы?
– Ооба. Мисалы, Кыргызстанда жылкы сатып иш кылуунун жолго коюлушуна салымыбыз бар деп ойлойм. Бизге ат саткыла деп атайын келгендер да бар. Маал-маалы менен короону жаңылап, аргымак сатып, кайра ордун толуктап турабыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kyrgyz-Sher
2012-05-07 17:43:40
Мындай Кулуктор жок дейт да. Биздин Аксы районунда тойлордо дайыма бир кулук бар чабандеси жок эле, марага 2-3 болуп келет. Ар бир тойдо.
0
jansezim26
2012-05-11 08:40:18
Азамат Гламур!
0
2012-06-15 15:57:14
Соз жок жылкы баласына укмуштуу корунуш
0
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан