БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...

ЖАЛАЛ-АБАДДА 377 МУГАЛИМ ЖЕТИШПЕЙТ...

  • ТУРСУНБЕК АКУН депутат Анвар Артыков аны шизофреник деп атаганын билдирди. «Акыйкатчыны кемсинтүүгө эч кимдин укугу жок. Мен Артыковду мандатынан ажыратуу талабы менен кайрылам»,- деди Турсунбек мырза.
  • Талас районундагы аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө 100 КИЛОГРАММДАН бекер үрөндүк төө буурчак берилди.
  • Өкмөт башчы ӨМҮРБЕК БАБАНОВ 2012-жылдын 2-майынан 8-майына чейин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты.
  • Бишкекте 2-майда саат 03:55те КРнын мамлекеттик резиденциясынын дубалын МЕРСЕДЕС-БЕНЦ C-500 үлгүсүндөгү унаа сүзүп, анын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү каза болушту.
  • БШК мөөнөтү аяктаган 5 айыл өкмөттүн башчыларын шайлоону 24-майга белгиледи. Алар: Аксы районундагы Үч-Коргон, Ак-Суу районундагы Октябрь, Түп районундагы Ысык-Көл, Кара-Буура районунун Маймак жана Манас районунун Покровка айылдары. “Жалал-Абад облусу боюнча мектептерде 377 МУГАЛИМ жетишпейт”,- дейт губернатордун орун басары Жумагүл Эгембердиева.
  • 1-майда Нарындын Ат-Башы районунда белгилүү коомдук ишмер МУХТАРБЕК ӨМҮРАКУНОВДУН каза болгондугунун бир жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү.
  • Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 14-майдан 14-июнга чейин Бишкек шаарында ЫСЫК СУУ БЕРҮҮ ТОКТОТУЛАТ.
  • Кыргызстанда кечинде жана түндө бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө мектеп окуучуларына тыюу салынды. Билим берүү жана илим министри КАНАТ САДЫКОВ эгерде мектеп окуучулары мындай иш-чараларды өткөрсө, мектеп директорлору иштен алына турганын айтты.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nuris89
2012-05-11 19:08:25
emne talastan bashka jakta jok beken jakir jashagandar.
0
nuris89
2012-05-11 19:09:21
tursunbek baikebiz sottoshup jurup oo duinogo kete beret go chirkin
0
uty
2012-05-14 01:43:22
nuris89, анын башка кылаарга иши жок болсо эмне кылсын байкуш...........
0
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан