ТАЗА СУУ – КАРАКОЛДО «СЕЙРЕК КОНОК»

Биздин Караколго башка аймактан келгендердин чай ичкен чынынын түбүн бир карап, кайра кожоюнду бир карап калган учурлары кездешет. Дегеним, Каракол шаарында таза суу - "сейрек конок". Анда кеп ушул тууралуу болсун.

ТАМЧЫ СУУ АЛТЫН КЫПЫНЫБЫ?
Каракол шаарында суу маселеси көп жылдан бери чечилбеген көйгөйгө айланып баратат. Шаар тургундары "суубуз кир" деп жетекчилердин баарына арызданып, аларды тажашты көрүнөт. Айла жоктун кейпин кийип, крандан чыккан сууну чака-чайнектерге алып коюп, тундуруп ичүүгө аргасызбыз. Алардын катарында мен да бармын. Адатта, көп кабаттуу үйдө жашагандар нан сатып жешет эмеспи, эми караколдуктар сууну сатып алууга мажбур (коноктордон уялгандан деле ичерге сууну сатып алып коёбуз). А өлкөбүз болсо дүйнөдө таза сууга бай өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Каракол мэриясынын жетекчилигинин айтымында, шаар тургундарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2006-жылы суу тазалоочу ишкана салынып баштап, анын курулушу 2011-жылы бүткөн. 2012-жылдан суу тазаланып, тургундарга берилип баштаган. Долбоорго 320 миллион сом сарпталып, анын 90 пайызын Швейцария, 5 пайызын Каракол шаарынын мэриясы, 5 пайызын КРнын Каржы министрлиги төлөп бериптир. Ишкана ишке киргени менен, кубаныч көпкө созулбады. Суунун дагы деле таза чыкпай жатканын айтышат шаар тургундары нааразылана. Таза суу эмне үчүн чыкпай жатканын билүү үчүн суу тазалоочу ишканага барууну туура көрдүм. Чындап эле заманбап технологиялар орнотулуптур. Компьютердин жардамы менен тазаланганга чейинки суунун кир жана чыпкадан өткөн суу таза экендигин кызматкерлер мага көрсөтүп мактанышты. Ичип көрдүм. Чындап эле таза. А бирок эмне үчүн тургундар дагы деле чыпкаланбаган сууну ичип жатышат? Маселе эмнеде?

АРЫКТАРДА ДА СУУ АГЫП КАЛГЫСЫ БАРДЫР

Жооп алуу үчүн Каракол шаарын суу менен камсыз кылуу ишканасынын жетекчиси Сабыр Асаналиев менен маек курдум.

– Суу тазалоочу ишканадан таза суу чыгат экен. Эмне себептен тургундар дагы деле таза суу менен камсыз болуша элек?
– Ачыгын айтайын, Каракол шаарында суу түтүктөрү салынгандан бери алмашыла элек. Темирлерди дат басып, эскилиги жетти. Мурунку толуп калган топурак же дагы ушул сыяктуу заттар бар. Бул биринчиси. Экинчиден, кээ бир суу түтүктөрү тешилип калышы мүмкүн, ал жерлерден да кир заттар кошулат. Үчүнчүдөн, ишкана суткасына 18 миң куб суу тазалап бергенге үлгүрөт. А биз андан көп коротуп жатабыз. Мисалга, чарбак сугарабыз.Сууну үнөмдөбөй колдонуудан да ушундай маселе чыгып жатат.

– Шаардыктарды толук кандуу таза суу менен камсыз кылуу жолу барбы?
– Албетте, бар. Таза суу ишканасын куруу гранттык долбоордун биринчиси болбодубу. Буюрса, эми экинчи долбоорду ишке ашыруунун үстүндө шаар мэриясы иштеп жатат. Долбоор ишке ашып калса, шаардын суу түтүктөрүнүн бардыгы алмашылат. Азыр Кудайдан экинчи долбоор дагы ийгиликтүү болуп кетсе экен деп тилеп жатабыз. Чындап эле крандын суусун сугат катары колдонгонубуз бар. Анан кантебиз? Арыктарда суу акпайт. Быйыл Караколго 10 000 терек, 700 балаты, 100дөн ашык туя отургузулду. Анын баарын жана тургундардын чарбактарын крандын суусу менен сугарсак, таза суу ичем деп ойлобой эле коюш керек го деген ой кетет. Бирок Караколдун биринчи вице-мэри Көлбай Карасартов быйылкы жылдан тартып шаардын арыктарынан суу агызабыз деп үмүттөндүргөн. Күткөнгө көнүп калган жаныбыз эми дагы күтө туралык. Ичкен суубуз тазарып, арыктардан суу агып калгысы бардыр...

Таалайбек Илипбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kroxa
2012-05-18 16:38:10
да... бул чындык караколдо 5 кабаттуу эле уйлор ошонун крандарында кир суу агат кичинекей эле шаарыбыз бар мерия жакшы иштесе бат эле тазаланып калаар...
0
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан