Ош
Ош шаарында КРнын УКМКсынын алдындагы чек ара аскерлигинин чек ара кызматынын айдоочуларынын урматына кайрадан калыбына келтирилген эстеликтин ачылыш аземи болду. Эскерте кетсек, бул эстелик унаа 1987-жылы Ош шаарына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана айдоочуларына арналып тургузулган. 2009-жылы бул автоунаа ордунан алынып, Коргоо министрлигинин Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн музейине коюлган болчу. Бир катар кайрылуулардын негизинде 2011-жылдын июль айында эстеликти кайра ордуна орнотуу чечими чыккан. «Бул унаанын өзү кичинекей болгону менен, тарыхы чоң жана чек аранын коопсуздугун камсыздоодогу эмгеги зор. Мындан сырткары бул эстелик Ош шаарын көркүнө чыгарып турат»,- дейт УКМКнын чек ара аскерлигинин штаб жетекчиси Рыскелди Мусаев.
Эстеликтин алдында «Чек ара ардагерлери жана жоокерлеринен Тянь-Шань жана Памирдин чек арачы автомобилисттерине» деген жазуу бар.