АТАМБАЕВ БЕРГЕН ЭРКИНДИКТИ БАБАНОВ ТАРТЫП АЛАБЫ?
2-май күнү Алмазбек Атамбаев КТРКга маек курду. Ажонун айткан ойлорунан улам өкмөт башчы экөөнүн ортосунда пикир келишпестик пайда болгону байкалып жатты.
БАШ КЕСМЕК БАР, ТИЛ КЕСМЕК ЖОК
Премьер Өмүрбек Бабанов өзүнө карата айтылып-жазылып жаткан сындардан чарчады көрүнөт, сөз эркиндигин ооздуктоо пландарын ачыкка чыгарды. Ал парламентте жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамды катаалдаштыруу демилгесин көтөрдү. Бабановдун айтымында, буга басылмаларда ушак-айыңдарга көп орун берилип, ал үчүн жоопкерчиликтин жоктугу себеп болуптур.
Бабановдун демилгеси, албетте, журналисттерге жаккан жок. Бир эмес, эки президент, эки кландык башкаруу менен чабышып, жанды оозго тиштеп жүрүп жетпедик беле, сөз эркиндигине? Анда биз эмне үчүн Баш мыйзамды өзгөрттүк? Парламенттик башкарууну эл жыргаганы үчүн тандаган эмес да, туурабы? Президенттин таасирин, бийлигин азайтып, Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ролу бекеринен күчөгөн эмес. Бири-биринин кемчилигин коркпой-этпей айтып турсун, жарабайбы, экинчисин, үчүнчүсүн кызматтан алууга күчү жетсин деген максат менен бүгүнкү абалга келдик. ЖМК чөйрөсү да алгачкы эки ажо орноткон капасынан учуп чыгып, журналисттер соңку эки жылда эркин басып, ой-пикирин ээн билдирип калышпадыбы. Же Өмүрбек мырза Атамбаев, Отунбаева же ошол эле Текебаев сыяктуу куугунтукка кабылбай, оппозицияда жүрүүнүн азабын тартпагандыгы үчүн, балким, сөз эркиндигинин баасын билбегенден улам ушундай кооптуу жана тобокел жолго баш багып жаткандыр...
“КЕТСИНИЗМдин” АРТЫ МЕНЕН КЕЛГЕНДЕР
Бабановдун калпыс кадамдары муну менен эле токтободу. Ал өткөндө Ташиев баштаган оппозициянын пикеттеринен тажаган болсо керек, “митингдерге үч жылга мораторий жарыялоо керек” деп чыкты. Алмазбек Атамбаев жогоруда берген маегинде: “Демократиялык мамлекетте митингдер – мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок митингдерден кийин революция, төңкөрүш болуп кетет деп чочулайбыз. Биз митингдерге көнүшүбүз зарыл. Европада керек болсо күн сайын митинг өтөт, эл өз иши менен алек болуп жатат”,- деп билдирди.
“Келиндин биринчи келгендегиси эстен кетпейт” деп коюшат. Анын сыңарындай, Бабанов эгерде 7-апрелде эмне менен алек болгонун эстей албаса, Атамбаев аны унута элек. Курманбек Бакиев митингдерди өткөрүү жайларын чектеп, митингчилерди "Ала-Тоо" аянтынан алыстатуунун амалын издеген. Керек болсо Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев шашылыш фонтан кура койгону кечээ жакында эле болуп өткөн окуялар эмеспи. Буга чейинки бийликтин “менин айтканымдай болот” деген өкүм зордугу, митингдердин өткөрүлүшүнө тоскоолдук көрсөтүшү, кезинде сөз эркиндигин муунткандыгы төңкөрүшкө жеткирген. Дал ушундай чектөөлөргө каршы чыгып, Апрель окуясында 100дөй эр жигит жанын бергенин, ушунча жыл туура эмес жүргүзүлүп келген саясаттын айынан Июнь окуясында жүздөгөн мекендештерибиз бейкүнөө каза тапканын эсибизге түйө жүрсөк экен.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
"Бабанов эгерде 7-апрелде эмне менен
алек болгонун эстей албаса, Атамбаев
аны унута элек" - бул соз бул жакта турган мени чыйрыктырды Бабанов хуже болсо керек деп ойлойм
Ekoonun ortosunan sary mywyk otkonbu je Amerikanyn kara mywygyby?))
бабанов жакпайт экинчи максим, атамбаев алга
Атамбаев Турсунбай бакир уулуну примьер министр кылып алса жакшы болмок.
Kyrgyzstan budun chan bolgon saiasyi tiresh menen bara jatat. Markizisimdik koz karash menen aitkanda kaichylyk bolgon jerde onvgvv boot deit, Kyrgyzdyn makaly menen aitkanda "Baatyr bolson jerdei bol, baaryn chydap kotorgon" deit. atka minerler emne bolgon kvndo da eerden ooboi oltursun. kezi kelse attan biyik itten pas bolup kalgan abaldar bolup, dagy eldin tolkunu chaipap ketpesin.
"экс-мэри Нариман Түлеев шашылыш фонтан кура койгону" деген жери жакпай калды, ал шаардык тургундарга жакшы эле болдуго е-мое...2009-жылы курдуго шашылбайле жакшынале.
Элибизди жер бакпай,митинг багып калганын ачуу чындык экенин моюнга алышыбыз керек.Аттин ай,Эмгектенип, Мээнет менен жан бакпай,айкырык куру суроон менен кун коруп калдык го.
Бобик кетсин Атамбаев алга алга атамбаев кыргыз ал алга алга
omarali, Bobik dechi, xa-xa-xa((((((
negizi bobik politikani takir tushunbogon adam korunot menimche.bizde akchasi bar adam ele kandidatin koio bermei adat bar.men silerge bir kiziktuu oku9 aitip berein.Tee sawz ubaginda bizdin aildik aksakal,chatkal toolorunda,Talaska jakin jerde mal bagip jurup,emne bolgon bilbeim kandaidair bir sebepter mn Babanovdun atasin bir nerseden kutkarip kalip jardam bergen eken.Emneden kutkargan ech kim tak bilbeit koroche unutlgus jardam beriptir.
Keche jakinda al abishkanin baldarin chekesinen alip kelip, bishkekten bir osobn9k alip uluusun inkasatorlordun chonu kilip olturguzup koiuptur.Kalgan baldarin da bir jerlerge kipchiptir toobo.korso bobiktin atasi kozu otorundo ushul oku9ni aitip ketken eken kiin da kattaship turganbi bilbeim.Bul koro albastik emes,jon gana bizdin mamleketik organdarda,mektepti kochodon butkon olkobuzdun atuuldari tipa ishtep jatkanina jinin kelet.murda ishtep jurgon adam bolso da bir jon.
akiri mindai jooptuu kizmattar mn mal bakkandin airmasi asman mn jerdei da tuurabi.ushuga okshogon adamdardi jeenimdin inisi ele,baikemdin baldizi ele,taijenemdin bolosu ele dep alip kelip olturguzup koiup,jogorku okuu jailarin butkon je bolboso chinigi jondomu bar,adamdaribiz jumushu jok orusi9da jurushot diplomun chontoko salip.Emnesi bolso da aman ele boloilu
No vse taki mi ne doljni zabivat shto politika eto dobrovolna9 rabstvo.
АЙ Бабанов менин оюм боюнча Атамбаевдын ордуна отургусу келип калган оешойт! Анын бут ишинин баары Атамбаевка каршы чыгып жатат! Мисалы Жол керени 8 сомдон 10-12 сомго которгону туздон туз Атамбаевка тийип жатат. Анткени 95% эл буга каршы экен! Ал эмес маршрутка айдагандар каршы экенин билдирип жатышат.Аларга аренданы эки эсеге кымбаттатып салышыптыр!
Москвада жашаган мигранттар а.атамбаев президент болду дегенде аябай суйундук эле эми жашообуз онолот деп.угушума караганда кыргызстанда кымбатчылык,жашоо кыйын дейт.бизди да чыгып кеткиле деп жатышат москвадан. россияда жашаган,иштеген кыргыздардын баары кыргызстанга кайтып барсак накта кыйын болот.