Казакстан
«КАРА ДАЛЫ КЫЗДАРГА ҮЙ БЕРИЛСИН!»
Казакстандын депутаты Нуртай Сабильянов кара далы кыздарга үй бөлүп берүүнү сунуштады. Мажилистин өкүлү мындай сөзүн «Оңой турак жай-2020» программасынын долбоорун талкуулоодо билдирди. Анын айтымында, сунуш шайлоочулар тарабынан келип түшкөн. «Бутума туруп алайын» деп көп кыздар убагында турмушка чыкпай калышкан. Жылдар билинбей өтүп, кээ бири 40 жаштан оосо да, же үйү жок, же баласы жок. Үйү жоктугунан да, алар балалуу боло албай калышкан. Кара далы кыздар – социалдык жактан коргоого алынбаган жарандардын катмары. Буга байланыштуу аларга үй бөлүп берүүнү карап чыгышыбыз керек»,- деди Нуртай мырза.
ОРУСИЯНЫН УНААЛАРЫ ЖҮРГҮНЧҮ ТАШЫЙ АЛЫШПАЙТ
1-майдан тарта Баку шаарында орусиялык өндүрүштөн чыккан автоунаалардын такси катарында колдонулушуна тыюу салынды. Транспорт министрлиги кабарлагандай, мыйзамды бузуучуларга 100 манаттан (1 манат 63 сомдун тегерегинде) турган айып пулга жыгылат.
Бакудагы таксомотордук паркты жаңылоонун алкагында «лондондук таксилерди» (Кытайда чыгарылган ТХ4 унаалары) сатып ала башташты. Азербайжандын бийлиги 1000 «лондондук такси» алуу үчүн
26 миллион доллар коротууга даяр. Жылдын аягына чейин 3000дей «лондондук такси» Баку шаарын кыдырып калат.
Түркия
АРМИЯ «ӨЗГӨЧӨ РОЛУНАН» АЖЫРОО АЛДЫНДА
Түркиянын парламенти атайын көп партиялуу комитет түздү. Ал өлкөнүн жаңы Конституциясын иштеп чыгуу менен алектенет. Бул идеянын авторлорунун пикири боюнча, жаңы Баш мыйзам толугу менен демократиялык принциптерге баш иймекчи. Анда армияга «өзгөчө роль» берилбейт, азчылыктын, айрыкча күрддөрдүн жарандык эркиндигине коюлган чектөөлөр алынып салынат. Ошондой эле учурда Түркия парламенттик өлкө болгонуна карабастан, жаңы Конституцияда президенттик форма алдыга озуп чыгышы ыктымал дешүүдө.
Бүгүн Түркия 1982-жылы аскердик күчтөрдүн басым көрсөтүүсү менен кабыл алынган Баш мыйзам менен жашайт. Анда куралдуу күчтөргө «өзгөчө роль» берилип, кезинде керек болсо бир канча ирет өкмөттү бийликтен четтетип турган.
АКШ
АСМАН ТИРЕГЕН ИМАРАТ БИЙИКТИ БАГЫНТУУДА 2001-жылы террорчулардын колунан кулаган Бүткүл дүйнөлүк соода борборуна таандык эгиз мунаралардын ордуна "Эркиндик" мунарасы тургузулуп жатканы белгилүү. Анын бийиктиги бул аптада 387 метрге жетип, Нью-Йорктун эң бийик имараты аталды. Ошентип, жаңы асман тиреген курулуш Эмпайр-стейт-билдинг имаратынан озуп өттү. "Эркиндик" мунарасынын курулушу 2006-жылы башталып, 2013-жылдын аягында аяктайт. Долбоорго ылайык, анын бийиктиги антеннасын кошкондо 541 метрди түзөт.
Кытай
ПОЛИЦИЯ ШЕФИ “МЫКААЧЫ ХИРУРГБУ”?
Чунцин шаарынын полициясынын мурунку шефи Ван Лицзюнь адамдын органдарын мыйзамсыз, өтө мыкаачылык жолдор менен алгандыгы айтылууда. Лицзюнь 2003-2008-жылдар аралыгында партиялык катчы жана Цзинчжоу шаарынын коомдук коопсуздук бюросунун башчысы болуп турганда ал жерде психологиялык изилдөөлөр борборун түзгөн. Анда ички органдарды трансплантациялоо процессин жакшыртуу үчүн медициналык аппараттарды түрмөдө жаткандардын организми аркылуу сынап турушкан. Бирок Кытайда өлүм жазасына буюрулгандардын органдарын хирургиялык жол менен алуу кадыресе көрүнүш. Укук коргоочулар: “Экспериментти өлүмгө буюрулган эмес, диний ишениминен улам куугунтукталып, кийин абакка отургузулгандарга карата жасашкан”,- дешүүдө.
Маалымат үчүн: 1999-жылдан бери Кытай бийлиги тарабынан фалуньгун динине ишенгендер репрессияга кабылып келет. Укук коргоочулардын айтымында, алардын ичинен 3500гө чукулу кармалып, кийин түрдүү зомбулуктан улам көз жумган.