Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловго паспорт иштерине байланыштуу инвестициялык долбоор боюнча тендердик комиссияны жетектөөнү сунуш кылды. “Мен расмий жооп бере элекмин. Өз шартымды койдум, менимче, комиссиянын курамына Мамлекеттик каттоо кызматынын 7 өкүлү кирип алганы туура эмес. Ал жакта ИИМ, Чек ара кызматы, ММК жана бир катар коомдук уюмдардын жетекчилери болушу кажет. Бардык процесс телеканалдан көрсөтүлүшү керек. Эгер ушул талаптар аткарыла турган болсо, анда комиссияны жетектөөгө даярмын”,- дейт депутат. Өкмөттүн 100 күндүк отчёту менен Каржы полициясын жоюп жибергенин сынга алып келген "темир генералдын" Бабановдун жасаган иштерине ичи жылыбай жаткан. Балким, "сындай бербей, өзүңүз да иштеп, үлгү көрсөтүңүз" деген ой кылгандыр премьер.