Жогорку Кеңештин Илим, билим, маданият жана спорт боюнча комитети “Окуучулар үчүн нетбук” деген мыйзам долбоорун талкууга алды. Анда "NDEX Solutions" компаниясынын директору Данияр Ниязов окуучулардын нетбук менен билим алуу долбоору Португалия, Түркмөнстан, Украина, Аргентина жана Грузияда ийгиликтүү иштеп келе жатканын айтты. “Нетбукту мектепке киргизүүдөгү биринчи тапшырма – окуу материалдарын электрондук формага өткөрүү. Бардык окуу адабияттары компьютерде сакталат. А мугалим окуучу эмнени карап жатканын көзөмөлдөшү керек” деп, ошондой эле ар бир нетбуктун баасы 250-500 доллардын тегерегинде боло турганын айтты. Депутат Бөдөш Мамырова бул демилгени ишке ашырууга көп каражат кетерин белгилеп, “окуучуларды башталгыч класстан эле компьютерге үйрөтүү туура эмес” деген оюн айтса, депутат Роза Акназарова, тескерисинче, азыркы технология заманында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланыш керектигин айтты. “Биз мезгилдин агымы менен кадам ташташыбыз керек. Маалыматтык технологияларды мектептерге киргизүү керек”,- деди "республикачы" айым.