НАРЫНДЫКТАР АРТИСТТЕРГЕ НААРАЗЫ

Нарын

Ырчы-чоорчулардын көпчүлүгү айылдарга концерт коюп келишсе, “айылдыктарга боло берет “ деген мамиле кылышат деп нааразы нарындыктар.
29-апрелде Нарын драма театрында Бекбоевдердин үй-бүлөсү “Алдыңарда үй-бүлө, абайлап эми күлгүлө” аттуу концерт беришкен. Эки жылдан бери Нарынга келе элек Бекбоевдерден катуу даярдыктагы концертти күтүп отурган эл сахна ачылары менен бир “у-уу” деп алышкан. Жасалгаланбаган сахнаны көрүп, "мейли, эми башкысы, концерт көңүлдүү өтсө экен" деп күткөн элдин ишеничи акталбаптыр. Жаңыл эже индия бийин бийлеп ары-бери тоголонуп, Токтор байкебиз бирөөнү чыгарып, далай жолу айтыла берип кызыгы кеткен тамашасы "Глобусту" аткарып, Бегимай болсо эки жаңы ырын ырдаганы концерттин негизин түздү деп Нарын эли нааразы. Буга чейин дал ушундай типтеги концертти Тата Улан марттын башында бергенин кошумчалай кетишти. "Нарынга жөн эле акча тапканы келишкенби, айтор, эмнеси болсо да ырчылар айылдыктарга боло берет дебей, жакшы даярдыкта келишсин!"- дейт жергиликтүү эл.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
saltu25
2012-05-07 11:32:22
Аииий уят эле, чындыгында жаны чыгармалары менен барышса болмок..
0
HHFRU
2012-05-07 23:48:00
Анда барбагыла концерттерине, кийинки жолу аракеттенишет.
0
Gul90
2012-05-08 10:48:00
негизи эле концертке баргым келбей калды эки уч жолу барсам баягы эле телевизордон коруп тажаган концер
0
cholpon85
2012-05-08 11:00:27
Акча табуунун аракетинде кана өз кызыкчылыктарын ойлоп барышкан го, уят!
0
nazgul8076
2012-05-08 11:40:53
Эми буларга сабак болду деп ойлойм.
0
erkumar
2012-05-08 19:39:26
Маданият министрлигиндеги Корком кенеш каякты карап журот,репертуарын карабай?
0
sniperkg
2012-05-09 13:51:45
u9t da....
0
ainura220888
2012-05-09 22:16:29
атуу баштуу эле кудулдарго кичине даярданып албаптырда
0
Shekerbek
2012-05-10 09:56:52
талант барыш керек эле да
0
aima
2012-05-12 10:58:56
Нарын эли маданиятты жакшы тушунгон эл,андыктан башка артисттерге да айтып койчу нерсе, эмкиде барсанар даярданып алып анан барсанар, эптеп-септеп концерт кое бербей
0
bemajan
2012-05-13 17:53:54
ужаско элди сыйлабагандыкта
0
Kroxa
2012-05-18 15:45:52
концертттин репертуарын карап чыгып уруксаат бериш керек жергиликтуу бийликке аренда толосо болду эчнерсесин карабайт айылдыктар кооп айтат эски программалар менен коюуп кетти акча учун барганы айдан ачык билинип турат уяаат ай артистер сахнада эле артист болгонунар жетишет жашоодо да артистсинер да элди ойлогула карапайым айылдын эли ошол акчаны аран таап барышса керек!!!
0
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан