Парламент тарабынан бекитилген КТРКнын Байкоочу кеңешинин алгачкы жыйынында «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов төрага болуп шайланды. Шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен өттү.
– Кылычбек мырза, биринчиден, КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланышыңыз менен куттуктайбыз. Жалпы жонунан КТРКнын бүгүнкү ишине кандай баа бересиз?
– Ар бир жумуштан кемчилик тапса болот. Анткени кандайдыр бир иштин жүрүшүндө сөзсүз кемчилик жактары чыгып турат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. "КТРКнын айрым кызматкерлери аны өзүнүн менчигиндей пайдаланышат, өз кызыкчылыгы үчүн колдонушууда" деп чыгармачыл чөйрө көп арызданат. Анан "саясий материалдарды чагылдырууда президент, өкмөт жана оппозициянын ортосундагы тең салмактуулук сакталбай жатат" деген сөздөрдү угуп жүрөм. Мунун баарын жакын арада Байкоочу кеңеште талкуулайбыз.
– Алдын ала кандай иш-пландар коюлууда?
– Байкоочу кеңештин регламентине бир аз түзөтүү иштерин жүргүзөбүз. Бирок маанилүүсү, Байкоочу кеңешке Кыргызстандын алыскы аймактарына барып, эл менен жолугушуу өткөрсөк деп сунуштайт элем. Коомдук телекөрсөтүүнүн көрүүчүлөрү – эл. 15 мүчө чогуу Бишкектен чыгып, жер-жерлерде калк менен жолугушуп, алардын КТРКга берген баасын өз ооздорунан уксак дейм. Азыр абал ушундай түзүлүп калган, бир аймактын пикири башка, ал эми экинчисинин көз карашы теңирден тескери болушу ыктымал. Анан Бишкекте отуруп алып он бешибиз он беш түрдүү элдин талабын айтсак, иш ордунан жылбайт. Аймактарды кыдырып чыгуу, элдин баасын угуу аркылуу бири-бирибизге "элдин ою мындай экен" деп далилдөөнүн муктаждыгы да жоголот. Калктын пикирине чогуу ортоктош бололу деген максат. КТРК бирөө, бирок калктын түрдүү катмарын, жашы-карысына карабай баарынын каалоосун айкалыштыра билүү керек.
– Демек, жакынкы аралыкка койгон максатыңыз – элдин үнүн угуу болот экен...
– Сурамжылоо жүргүзүп рейтинг чыгаруучу көз карандысыз уюмдар "акыркы жылдары КТРКга карата элдин ишеними мурункуга салыштырмалуу жогорулады" деп жатышат. Бирок бул жетишсиз. Азыр заман ордунда турбайт. Маалымат технологиялары күндөп-түндөп өсүп-өнүгүүдө. Анча-мынча жетишкен ийгиликтерге канааттанып отурган болбойт. Мына, жаңы телеканалдар ачылууда, интернет арышын жайып баратат. Алар да элдин ишеними үчүн күрөш жүргүзүп жатышат. Көз карандысыз телеканалдар барып отуруп КТРКнын ордун ээлеп, анын аудиториясын өзүнө тартып алышы ыктымал. Андыктан КТРК үчүн да элдин ишеними – эң биринчи максат жана сыйлык болушу керек.
КТРК чакан бир чөйрөнүн маалымат булагы болуп калбашы кажет. Андай жол менен кетсе, өзү менен өзү калып кетип, КТРКнын келечекте мааниси жок болуп, кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн гана иштеп калат.
– «КТРКнын баш директорлугуна келет экен» деген сөздөр да чыгып кетти...
– Өзүмө андай план койгон эмесмин. Ал кеп ошондой маалымат таратып жаткандардын фантазиясы.
Эльвира Караева
koom@super.kg