ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТКА ЖЕТҮҮНҮН КАМЫ КӨРҮЛҮҮДӨ

Ысык-Көл

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жакынкы жылдары дүйнөлүк стандарттагы спорт комплекси пайда болот. Бул үчүн демилгечилер – “Кожош-Ата” жаштар уюмунун мүчөлөрү чуркап жүргөн маалы. Эске салсак, бул комплекстин курулушу үчүн аталган айылда 3 гектар жер бөлүнгөн. Бул жерде 21-апрелде саамалык – мелдеш, марафон уюшулуп, жаштар элдин батасын алышты. Атайын ал жерде мал союлуп, облустун губернатору, райондун акими баш болгон 3000 киши конок болду. Андан тышкары жогорку деңгээлде улуттук оюндар боюнча мелдеш өткөрүлдү. Демилгечилер "спорт комплекстин долбоору чийилип, грант утуп калсак, 3 жылдын ичинде курулуп бүтөт" дешет. Баса, спорт комплекс Ысык-Көлдөн чыккан белгилүү спорттук ишмер Таалайбек Исмаиловдун атын алмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан