Баткен
Баткенде жергиликтүү тургундардан пара талап кылган “Ош-электр” ишканасынын кызматкери кармалды. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын негизинде чын эле пара алгандыгы аныкталды. Аталган ишкананын кызматкери карапайым жашоочулардан электр энергиясын пайдалануу эрежесин бузгандыктары үчүн акча талап кылып, аны менен ишти бүтүрө тургандыгын айткан. Кызыгы, кармалган кызматкер ишти жабуу үчүн милиция кызматкерлерине 10 миң сом акча сунуштаган. Учурда Баткен облустук ИИБинин тергөө бөлүмү КЖКнын 314-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жаткан учур.