БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ: КЫРГЫЗСТАН 155-ОРУНДА

“Freedom House” Эл аралык бейөкмөт уюмунун изилдөө жыйынтыктары боюнча, Кыргызстанда басма сөз эркиндиги Кудайга шүгүр. Аталган уюм 197 өлкөгө изилдөө жүргүзүп, анда Кыргызстан 155-орунга чыккан. Демилгени уюштуруучулардын айтымында, басма сөз эркиндиги көбүрөөк деген мамлекеттерге Финляндия, Норвегия жана Швеция кирет. Ошентип, изилдөөнүн жыйынтыгы чыгып, Жер шарындагы жашоочулардын 14 пайызы гана эркин басма сөзү бар өлкөдө жашай турганы аныкталды. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Армения – 149-орун, Тажикстан – 171, Азербайжан – 172, Казакстан – 175, Беларусь – 193, Өзбекстан – 195, Түркмөнстан 196-орунда турса, акыркы орунду Түндүк Корея ээлеген. Демек, Орто Азия мамлекеттеринин ичинде Кыргызстан алдыңкы орунда. “Freedom House” уюму 1941-жылы негизделип, АКШ өкмөтү тарабынан жана кайрымдуулук фонддор тарабынан каржыланат. 1980-жылдан бери жылына бир жолу дүйнө жүзү боюнча ММКлардын эркиндиги тууралуу доклад жасап келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
TolonturCN
2012-05-08 13:51:57
Basma soz erkindigo bolgon jakshy, birok sabattu, yrattuu tvrdo, chynygy dalildin negizinde. ilimdin kvchv menen madaniattuu basma soz kochvn ulasa en soonun bolot.
0
Debi
2012-05-09 22:23:53
биздики эркин эле болмок тургай башаламан го. жакында дагы бир басылма чыкты дейт, макалалардын мазмуну учун редакция жоопкерчилик албайт деп. Мына сага эркиндик деген )))
0
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан